8
Главная » 2015 » Сентябрь » 10 » Орусиялык оппозиционер, маркум Немцовго АКШнын "Эркиндик үчүн" сыйлыгы ыйгарылды
13:28
Орусиялык оппозиционер, маркум Немцовго АКШнын "Эркиндик үчүн" сыйлыгы ыйгарылды

Американын "Эркиндик үчүн-2015" сыйлыгы орус оппозиционери, маркум Борис Немцовго ыйгарылды. Сыйлык "Орусиянын эркиндигин калыптандыруу үчүн арнаган каны үчүн" деп мүнөздөлдү. Азем Вашингтон Эл аралык институтунда өтүп, ушул жылдын февралында атып өлтүрүлгөн саясатчынын сыйлыгы Немцовтун жакын досу, ПАРНАС саясий партиясынын төрагасынын орун басары, журналист Владимир Кара-Мурзага тапшырылды. Белекти ыйгаруу Институттун жетекчилер кеңешинин төрагасынын атынан сенатор Жон Маккейнге милдеттендирилди. Аземде сөз сүйлөгөн Кара-Мурза Борис Немцовту Орусиядагы "аппак карга" деп атады. Эскерте кетсек, АКШ Немцовко наам ыйгарган биринчи өлкө эмес. Буга чейин Украина да ага "Эркиндик" сыйлыгын ыйгарган. 

Кошумча: Борис Немцов 1959-жылы 9-октябрда Сочи шаарында туулган. Москванын ортосундагы Замоскворец көпүрөсүндө украиналык айым менен сейилдеп жүргөн Борис Немцов белгисиз бирөөлөр тарабынан (27-февралдан 28-февралга оогон түнү) атып өлтүрүлгөн. Орусияда көрүнүктүү оппозиционер болууга жетишкен ал 2015-жылдын 3-мартында Троекуров көрүстөнүнө коюлган. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 692 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }