8
Главная » 2015 » Октябрь » 01

Италия Орусия менен биргеликте "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшөт. Мындай келишимге эки өлкөнүн парламентарийлери кол коюшту. "Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу келишимге кол койдук. Анда эл аралык негизде дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүү зарылчылыгы жана Ливия, Сирия өңдүү өлкөлөрдөгү абалдын саясий чечимин издөө тууралуу айтылат",-деди Мамлекеттик Думанын 1 вице-спикери Александр Жуков. 

Эскерте кетсек, кечээ, 30-сентябрда Орусия Сириянын террордук топтор жайгашкан 6 аймагына асмандан алгачкы соккусун урду. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2152 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

ИИМден маалымдашкандай, бүгүндөн тарта Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул аракет 4-октябрда өтө турган Парламенттик шайлоого байланыштуу. Ошондой эле жол кайгуул кызматкерлери да коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүшүп, күч кызматкерлерине элдик кошуун өкүлдөрү көмөктөшөт. Учурда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында оперативдүү штаб түзүлүп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы планы иштелип чыкты.

Кошумча: 4-октябрда Кыргызстанда Парламенттик шайлоо өтөт. Ага 14 партия ат салышууда.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 802 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

 КРнын Баатыры, драматург, КРнын эл жазуучусу, профессор Бексултан Жакиевтин "Манас - кыргыздардын баатырдык эпосу" аттуу жыйнагы өлкөдөгү билим берүү мекемелерине акысыз таратылат. Бул тууралуу КРнын билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 10 миң нуска менен жарык көргөн китептин бүгүн, 30-сентябрда бет ачар аземи өткөрүлүп, анда сөз сүйлөгөн Б. Жакиев жыйнак окуучулар үчүн кызыктуу түзүлгөндүгүн айтты. "Композиция кылдаттык менен тандалып, ошондой эле окурмандардын заманбап талаптарына ылайык келет”,-деп кошумчалайт ал.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 815 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

Орусиянын авиациясы Сирияга биринчи авиасоккусун жиберди. Бул тууралуу шашылыш америкалык ишеничтүү булактар кабарлады деп жазат Би-Би-Си. Ага ылайык, сокку Хомс районуна урулган. Анда учурда Орусиянын аймагында тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" террорчулары жана сириялык бийликтин айрым аскерлери бар эле. Бизге жеткен кабарларга ылайык, андан 27 киши каза тапты, анын алтоо жаш балдар.

Буга чейин Сирия өз президенти Башар Асаддын Путинге жиберген катынан соң Орусия аскер авиациясын жибергенин билдирген. Ал эми бүгүн, 30-сентябрда Федерация Кеңеши Орусиянын аскер күчүн өлкөдөн тыш колдонууну бир добуштан колдоп, уруксат берди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматтык тастыктоосуна таянсак, ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 664 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

 Бириккен Улуттар уюмунун Ассамблеясынын 70-сессиясына Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өзүнүн уулун делегат катары алпарды. 11 жаштагы Николайдын чогулуш залында отурган сүрөтүн орусиялык Шок Уокер жарыялаган. Андан президенттин уулу Белоруссиядан келген расмий делегаттар үчүн даярдалган орунда отургандыгын көрүүгө болот. Ал эми өлкө башчынын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, Лукашенко уулу менен кошо "11-сентябрь" мемориалына да барып келген.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 687 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)