8
Главная » 2014 » Ноябрь » 26

Орусияда 15,7 млндон да көп киши жеткен чектеги кедейликте калышы ыктымал. Бул жагымсыз сандарды вице-премьер-министр Ольга Голодец жарыялады. "Бүгүнкү күнү Орусияда 15,7 млн киши өтө кедейликте жашайт. Бул үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү көп балалуулар. Мындай кырдаалды карап чыгып, бул көйгөйдү жоюу үчүн үй-бүлөгө көп көңүл буруу керек деген чечимдемин",-деди ал. Энелердин көпчүлүгү жумушсуз, алардын балдары 3 жашка чейинкилер. Ушул эле жылы 300 орус жаран кедейликте жашап калган. Анткени алардын бир айлык акысы 7 миң 915 рублду түзөт.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 764 | Дата: 26.11.2014 | Комментарии (0)

 АКШнын Миссури штатынын бийлиги Фергюсон шаарына кошумча күч жиберүүнү чечти. Алар тополоңду басууга жана тынчтыкты калыпка келтирүүгө салым кошушмакчы. Аталган штаттын губернатору Джей Никсондун айтымында, эми штаттын коопсуздугун АКШнын улуттук гвардиясынын 2200 жоокери камсыздайт.

Кошумча: Ушул жылдын август айында 18 жашар Майкл Браундун полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү көптөгөн нараазычылыктарды жаратты. Анткени аталган кырдаал боюнча ачылган кылмыш иши соттордун полицияны актоосу менен аяктады. Кечээ, 25-ноябрь күнү Фергюсон штатындагы митингден 29 киши камакка алынды. Ошондой эле бир полиция кызматкерине ок тийгендиги айтылууда. Кечээ нараазычылык акциялары Нью-Йорк, Вашингтон жана башка ир ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 701 | Дата: 26.11.2014 | Комментарии (0)