8
Главная » Файлы » Ырлар » Аваз Акимов

Аваз Акимов - Туулган күн
[ · Скачать удаленно () ] 20.12.2016, 17:07

Бүгүн майрам, бүгүн той деп, ушул жаздын күнүндө,
Гүлдестелер колго кармап, келдик сенин үйүңө.
Бир сен үчүн достор келди, жадырашып, жайнашып,
"Кут болсун!" деп куттук айтып туулган сенин күнүңдө.

Кайырма:
Кут болсун сенин,
Туулган күнүң.
Куттуктап сени,
Келдик биз бүгүн.

Дасторконду кенен жайып, досторуңду күтүпсүң,
Досторуң да каалоо айтып, эрдиңден бир сүйүшсүн.
Алдыдагы бокалдарга шараптан толо куюлсун,
Айткан сөзгө тилектеш болуп, баары алып коюшсун! 

Кайырма:

Менин дагы каалаганым, узун болсун өмүрүң!
Кайгы-муңга эч убакта чөмүлбөсүн көңүлүң!
Кайраттуу бол, күчтүү болгун, ден соолугуң чың болсун!
Алган жарың, балдарың да сени менен бир болсун!

Кайырма:

Категория: Аваз Акимов | Добавил: Admin_site4510 | Теги: Акимов, Туулган, Аваз
Просмотров: 916 | Загрузок: 306 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }