8
Главная » 2015 » Сентябрь » 10 » Шайлоодогу үгүт иштеринин эсебинен КТРК карызынан толук кутулду
13:40
Шайлоодогу үгүт иштеринин эсебинен КТРК карызынан толук кутулду

 Күздө өтүүчү Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринин эсебинен өткөн аптада КТРК карыздарын толук төлөп бүттү. Бул тууралуу аталган телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазды. "КТРКнын тышкы жана ички карыздарынын баардыгы жабылып, мындан ары болгон каражаттын бардыгы толугу менен өнүгүү иштерине жумшалмакчы деп билдирип кетем. Бул бизге абдан чоң жетишкендиктердин бири болуп, ийинибизден чоң ташты оодарып түшкөндөй сезилип, кубанып турган кезибиз",-дейт Карыпбеков. 

Эскерте кетсек, КТРКнын карыз болуу маалы 2014-жылдан тарта өнүгүп отурган. 2013-2014-жылдар аралыгында телеканал Европа телеберүү биримдиги (ЕББ) менен спутниктик сигнал берүү кызматын көрсөтүү боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде тиешелүү төлөмдөрдү маалында төлөп турган. Бирок 2014-жылдын башынан баштап (2015-жылдын март айына чейин) ар-кандай объективдүү жана субъективдүү себептерден улам ЕББ тарабынан көрсөтүлгөн кызматка акча төлөнбөй, карыз көбөйүп кеткен. Ошентип 2015-жылдын март айында ЕББга КТРКнын карызынын көлөмү 83 000 АКШ долларына жеткен эле.

Просмотров: 212 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0