8
Главная » 2015 » Сентябрь » 4 » Бүгүн Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине расмий түрдө уруксат берилди
12:31
Бүгүн Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине расмий түрдө уруксат берилди

 Бүгүн, 3-сентябрда Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине расмий уруксат берилди. Эми шайлоого аттанып жаткан партиялар жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүгө толук укуктуу. Жарнамалоо иштери шайлоого бир күн калганда, тагырак айтканда, 3-октябрда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялар жөнүндөгү PR-макалаларды, үгүттөөчү маек жана маалыматтарды буга чейин каттоодон өткөн гезит-журналдар менен теле-радиолор гана жарыялоого укуктуу.

Кошумча: Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 партия ат салышууда, алар: "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Бир бол", "Ар Намыс", "Аалам", "Азаттык", "Республика-Ата Журт", "Кыргызстан элдеринин конгресси", "КСДП", "Замандаш", "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек", "Улуу Кыргызстан", "Өнүгүү - Прогресс" жана "Мекен Ынтымагы" партиялары.

Категория: Саясат | Просмотров: 562 | Добавил: VIP | Теги: Выборы Кыргызстан, шайлоо | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }