8
Главная » 2014 » Октябрь » 7 » АКШ. Президент Эбола вирусунун өлкөгө жайылуу коркунучу аз деп билдирди
14:38
АКШ. Президент Эбола вирусунун өлкөгө жайылуу коркунучу аз деп билдирди

Президент Барак Обама АКШда Эбола вирусунун жайылуу коркунучу аз деп айтты. “Ага карабастан АКШнын эропортторунда кошумча текшерүү иштери жүрүүдө. Анткен менен эл аралык коомчулук Эбола вирусуна каршы толук кандуу күрөшпөй жатат”, - дейт Обама. Буга чейин америкалык телеоператор вирус жуктуруп алып, Либериядан Америкага жеткирилгени кабарланган эле. Мындан башка либериялык Томас Данкан Техаска келгенде кийин Эбола илдетине чалдыкканы билинген. Анын абалы азырынча жакшы эмес. Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама Батыш Африкадагы Эбола дартынын күчөп жайылышын "глобалдык коопсуздукка коркунуч" деп билдирген эле. Атлантадагы инфекциялык оорулардын алдын алуу жана анын жайылышына көзөмөл кылуу борборунда сүйлөгөн сөзүндө Обама Эбола дарты көзөмөлдөн чыгып баратканын, эгер аны токтотпосо, аны менен ооругандар жүз миңдеген санга жетиши мүмкүн экенин баса белгилеген болчу.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 703 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }