8
Главная » 2014 » Ноябрь » 21

Президент Петр Порошенко 13-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары 21-ноябрда “Ар-намыс жана Эркиндик” күнү майрамдалмакчы. Ошол кездеги мамлекет башчы Виктор Янукович Евробиримдик менен келишимден баш тартып, Орусия менен жакындашуу багытын алгандан кийин бир жыл мурун ошол күнү Киевдин борборуна адегенде чакан топ чогулган. Бир эле түндүн ичинде аянт он миңдеген кишиге толгондо полиция аларды союл, жаш агызчу газ менен таркаткан. Бара-бара Януковичтин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар жаңырып, президент февралда өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 100дөн көп киши набыт болгон.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 654 | Дата: 21.11.2014 | Комментарии (0)

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдалды. Маалыматка ылайык, жолугушууда терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн мааниси баса белгиленди.

Категория: Саясат | Просмотров: 833 | Дата: 21.11.2014 | Комментарии (0)