8
Главная » 2014 » Октябрь » 22 » Швецияда жарандар төлөмдөрдү эми "алаканы" аркылуу төлөшөт
18:03
Швецияда жарандар төлөмдөрдү эми "алаканы" аркылуу төлөшөт
Швециянын жарандары эми төлөмдөрдү алаканындагы атайын системанын жардамында төлөп көрүшмөкчү. Негиздөөчүлөрдүн пикиринде бул ыкма тоноочулукка жана алдамчылыкка тосук болушу ыктымал. Атуулдардын венасын алаканынан сканирлөөдөн кийин алар төлөмдөрдү алаканындагы баскычтар аркылуу баскылап, жүргүзө алышат. Учурда 1000ден ашык адам сыноо стадиясына жазылды деп маалымдайт Daily Mail. Ошондой эле бул ыкма өлкөдөгү 15 тен ашык дүкөн жана ресторандарга жайгаштырылган. Адамдын алакан тарабынан өтүүчү вена тамыры ар бир кишиде индивидуалдуу. Ошол себепке таянуу менен негиздөөчүлөр тоноочулардын эч бир "шансы" калбады деген пикирде. Алардын айтымында бул ыкма кийинчерек дүйнө боюнча ишке салынуусу мүмкүн. Алаканы менен төлөм кылгысы келген киши ресторан же дүкөндөн 3 жолу венасын сканирлөөсү керек. Андан кийин андан телефон номери такталып, активдештирүү сунушун жеткирүүчү билдирүү түз эле телефон номерге келип түшөт.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 623 | Добавил: VIP | Теги: швеция | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }