8
Главная » Файлы » Ырлар » Аваз Акимов

Аваз Акимов - Ысык-Көлүм
[ · Скачать удаленно () ] 20.12.2016, 17:23

Сөзү : А.Алымовдуку
Обону : А.Алымовдуку
Жараткан берген Ысык-Көл,
Жакшылап элим көңүл бөл.
Эс алсаң чериң жазылат,
Суулары тунук, салкын төр.
Ажарлуу кыздай созулуп,
Ак куулар көлгө конушат.
Жээктеп бассаң санааң жай,
Өмүргө өмүр кошулат.

Кайырма:
Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм,
Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн.

Тоосунда арча, карагай, бир көрсөң кумар тарабай,
Абасы таза дем берет, токоюн бассаң аралай.
Терели өмүр гүлдөрүн,тегиздеп турмуш күндөрүн,
Чаалыксаң келгин көлүмө, угабыз чардак үндөрүн.

Кайырма:
Менин Ысык-Көлүм, мейманы көп көлүм,
Толкуп толуп турат, досум, келип көргүн.

Категория: Аваз Акимов | Добавил: Admin_site4510 | Теги: Акимов, Ысык-Көлүм, Аваз
Просмотров: 781 | Загрузок: 210 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }