8
Главная » 2015 » Сентябрь » 4 » Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүү үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом бөлүндү
12:38
Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүү үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом бөлүндү

Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүү үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн, 2016-жылга бюджеттин долбоору боюнча талкуунун жүрүшүндө айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Сунушталган мыйзам долбооруна мугалимдердин, мамлекеттик кызматчы эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу тууралуу программа киргизилген. Ага ылайык,

- мугалимдердин маянасын жогорулатууга 6,6 млрд. сом;

- мамлекеттик кызматчы эместердин маянасын көбөйтүүгө 1 млрд. сом;

- кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин (КТК, ТТК) эмгек акысын жогорулатууга 541,2 млн. сом;

- мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасына 174 млн сом;

- чек аранын жанындагы аймактарды өнүктүрүүгө 100 млн сом;

- айыл чарбасын каржылоо боюнча долбоордун алкагында коммерциялык банктардын пайыздык ченин субсидиялоого 400 млн сом каралган.

Категория: Экономика | Просмотров: 750 | Добавил: VIP | Теги: Зарплата учителей Кыргызстана | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }