8
Главная » 2016 » Август » 30 » Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт болду
23:42
Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт болду

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кытайдын элчилигинин аймагында жардыруу катталды. «Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы булагынын билдиришинче, жанкечти унаа менен элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, андан соң жарылуу болгон.

Расмий түрдө бир киши каза болуп, үчөөсү жаракат алганы кабарланууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен жараат алгандар анда бакчы болуп иштеген 17 жаштагы балдар экенин билдиришти.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө кызматтары иштеп жатат. Жарылуунун толкунунан коңшу үйлөрдүн айнектери талкаланган.

Террорист ошол жерде мерт кеткен.

(с) Эркиндик

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2131 | Добавил: VIP | Теги: Взрыв в бишкеке, бишкекте жардыруу болду | Рейтинг: 1.0/2
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }