8
Главная » 2014 » Октябрь » 5 » Баткен облусундагы чек арачыларга акчалай жардам берилет
18:00
Баткен облусундагы чек арачыларга акчалай жардам берилет

Баткен облусундагы чек арачыларга акчалай жардам берилетОш облусунун Шарк айылдык округу тарабынан Баткен облусундагы Төрт-Гүл чек арачыларына 500 миң сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди. Шарк айыл округунун башчысы Жолдошев Астанбектин айтымында аталган акча каражатты Төрт-Гүл чек ара постуна мончо куруу үчүн жумшалат. “Биздин депутаттар, айылдык кенештин төрагасы жана айылдагы аксакалдардын макулдашуусу менен акча каражаты бөлүнүп, Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата жакшы демилге болду”-деди А.Жолдошев. Акча каражаты 6-октябрь күнү Баткен облусунун Төрт-Гүл чек ара постунда тапшырылат.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 671 | Добавил: VIP | Теги: чек арачылар, Баткен облусу | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }