8
Главная » 2015 » Апрель » 18

АКШнын Хьюстон шаарында 5 эм ымыркай төрөлдү. Мындай жаңылык АКШда биринчи ирет болуп жатат. Ымыркайларга Оливия Мэри, Ава Лэйн, Хэйзел Грэйс, Паркер Кейт жана Райли Пейж деп жуп ысымдарды коюшту. Үй-бүлөнүн буга чейин 4 жаштагы кызы бар жана ымыркайлардын баары тең жакшы өрчүгөнүн айтышат дарыгерлер. 

Кошумча: Дүйнөдө алгачкы ирет 5 эм ымыркайлар 1969-жылы төрөлгөн, бирок каза болушкан эле. Учурда ар жыл сайын 5 эгиздер төрөлгөн 150 учур катталат. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 740 | Дата: 18.04.2015 | Комментарии (0)

 Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылындагы Исманали уулу Матиш атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу өз үйүнүн дааратканасына асынып алды. Ал 2001-жылы туулган Ырыскелди Самибаев экендиги айтат ОИИБнин басма сөз кызматынан. Өз өмүрүнө кол салган бала туугандарынын колунда жашаган. Туугандары анын денесин соттук медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартышты. Учурда териштирүү иштери башталды.

Кошумча: Жыл башынан бери 7 окуучу өз өмүрүнө кол салса, 2014-жылы өлкө боюнча алардын саны 106 га жеткен. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 819 | Дата: 18.04.2015 | Комментарии (0)