8
Главная » Файлы » Ырлар » Аваз Акимов

Аваз Акимов - Балалыкка кетеличи, апаке!
[ · Скачать удаленно () ] 20.12.2016, 17:06

Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : С. Бейшекеевдики
Бала кезде эр жетсем деп тез эле,
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп, түгөнбөгөн бул күндөн,
Тажап кеттим эмнегедир, апаке.

Тойго барсаң этегиңе жармашып,
Мен барам деп карындашымдан талашып.
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме,
Жетким келет сени менен, апаке.

Ылай болуп күндө келем кечинде,
Мотурайган бала элем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Бала күнгө кетеличи, апаке!

Ошол кезде душмандарым жок эле,
Балаң анда айылдын эң шогу эле.
Шок болсом да, касташканым жок эле,
Ошол күнгө кетеличи, апаке!

Көкүлүмдү тарап коюп кечинде,
Коңшу айылга кызга кеткем, эсимде.
Бакыттын да бактысы экен ал күндөр,
Балалыкка кетеличи, апаке!
Тазанын да тазасы экен ал күндөр,
Таза күнгө кетеличи, апаке!
Аруу күнгө кетеличи, апаке!

Категория: Аваз Акимов | Добавил: Admin_site4510 | Теги: Акимов, апаке!, Балалыкка, кетеличи, Аваз
Просмотров: 1122 | Загрузок: 253 | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }