8
Главная » 2016 » Декабрь » 15 » "Ала-Тоо" аянтында оюу түшүрүп, башкы балатыны кооздоп жатышат
13:21
"Ала-Тоо" аянтында оюу түшүрүп, башкы балатыны кооздоп жатышат

"Ала-Тоо" аянтына орнотулган жаңы жылдык башкы балатыга түркүн оюнчуктар илинип, улуттук орнаменттер түшүрүлүп кооздолуп жатат. 

Балатыдан сырткары борбордук аянттагы фонтандарга жер шары сымал тоголок формалар орнотулуп, аларга ири кар бүртүкчөлөрүнө окшогон оюнчуктар чапталган. Ал эми булардын арасына узундугу үч метрге чукул Аяз ата орнотулду. Аларга ичке электр зымдары өткөрүлгөндүктөн, кечинде алар күйүп турат. 

Жаңы жылдык балатынын оттору 19-декабрда жанат. Азырынча мэрия балатыны кандай кооздой турганын сыр боюнча калтырган. Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 22 метрди түзүп, 4-декабрдан тарта жасалгалана башталган.

Былтыркы жылы да балаты 19-декабрда коюлган. Анын бийиктиги 25 метрди түзүп, диаметри 12 метрге жеткен. Ал Кытайдан алып келинген.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2615 | Добавил: Admin_site4510 | Рейтинг: 2.4/10
Всего комментариев: 1
avatar
0
1
smile
Copyright Online KG © 2024
Хостинг от uCoz