8
Главная » 2015 » Март » 22
1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлык маянасы 50%га көбөйөт. Мындай билдирүүнү каржы министри Ольга Лаврова маалымдады. Ага ылайык, бул аракетти ишке ашыруу үчүн 3 млрд. сом керектелери маалым болду. министирдин айтымында, бир гана орто мектептин мугалимдери эмес, бала бакча, музыкалык, дене тарбия мекемелеринин мугалимдеринин да маянасын көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кошумча: Мындан сырткары 1-майдан тартып мамлекеттик эмес органдардын кызматкерлеринин айлык акысы да 50%-80%га чейин көтөрүлөт. Ошондой эле аларга Мамлекеттик айлана - чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин, ӨКМдин алдындагы гидрометеорология кызматкерлери жана интернат үйлөрүнүн кызматкерлери кирет.
Категория: Кыргызстан | Просмотров: 1047 | Дата: 22.03.2015 | Комментарии (0)