22:45 Англия. Мусулмандарга кол салуу 70% га өстү | |
Улуу Британияда мусулмандарга кол салуу фактысы былтыркыга салыштырмалуу 70% га өстү. Полициянын 12 айда чогулткан маалыматтарына ылайык, 2014-жылдын июль айынан берки убакыт ичинде 816 кылмыш иши катталган. Ал эми 2013-жылы бул көрсөткүч 478 ди түзсө, быйыл мусулмандарга кол салуу 70% га чейин жогорулаган. Tell MAMA укук коргоо уюмунун маалыматына таянсак, жабыркагандардын 60 % - аялдар жана алардын дээрлик теңинен көбү оронгондор. Полициянын статистикасында кылмышкерлер курмандыгын көбүнчө интернеттен таап, артынан көзөмөл кылары айтылат. | |
|
Всего комментариев: 0 | |