8
Главная » 2015 » Сентябрь » 7 » Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев дүйнө салды
22:42
Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев дүйнө салды

Узакка созулган дарттан улам бүгүн, 7-сентябрда белгилүү мамлекеттик ишкер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев каза тапты. Муркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт. 

Турдакун Усубалиев 1916-жылы, 6-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Фрунзедеги Педагогикалык институтун аяктап, ошол жылы Кочкор кыштагындагы орто мектепте, партиянын Кочкор райкомунда, андан соң, 1943-1945 - жылдары КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон. Ошондон тарта 10 жыл бою КПСС БКнын жооптуу кызматтарында иштеп турган. 1955-1957 - жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы, 1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалып, ал бул кызматта 24 жыл бою иштеп турган. Ага Кыргызстанга жасаган эмгектери үчүн 1999-жылы 80 жылдык маарекесине карата "Ак шумкар" өзгөчө белгиси тапшырылган.

Просмотров: 734 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }