8
Главная » 2016 » Август » 30 » Германияда 16 жаштагы кыз террорчулукка айыпталууда
23:29
Германияда 16 жаштагы кыз террорчулукка айыпталууда

Немис прокуратурасы адам өлтүрүүгө аракет кылып жана террордук уюмдарды колдогон деп 16 жаштагы кызга расмий түрдө айып такты.

Бийликтин билдирүүсүнө караганда, февралда Сафья С. аттуу кыз Ганноверде полициячыны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун атынан жарадар кылган. Германия жана Марокко жарандары кылмыш болгон жерде кармалган.

Прокуратуранын божомолу боюнча Сафья С. январда Стамбулга барып, Германияда кол салууну ишке ашыруу үчүн ИМ тобунан нускама алган. Ал кайра келип, экстремисттер менен онлайн түрүндө байланышка чыккан жана терактты пландоого жардам сураган.

Мындан тышкары сирия тектүү 19 жаштагы жаш жигитке кылмышты болтурбай коюууга аракет жасабагандыгы үчүн айып тагылды. Мохамад Хасан К. аттуу улан Сафья Германияда кол салуу уюштурууну көздөгөнүн билгендиги үчүн камакта жатат.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2277 | Добавил: VIP | Теги: террорчулукка, 16 жаштагы кыз, айыпталууда, Германияда | Рейтинг: 1.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }