8
Главная » 2015 » Октябрь » 18 » Түркия. Жардырууда каза болгондордун жакындарына өмүр бою пособие төлөнөт
09:43
Түркия. Жардырууда каза болгондордун жакындарына өмүр бою пособие төлөнөт

Түркияда ушул жылдын 10-октябрында болгон жардырууда каза болгондордун жакындарына өкмөт өмүр бою пособие төлөп берет. Компенсациянын жалпы суммасы 29 миң 79 түрк лирине барабар болуп, ал 99 бүлөгө ыйгарылат. Мындан тышкары каза тапкандардын жакындарына ай сайын 789 лир өлчөмүндө кошумча пособие берип турулат. Ал эми жараат алгандардын үй-бүлөсүнө жаракатына карап, ай сайын 473 лирден 789 лирге чейин пособие төлөнмөкчү.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Түркиянын борбордук аянтында чоң жардыруу жүз берген. Анда каза тапкандардын саны бүгүнкү күнү 102 кишиге жетсе, жабыркагандар 89. Түрк бийлиги мунун артында ИЛИМ (Ирак, Левант өлкөлөрүнүн Ислам Мамлекети) турат деп эсептейт. 

Категория: Кырсык | Просмотров: 2182 | Добавил: VIP | Рейтинг: 3.0/3
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }