8
Главная » Статьи » Материалдар » Апендинин жоруктарынан

Апендинин жоруктарынан
Апендиге бир жолдошу чуркап келип, күйүккѳн демин араң басып: Тээтиги иттен коркуп, жүрѳгүм түшүп калды,-дейт. Апенди анда: камыраба, азыр жүрѳгүңдү алып келип берем,-дептир. 

Мугалим Апендиден: -Тѳрттѳн тѳрттү алса канча калат?-деп сурайт. Апенди билбей коет. Мугалим: Кел анда экѳѳбүз биргелешип чыгаралы. Сенин чѳнтѳгүңдѳ тѳрт тыйын бар эле, тѳртѳѳ тең түшүп калды дейли, канчасы калды?-дейт мугалим Апендиге жан тарта. Чѳнтѳгүмдүн тешиги эле,-дейт шашып Апенди. 




-Эшикке калың кийинип чыксаңчы, суук тийип жүрбѳсүн,-дейт апасы. –Жок, апаке. Суук тийбейт, мен ага тийишпейм да,-дептир Апенди. 




Апенди үйүнѳ келсе, үйүндѳ бир тааныбаган чоочун киши отуруптур. 

-Сен кимсиң?-дейт Апенди андан.

-Кудайдын жээнимин-деп, жооп айтат тиги.

-Жээни болсоң, жүр-деп, Апенди аны ээрчитип барып, мечитке кийрип коет да мындай дейт,-таякеңин үйү ушул.



Апендиден «Ай жакшыбы, же күн жакшыбы?» деп сурашат. Албетте ай,-дейт ал. Эмне үчүн , десе, эмне үчүн дегенде Күн ансыз да жарык турган күндү күндүз жарык кылат, а Ай болсо түндү жарык кылат,-дептир. 




Апендиден бирѳѳ сураптыр: 

-Ай жаңырганда эски ай кайда кетет?-деп. 

-Оо макоо! Ошого да башың жетпейби? -дептир Апенди анда. –Эски айды туурап-туурап туруп, жылдыз кылып чачып ийишиет. 




-Эмне үчүн Ысык-Кѳл туздуу?-деп, Апендиден сурашса, Апенди айткан тура: -Туз сээп турбаса, балыктар сасып кетет да,-деп. 




Апендини шакабаламакчы болуп, бир теңтушу мындай дептир: -Апенди, кудай уруп, чычкан жутуп ийдим. Кантсем кутулам? 

-Артынан тирүү мышык жутуп жибер,-деген экен Апенди анда.
Категория: Апендинин жоруктарынан | Добавил: VIP (08.03.2014) | Автор: Апенди,Кыргызча
Просмотров: 2246 | Теги: Апендинин жоруктары | Рейтинг: 2.1/14
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }