8
Главная » 2014 » Июль » 3 » Кыргызстандан Сириядагы согушчандарга кошулган кыз-келиндердин саны өстү.
20:59
Кыргызстандан Сириядагы согушчандарга кошулган кыз-келиндердин саны өстү.

Сирияга жихадка кетип, куралдуу топторго кошулуп жаткан кыргыз кыз-келиндердин саны өстү. Дагы 10 чакты кыргыз кыздар Сириянын куралдуу топторуна кошулуп кеткен. Бул туралуу Ички иштер Министирлигинин 10-негизги башкармалыгынын башчысы  Рыскулбек Жапаркулов маалымат жыйынында билдирди. "Сириядагы согуштук аракеттери бар топторго кошулуп кеткендердин саны учурда кескин өстү. Азыркы кезге келип алардын саны болжол менен 80ди түзөт. Алардын 10ну аялдар болуп саналат",-дейт Жапаркулов.  

2014-жылга карата Сирияга чакыруу, үгүттөө жүргүзүү боюнча 15 факты катталган. Сириядан тышкары Афганистан жана Пакистанга да чакыруулар фактылары катталган. Бирок алардын 8ине гана кылмыш ишин козголуп, кылмышкерлер табылган. Ал эми калган кылмыш иштерине тиешелүү багытта иликтөөлөр уланууда. 

 

Маалымат булагы: Эркиндик

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 1221 | Добавил: VIP | Теги: кыздар согуш. снайпер, согуш, сирия | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }