8
Главная » Статьи » Материалдар » Керектүү маалыматтар

23 февралга ырлар, ата мекенди коргоо куну

Жигиттер 
Жигиттер бирде жоош, бирде тентек,
Сулуу кыздын жанында өтө элпек.
Сүйлөшүп, сырын билип 
алгандан соң,
Адат болот үйүнө күндө келмек.

Жигиттердин бири баатыр, бири 
мырза,
Мактанышат кичине эле аты чыкса.
Жасап сүйлөп, түзөп басып калышат,
Көчөдөгү кыздар сынап көзүн кысса.

Жигиттер түшүнүктүү, кээде орой,
Сынашат ким өтсө да жанын койбой.
Көчөдөн көрүп калса сулуу кызды,
Карашат, таңыркашат көзү тойбой.

Жигиттер, ай жүзүндөй сулуусуңар, 
Кыздар үчүн күндүн чачкан нурусуңар.
Эл үчүн чек арада жоокерсиңер, 
Эне үчүн асманда аппак булутсуңар. 

Эр-жигиттерге карата айтылган кыргыздын макал-лакаптарынан: 

Жигит бир сырдуу, кырк кырдуу болот.
Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
Жигитке кырк өнөр аздык кылат.
Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
Жигит өзү менсинет, жигитти ким 
теңсинет.
Жигиттин куну - жүз жылкы, ары - миң жылкы.
Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин 
сураба.
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
Жигиттин түзүн айтпайт, ишин айтат.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.

 

____________________

 

Эли жерин коргогон

Душман келсе коркпогон

Мылтык алып колуна

Душманга коздой октогон

Намысты бек сактап

 

____________________

 

Тынчтык болсун мекенимде ар дайым!
Коргоочулар амандыгын каалаймын
Душман корбой дуйно менен тендешип.
Узун болсун омурунор ылайым!

 

Категория: Керектүү маалыматтар | Добавил: Admin_site4510 (09.02.2017)
Просмотров: 142783 | Теги: Ата Мекен, Ата мекенди коргоо, куттуктоо жигиттерге, патриоттук ырлар, 23 февраль | Рейтинг: 3.8/243
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }