8
Главная » 2015 » Октябрь » 18 » Түркия өз аба мейкиндигин бузган белгисиз учакты атып түшүрдү
09:39
Түркия өз аба мейкиндигин бузган белгисиз учакты атып түшүрдү

Түркия Сирия менен чектеш аймакта түрк аба мейкиндигин бузган учакты атып түшүрдү. Түрк расмийлеринин берген маалыматына ылайык, атып түшүрүлгөн учак башкаруусуз (беспилотник) болгон. Түркиянын Башкы штабынан маалымдашкандай, учакка үч ирет эскертүү берилген жана ага жооп болгон эмес. Учурда башкаруусуз учак кимге таандык экени белгисиз жана тактоо иштери башталды. Ал эми Орусиянын Коргоо министирлиги аларга тиешелүү бардык учактар базага кайтышканын жана алар пландоо режиминде экенин билдирди. 

Эскерте кетсек, октябрь айында орусиялык учактар эки жолу Түркиянын аба мейкиндигин бузуп, эскертүү алышкан эле. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2175 | Добавил: VIP | Рейтинг: 4.5/2
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }