8
Главная » Статьи » Материалдар » Апендинин жоруктарынан

Апендинин жоруктарынан.
Апенди көчөде келатып, шаардын атактуу чоң байыүйүнүн терезесинен башын чыгарып, сырт жакты карап отурганын көрдү да, аныбайкамаксан боло:

Ак! Жүз дилде бер так.

Бирди кем берсең — албайм!— деп өтүп кетти.

Аздан кийин Апенди кайра кайтып, бай дагы эле баягыкалыпта отурганын көрүп:

Ак! Жүз дилде бер так.

Бирди кем берсен.— албайм!— деп дагы өттү.

«Бул өз сөзүндө канчалык бекем турганын жакшылапбир сынайын» деп ойлоду да, бай токсон тогуз дилдени баштыкка салып, бекембайлап, терезенин түбүндөгү ичке жолдун дал таманына таштап койду.

Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең —албайм!—деп үчүнчү ирет өтүп бараткан Апенди баштыкты колуна алып, ошол жердөотуруп бардыгын санап:

— Ичиндеги дилдеси токсон тогуз экен, жибекбаштык — бир дилде, кудай мага туптуура жүздү бериптир,— деди да, эми түз элеүйүн карай басты.

Бай шашкан бойдон жүгүрүп чыгып:

— Апенди! Токто! Мунуң болбойт: сен кудайдан жүзжилде сурагансың, а мен сени жөн гана сынамак үчүн токсон тогузду таштап, өзүмтерезеден карап отур-дум. Бер акчамды,— деп Апендинин жолун тосуп тура калды.

— Бербейм! Акчаны мен кудайдан алдым. Сенден акчасурамак тургай өзүңдү көргөн да жокмун. Тоспо жолду! Азыр базардан бир козуалып, союп, өлгөндергө куран окутам,— деп Апенди жулунган бойдон кете берди.

Бай акидей асылып, мунун артынан калбай жүрүпотуруп, акыры Апендинин үйүнө жетишти.

— Ушинтип эле бербейсиңби? — деп сурады бай,тажап бүткөндөн кийин.

— Ушинтип эле бербейм.

— Эмесе казыга баралы.

— Казыга да барбайм. 

— Неге барбайсың? 

— Чапаным жаман. Муну менен казынын көзүнө кантипкөрүнөм? — деп Апенди үстүндөгү жаман чапандын айрыгын ого бетер чоңойтуп айрыпкойду. 

— Эмесе меникин кий. Мен жолдо үйүмө кирип, бөлөкчапанды кием,— деп бай шайы чапанын чечип, Апендинин үстүнө жаба салды.

Апенди аны кийип, этек-жеңин карап, сылап-сыйпап, анан жайланып отуруп алды.

— Бул эмне кылганың? Жүрбөйсүңбү казыга! — дедибосогого барып калган бай кайра кайрылып.

— Кантип жөө жүрөм?

— «Кантип» дегени кандай? Басып жүрөсүң да.

— Жо — ок... Басып жүрө албайм. Бутум ооруйт. Алэми казынын үйү абдан алыс эмеспи.

— Менин сарайымда бир эмес, беш эшек байланыптурат. Экөөбүз андан эки эшекти тандап минип, казыга бат эле жетебиз.

— Мына ушинтип айтпайсыңбы. .. Эмесе болуптур.Апенди бай менен кошо мунун үйүнө келип, экөө эки эшекти тандап минип, байайткандай, казыга бат эле барышты.

Казынын алдына чөк түшүп отургандан кийин,биринчи сөздү бай айтып өттү.

— Кана эми, сен эмне айтасың, Апенди? — дедиказы.

— Бул кишинин сезүнө эч ишенбеңиз... Менинайтарым ушул, таксыр.

— Неге?

— Өмүрү калп сүйлөйт. Чын айткан бир сөзү жок.

— Кантип?

— Сиз калыс болуп карап отуруңуз: эми бул менкийип турган жалгыз чапанымды да «меники» дейт.

— Меники эмей кимдики? «Чапаным жаман» дегениңүчүн кийгизбедимби! — деп бай ачууланып тура калды.

Көрдүңөрбү, мунусу аз келгенсип, эми бул менинминип келген эшегимди кошо талашат, бирок өзүңүз билип калыс өкүм кылыңыз,таксыр. 

Апенди казынын алдына баш ийип, колун куушурганбойдон отура берди.

Байдын чый-пыйы чыгып:

— Аны талашып эмне кылам? Эшек ансыз да меники.Жөө жүрө албаганың үчүн мен мингизбедимби! —деп калч-калч эткен колу Апендининүстүндөгү чапанга жармашты.

— Тарт колуңду! — деди казы, байга акырая карап.— Сен эмне, казыны макоо деп ойлоп, калыстык жолдон тайгызмаксыңбы? Өзүң көчөгөтоксон тогуз дилде таштап, аны кайра доолап, акчаңды бербей жаткан кишининүстүнө чапан кийгизип, астына эшек мингизип, анан казыга арызданып келетимишсиң. .. Калп мунуң! Калп тургай, казыны шылдың кылганы үчүн бул киши камаккаалынсын, минип келген эшеги мындан ыза көргөн казынын пайдасына калсын. А сен,Апенди, эшегиңе мин да үйүңө кайт! — деди казы.

Ошону менен Апенди акчалуу болуп, үстүнө чапанкийип, астына эшек минип, үйүнө кайтты да, бай экинчи эшегинен кошо ажырап, өзүкамакта калды.
Категория: Апендинин жоруктарынан | Добавил: VIP (14.03.2014)
Просмотров: 890 | Теги: Жоорук, Апенди | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }