8
Главная » 2015 » Апрель » 21 » Казакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык 14 киши каза болду
13:53
Казакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык 14 киши каза болду

ӨКМдин билдиргенине караганда, кичиавтобус Бишкектен Түштүк Казакстан аймагына сапар алып, ичинде айдоочу менен 3 баланы кошкондо 19 адам болгон.

Жекшемби күнү эртең менен ири жол кырсыгынан кыргызстандык 14 адам курман болуп, бир тобу күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт. 

Кырсык Жамбыл облусуна караштуу Моюнкум аймагында Алматы — Екатеринбург унаа жолунун 487-чакырымында болгон. «Газель-2705» жүк машинасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кичиавтобус кагышып кеткен. 


ӨКМдин билдиргенине караганда, кичиавтобус Бишкектен Түштүк Казакстан дубанына сапар алып, ичинде айдоочу менен 3 баланы кошкондо 19 адам бар болчу. Кырсыктын айынан эки машина тең өрттөнүп кеткен. Түшкү саат бирлерде өрт өчүрүлүп, ал жерден 14 сөөк табылган. Алар “Газелдин” айдоочусу жана кичи автобустун 13 жүргүнчүсү деген маалыматтар айтылууда. Дагы бир жүргүнчү Караганды облусунун Приозерск шаарынын ооруканасында көз жумду. Кырсык болгон жерден аталган шаардын ооруканасына “Тез жардам” менен алты адам жеткирилген. 

Казакстандын ӨКМинин билдиргенине караганда, кырсыкка кабылып, каза болгон кичиавтобустун жүргүнчүлөрү — Кыргызстандын жарандары. 

Кырсыктан каза болгондор:

 

Аббас Оринбаев 2008-жылы туулган;
Аброриддин Оринбаев2006-жылы туулган;
Хадичахон Оринбаева 2003-жылы туулган;
Гавхарай Оринбаева 1981-жылы туулган;
Мавжуда ОринбаеваХамидовна 1953-жылы туулган;
Абдисамат ЭрашиевТоктасинович 1974-жылы туулган;
Ерлан Арыскулов 1992 —жылы туулган (ооруканада көз жумду).
 

Каза болгон калган жүргүнчүлөрдүн ким экени, аты-жөнү такталууда.

Приозерск шаарындагы ооруканага жеткирилгендер:

 

Токтарбаев Темирлан 1971--жылы туулган;
Сайкоев Максатбек 1985-жылы туулган;
Сейтбеков Тайырбек 1971-жылы туулган;
Даурешов Рустамбек;
Мейрамбек Самат – 1993--жылы туулган;

 

Категория: Кырсык | Просмотров: 843 | Добавил: VIP | Теги: ичинде айдоочу менен 3 баланы кошко, кичиавтобус Бишкектен Түштүк Казакс, ӨКМдин билдиргенине караганда | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }