8
Главная » 2015 » Апрель » 21 » Доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн
13:47
Доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн

Экономисттер доллардын наркынын төмөндөшү орус рублинин күчтөнүшү менен байланыштуу экенин айтышууда.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүндүгүн экономист Кубанычбек Идинов Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Өткөн жумадан баштап доллардын курсу төмөндөп баштаган. Анын курсу 3-4 сомго чейин түшүп кетти. Учурда коммерциялык банктар бир АКШ долларын 59 сомдон сатып алып, 61 сомдон сатууда. Акча алмаштыруу жайлары долларды 59 сомдон алып, 59,6 сомдон сатып жатышат.

Идиновдун айтымында, акыркы убакта орус рублинин күчтөнүшү АКШ долларынын арзандашын шарттап жатат.

"Кыргызстан бул статистикадан түздөн-түз көз каранды, анткени Кыргызстандын 70 пайыз товар айлануусу Россия менен байланыштуу", — деди ал.

Идинов ошондой эле, валюта рыногундагы абалга акырындык менен өсүп жаткан дүйнөлүк нефтинин баасы да таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

"Эгер доллардын наркы 45 рублге чейин түшсө, мындай төмөндөөнү Кыргызстандын валюта рыногунда да байкоого болот", — дейт Идинов.


"Азыр жана мындан ары да туристтердин агымы көбөйөт, алардын акчасы да Кыргызстандын валюта рыногундагы абалгы түздөн-түз таасир бериши мүмкүн. Муну убактылуу төмөндөө деп айтса болот", — дейт Алимбеков.

Экономисттин айтымында, Улуттук банк доллар менен сомду көзөмөлгө алуусу керек. Анткени, чет элдик валюталардын көтөрүлүп-түшүшү республиканын экономикасына терс таасир бериши мүмкүн.

 

Sputnik Кыргызстан

Категория: Экономика | Просмотров: 795 | Добавил: VIP | Теги: 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дол, Экономисттер доллардын наркынын төм | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }