8
Главная » Файлы » Ырлар » Абидин Темиров

Абидин Темиров - Мен айрылсам, сен да менден айрылдың
[ · Скачать удаленно () ] 20.12.2016, 14:31
Сөзү : Р.Абдыкадыровдуку Обону : А.Бөдөшовдуку Ошол кезде көзүм толо жаш болгон, Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом. Азыр сенин аз мезгилдин ичинде, Айтчы неге жүрөгүңө таш толгон? Кайырма: Абалым оор, аябастан кайгырдым, Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Гүл кетти да, куурап калган бак калды, Үмүтүм жок, үзүлгөн бир шак калды. Сүйкүмдүүм, ай, сүйүнтпөстөн какшаттың, Сүйүү кетип, ичте кара так калды. Кайырма: Мен көтөргүс оору менен кайгырдым, Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Бир жаныма өзүң бир жүз жан элең, Бир жашоомо жалгыз күйгөн шам элең. Мээрим белең, кара көз жалгызым? Мен да сага ичим күйүп тар эле. Кайырма: Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдым? Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Сендей адам эми такыр таппасмын, Боорум ысып, жүрөк тынчып жатпасмын. Ыйлап, ыйлап, көз жаштарым да тынар, Шумкар кезде канаттарым да сынар. Кайырма: Мээримдүүм, ай, мен да сен деп кайгырдым, Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың.
Категория: Абидин Темиров | Добавил: VIP
Просмотров: 654 | Загрузок: 248 | Рейтинг: 4.0/1
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }