8
Главная » 2015 » Октябрь » 18 » 2016-жылы Кыргызстан КМШга төрагалык кылат
09:41
2016-жылы Кыргызстан КМШга төрагалык кылат

2016-жылы Кыргызстан КМШга төрагалык кылат. Бул чечим бүгүн, 16-октябрь күнү Казакстанда өткөн жыйында кабыл алынды. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинде президенттер БУУ түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы жана Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 30 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасашты. Мындан тышкары Мамлекет башчыларынын кароосуна коюлган бир катар эл аралык документтерге кол коюлду. Жыйындын жүрүшүндө лидерлер 2016-жылы КМШга Кыргызстандын төрагалык кылуусу жөнүндө чечим кабыл алуу менен бирге А. Атамбаевтин КМШнын кезектеги жыйынын 2016-жылдын 16-сентябрында өткөрүү тууралуу сунушун колдоого алышты. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2300 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }