8
Главная » 2014 » Июль » 3 » Дүйнөдө интернет колдонуучуларынын 61,5 % адамдар эмес, компьютердик робот-программалар түзөт.
21:07
Дүйнөдө интернет колдонуучуларынын 61,5 % адамдар эмес, компьютердик робот-программалар түзөт.

Биздин интернетте кантип алдашат? Адамдар адамдын дал өзүндөй болуп иштөөчү "акылдуу машинелер" жөнүндө кыялданышчу эмес беле? Кубана берсе болот, анткени ошондой "акылдуу машинелер" азыр биздин арабызда бар...

Мындай "акылдууларды" "бот" деп коюшат, "бот" сөзү "робот" сөзүнүн кыскартылып айтылышы. Роботтор ар кандай чаттарда бир өздүктүн кейпин кийип алып жүрө беришет. Кээде сизге интернеттеги маектешиңиз шайыр, кээде мээримдүү, кээде өтөт эле боорукер сезилиши мүмкүн. "Роботко" баарыбир, анын эң башкы максаты - өзүнүн адам экенине сизди ишендирүү. Эгер сиз убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн интернетте өткөргөн адам болсоңуз, анда сиз дагы компьютердин роботуна-акылдуу программасына алданып калган болууңуз толук ыктымал. 

Ушул жылдын июнь айында Орусияда иштеп чыгарылган чат-робот британиялык информатиканын пионери Алана Тьюринг тарабынан атайын тесттен өткөрүлдү. Анда компьютердик чат-роботтун жасалма интеллектти сыналмак.  "Евгений Густман" атындагы роб-программа 13-жаштагы украиналык баланын кейпин кийип дүйнөгө белгилүү тесттен өттү. Анын жыйынтыгында чат-робот берилген бардык суроолорго таң калтыруу менен жооп берди. Экрандын ары жагындагы адам аны 13 жаштагы бала деп ойлобойт эле. Өтө жогору пайызда ишендире алган робот дүйнөдөгү эң эле ишеничтүү деген тестти жокко чыгарды. Бул - жасалма интеллекттин болушу мүмкүн экенини дагы бир далил болуп берди. 

Баарынан кызыгы алар реалдуу жашоодо бар адамдай жүрө алышат. Керек болсо түрдүү конкурстар дагы аларга чектөө коё албайт. Анткени алардын кайсыдыр бири өтө акылдуу келип, коомдогу талкууларга беймарал аралаша алат. Керек болсо коомчулуктун пикирине да кеңири тиеше бере алышы ыктымал. Алар көп, аябай көп.

Биз интернеттеги адамдардын баарын жашоодогу кадимки адамдар деп элестетебиз. Жогорудагы изилдөө аны толугу менен четке кага алат. Анткени акыркы изилдөөлөргө ылайык, интернетте 61,5% кишилер эмес, робот-программалар иштейт экени тастыкталган. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 730 | Добавил: VIP | Теги: Комп процесс. | Рейтинг: 2.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }