8
Главная » 2014 » Октябрь » 7 » "Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү
14:49
"Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү
Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу америкалык "Variety" журналы кечээ, 6-октябрда жазып чыкты. Тасма "Мыкты чет элдик тасма" категориясы боюнча көрсөтүлгөн. Аталган категория боюнча Кытайдан "Булбул" жана Франциядан "Көпөлөк" фильмдери да көрсөтүлгөн. Тизмеде негизинен жети фильм көрсөтүлөт. Акыркы такталган тизме 2015-жылдын 15-январында белгилүү болот. Эске салсак, тасма мамлекеттин эсебинен каржыланып, ага 3 жылга жакын убакыт кеткен. Ош, Алай, Жети-Өгүз, Талас жана Көк-Мойнок аттуу жайларда тартылган фильмде жалпысынан 700дөн ашык киши катышкан. Ал эми америкалык киноакадемиянын сыйлыгын тапшыруу аземи 2015-жылдын 22-февралында өтөт.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 834 | Добавил: VIP | Рейтинг: 3.7/3
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }