8
Главная » 2015 » Сентябрь » 4 » ЖКК кызматкерлери өз унааларын кызматтык унаа катары пайдалана баштайт
11:41
ЖКК кызматкерлери өз унааларын кызматтык унаа катары пайдалана баштайт

Мындан ары Жол кайгуул кызматкерлери өз унааларын кызматтык унаа катары пайдалана баштайт. Мындай буйрукту ЖКК жетекчиси Сергей Дьяченко кабыл алды деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы. Кабарлоого ылайык, учурда кызматтык унаалар жетишсиз. Ага байланыштуу эми кызматкерлер өздүк унааларын атайын жабдыктар менен камсыз кылса гана, аны кызматтык унаа катары пайдалана алат. Ошондой эле ар бир унаага "MVD" деген серия менен мамлекеттик номер берилип, тиешелүү документтер толтурулат. Андан соң атайын келишимдер түзүлөт да, кызмат өтөө графиги Жол кайгуул кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Эсиңиздерге салсак, 2012-жылы ЖККнын кызматкерлерине жеке менчик унааларды кызматтык унаа катары пайдаланууга тыюу салынган эле.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 783 | Добавил: VIP | Теги: ЖКК Кыргызстан | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }