[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 2 из 2
  • «
  • 1
  • 2
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Ак кеме
Ак кеме
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:18 » Билдирүү # 16
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ак кеме кичинекей нокот болуп, алыстан баратты. Күндүн мурду сууга малынды. Көл ак-кызыл куттун нуруна чайынгансып балкып жатат.     Ак кеме төнүп кетти. Ошону менен баланын Ак кеме деген жомогу да тамам болду. Эми үйгө кайтуудан башка арга жок. Бала китеп кабын алды да, дүрбүнү бооруна кысып, дөбөдөн ылдый кыялып чуркады.Бирок үйгө жакындаган сайын зааркана баштады. Торпок чайнаган көйнөктүн жообун бериш моюнда эле. Бир тил угуу деги турду. Бирок бала чыйрылды, ындыны өчө берсе китеп кабы кандай ойдо калат? ,,Сен коркпо,-деди китеп кабына,-тилдерин тилдейт. Мен атайы ошентипминби? Торпок бошонуп кеткенин билбей калсам кантейин. Аша кетсе, көк желкеге бир коер. Чыдаймын. Кокус сениколуман жулуп алып, жерге чапса, коркпогун. Жарылып калгыдай каканак эмессиң го. Мына, эгер дүрбү колуна тийсе оңбоду дей бер. Ошол үчүн элден мурун дүрбүнү бастырмага бекитип, үйгө анан кирели...”    
       Негедир үйдүн ичи кулак-мурун кескендей жым-жырт. Эл-журт көчүп кеткенсип, сыртта кароо ичи да ээн. Көрсө, Бекей таежени эри дагы сабап жаткан тура. Эки ортодо күйгөн Момун. Жиндеп кеткен күйөө баласын арачалап, чоң муштумуна асылып, жалынып-жылбарып, кан жеген иттей, чүйлу тыткан кекиликтей бырпырап жаткан кызынын үстүнө үйрүлүп, канаты менен калкалап, бок-жин, аралашкан уятсыздыка кошо малынган тура таятасы. Орозкулдун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып, көзүнө кызын дөбөт жыттабас канчык, күнү бүткүчо кысыр калган эшек деп, андан аша булганыч сөздөр менен сөгүп жатканындыгын жок кулагы аргасыздан уккан туура. ,,Кудай бербесе жазыгым кайсы?? Койчо жүрүп төлдөгөн канча катын жүрөт бирок мага аны буйрубаптыр, Эмне кылайын? О кудай, бул эмнең? Ушу көргөн күнум да жашообу? Же мени жайлап жаныңы тындырсаңчы! Өлтүр, мыкаачы, өлтүр, мына ур!”..-деп боздогон кызынын абалына жүрөгүнөн кан тамчылаган тура таятасынын...
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:18 » Билдирүү # 17
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Азыр Момун чал оор дем алып, салаңдаган кирпигин көтөрүүгө алы калбай бурчта шылкыйып отуруптур. Өңүнөн кан-сөлү качып, эки тизесинен салаңдаган колу калтырайт.
        Момун тунарган көзүн араң ачып, баланы бир карады да, кайра жумду. Таенеси үйдө жок. Ал Бекейдин чачылган-сынган үй ичин жыйнаштырганы кеткен окшойт. Дайыма ошентет: Орозкул сабап жатканда жакын басып барбайт,Момунду жибербей тороп турат. Чатак басылган соң койгула, эч теме эмес демиш болуп, күйпөлөктөп ошерде жүрөт. Ошонусуна ыраазылык сөз угат. Баарынан да баланын жаны ачыганы-таятасы. Ар качан ушундай жаңжалдан кийин байкуш чал өлүп кайра тирилет. Мына эми, үңкүйүп көпкө бурчтан турбайт, киши көзүнө көрүнбөйт. Эмне ойлоп, кандай кайгы тартып олтурганын жан адамга айтпайт. А чынында ал азыр ою онго, санасы санга бөлүнүп, мөңдөп отурган чагы. Жалгыз уулу бар эле, ал да согушта өлүм тапты. Азыр ал баласы элдин эсинен да чыгып кетти. Эгер ошол улуу тирүү болгондо тагдыры башкача болбойт беле деп, кейип отурат. Эң оору- тиги эки кызынын багы аяылбаганы. Кичүүсү баласын таштап, шаарга кетип калды да. Эми ал жерде бала-чакасы менен алакадай бөлмөдө түгөнбөгөн түйшүк тартып, эптеп күн көрүп жүрөт. Улуу кызынын көргөн күнү бу. Кызынын азабына атасы да чыдаар, бирок байкуш кызы бала көрүп, энелик таалайга жетпей калды го...Орозкул менен жашаганына көп жыл болду. Жашоо-турмушу деле муздаган аштай көңүлүн жылытпай, бирок эмне кылмак, кайда качмак? ...Атасы канжыгасына байланып жүргөн адам жок, бир кунү Момун чал да көз жумар, ошондо шордуу кызынын көргөн күнү не болот? ...
        Бала бир сындырым нан менен кичине айран ичти да, терезенин тубүндө унчукпай турду. Чырак жандырайын деп, таятасынын тунжуроосун бузгусу келбеди, ойлорун ойлоп отура турсун деди.
       Бала да ойго кирди. Бекей таежеси эмне үчүн эрине арак берип, көзүнун агы менен тең айланат? Эри чоң муштуму менен жанчып салса деле,кичине соолуккан соң таежеси үкөгүнө бир шише арагын алып чыгат...
        А, байкуш таеже, шордуу таеже! Канча жолу таяктын уусунан чала өлүк болуп жатпады, болбой эле Орозкулдун көңүлүн алып, алдында жаркылдап турат. Таятасычы? Бу киши да деги Орозкулду бир ооз күнөөлөп койгусу жок. Эмне мынчалык ак көңүл булар? Орозкулдай кишини да аяйбы? Ал жаман киши, жинди. Бул жерге жолотпой коюшпайбы аны. Ансыз деле жумуш бүтүп, күн өтө бермек.
      Анан баланын акыйкат кыялы көз алдына элес тартат.: Баары жабылып. Камандай  күржүңдөгөн Орозкулду сууга сүйрөшөт. Колдон буттан алып. Суунун шар агымына ыргытышат. Орозкул болсо Бекей таежеси менен Момун таятасынан кечирим сурап. Жалынып-жалбарат. Антпегенде кантмек, себеби Орозкул балык балык болуп кете албайт да...
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:19 » Билдирүү # 18
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Бул оюна бала кадыресе жеңилдеп калат. Атүгүл Орозкул шар агымда тура албай аптыгып суу жутуп, Улам көмөлөнүп, жанында чий баркыт калпагы кошо агып баратканын элестетип, өзүнчө жылмайып күлүп коет. 
      Бирок андай болсо кана, чоң кишилер анте албайт тура, Алар кайра тетирисинен кетишет экен. Орозкул үйүнө кызуу келсе эчтеме байкабагандай тосуп алышат. Таятасы атын алса, Бекей таеже самоорун койгуча шашат. Ал ансайын Орозкул кылдын кыйкым таппай, өзүнөн өзү  кыжырын кайнатат. Анын оюнча адам санына кошпой турган, ийилип берген саламын алик албай турган кээ бирөөлөрдүн бештен-ондон баласы бар да, Орозкулдун баласы жок? Алардан эмнеси кем? Өксүп калган жери бар беле? Кызмат десе кызматы бийик, кол жоорутуп кетмен чаппайт- карагай башы! Же ал бир жактан тентип келген неме беле? Тентиген болсо, жанагы долулардын балдарын карачы, этегине эрмешип, жакасына жармашып, Бир короо бала ээрчип жүрөт. Же Орозкул адам десе наркы жок, сый-урматка баркы жок бир макулук болсочу. Баары бар баарына өз акылы менен жетишти. Аты астында, камчысы колунда, кайда барса даам сызып кетсеңиз экен деп жылоолоп турушат. Анан эме үчүн тең-курбулары уулдарын үйлөнтүп, үлпөт куруп сайрандап жатышат да, Орозкул туяксыз коколой баш жүрөт? Туягы жок болгон соң Орозкул ким деген киши?
      Анан Бекей таежеси көзүн жашка, көкүрөгүн муңга толтуруп, алапайын таппай эринин көңүлүн алуу менен алек. Катып койгон бир шише арагын алып чыгат. Кайгысын уккан неме өзү да ичип жиберет. Ошол ошол болот, анан Орозкулдун жини кармайт, ичине толгон заараны бүт катынынан чыгарып салат. Бекей таеже болсо көңүлүнө кир албай кечире берет. Таятасы да кечире берет. Орозкулду байлап-таңып салуу эч кимисинин оюна келбейт. Эрте менен мастыгы тараган Орозкул башын мыкчып, охолоп ордунан туруп атса, көгала болгон катыны самоорун кайнатып, пиялаларын таза сүлгү менен аарчып, чай бергиче шашат. Таятасы болсо Алабашты алдагычан сугарып, жемге койгон, эми токуп атат. Чайга канып, Орозкул атына минет, - болду, өзү кайрадан Сан-Таштын корук токоюнун кожоюну. Орозкулга окшогон немени алдагачан сууга сүйрөп ташташ керек эле деп, бирөө да кылт этип ойлоп койбот...Каш карайып, түн кирди. 
      Балага китеп кап сатып берген күн ушинтип өттү.
      Жатаарда бала китеп кабын коерго жер таппады. Акыры жаздыгынын астына коюп алды. Буга окшогон китеп кап мектепке барган балдардын көбүндө болорун азырынча кайдан билсин, кийин билет. Бирок кийин билген күндө да анын китеп кабы эң укмуш, башкалардан өзгөчө көрүнө бермек. Жаңы башталган өмүрүндө али дагы канча окуяны башынан кечирерин, жакын жерде алын сураар жан болбой, бул ээн дүйнөдө китеп кабы экөө гана калар күн да башына түшөрүн  бала али билбейт. Андай каранкүндун болмогу да Мүйүздүү Бугу-эне туурасында өзү жакшы көргөн жомоктун айынан...
     Бүгүн кечте да ошол жомокту аябай уккусу келди. Момун чал да өзү кошо жүргөнсуп, өз көзү менен көргөнсүп, ар качан айтканда бир үшкүрүп, бир ыйлап, кээде бир топко ойлонуп и отуруп калып айтып берчү эле.
      Бирок бүгүн бала таятасынын тынчын алгысы келбеди. Абышка жомок айтар чагы болбой турганын ойлоду. ,,Башка күнү айтып беришин сурайбыз",-деди китеп кабына.- Мүйүздүү Бугу-Эненин баянын бүгүн сага өзүм айтып берейин. Жатка билем, таятаман нечен кайталап уккам. Акырын ичимен айтам, эч ким укпасын, сен гана угуп жат. Мен айтканымды кинодогудай кылып көрө жатканды жакшы көрөм. Бу жомок чын болгон дейт таятам. Ошентип..."
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:19 » Билдирүү # 19
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Бул жомок эзелки окуя.
    Атам заманда, жер бетинде чөптөн токой көп, кургак жерден суу көп болуп турган кезде уруу уруу кыргыз журту Энесай деген өзөндүн боюн жайлап турат. Ал улуу  дайра кең өзөн түндүктө Сибир деген жерден агат. Атчан адам ал жерде үч жыл үч ай жол жүрүп араң жетет. Ал дайраны азыр Енесей дешет экен.
    Илгери кыргыздыр Энесай дешчү. Ошондон улам мобул ыр калган.
        Энесай, сендей жайкын өзөн барбы, 
        Энесай, сендей жаркын мекен барбы? 
        Энесай, сендей кыйын азап барбы?
        Энесай, сендей ыйык азат барбы?
                    
         Энесай, сендей жайкын өзөн болбос, 
        Энесай, сендей жаркын мекен болбос!
        Энесай, сендей кыйын азап болбос, 
        Энесай, сендей ыйык азат болбос!
 
    Энесай өзөн ушундай өзөн экен.
    Ар уруу эл жашап турат анда Энесайдын боюнда. Бирин бири  чаап алган, бири бирин талап алган жоокерчилик заман. Кыргыз уруусун да айлана-тегеректе курчап, кас уруулар туруптур. Кыргыздыр да кези келгенде аттанып казат жүрүп, касташкан уруунун үйүн өрттөп, кулүн көккө сапырып. элин кырып, жылкысын тийип, малын айдап кетчү экен. Эр өлтүрүү эрдик саналып, кишини киши аябай, адамды адам тукум курут кылмай заман. Адам каны суудай агып. көк кашка суу жошолонуп, ак-сары гүл манаттанып, бөрүдөй тытышкан доор экен. Эгин эгип, түшүм жыйнаар, мал багып. мергенчиликтен олжо таап келер эр бүлө кылбай, эл тукуму сооло берет. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары тынч эмгекти таштап салып, жоокерчилик, талоончулук менен кун көрүп калыптыр. Өлтүргөндун өчү бар, төгүлгөн кандын куну бар деген, өчөгүшкөн тили буруу кырк уруу бирин бири мойсоп бүтмөйүнчө тынчый албай калган. Кыйын кезең күнгө чыдабай, адамдардын акыл-эси канга уугуп турган экен. Касташканды жараштырар жан чыкпай, душманын капилеттен чаап алган, мал-мүлкүн талап алгандар гана кеменге аттанган экен.
      Ошондой кыйн кезең күндөрдө Тайга деген чер токойго бир сыйкырдуу куш пайда болот. Ал жөн сайрабай адамча сүйлөп, бирде ыйлап, бирде ырдап, таң атканча: ,,Алаамат болор!" ,,Алаамат болор!"деп сайрап чыкчу болот. Акыры ошол куштун айтканы келип, кыргыздардын башына карантүн түштү.
     Ал күнү кыргыз уруусу аза күтүп, эл атасы, журт эгеси, сан колдун башчысы Күлчө баатырдын сөөгүн жерге бергени жаткан. Кол баштап нечен казатта жүрүп соо калган, нечен айыгышкан   чабыштан жеңиш менен чыккан карт баатырдын көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, каза табат. Кыздар кызыл кийинип, катындар кара кийинип, кыргыз эли эки күни аза күтүп, үчүнчү күнү баатырдын сөөгүн ата салты боюнча жабыла көтөрүп, Энесайдын боюн бойлотуп, жарлуу жээктин мизи менен алып өтмөк, Эл анткени- баатырдын чымын жаны көккө учуп кетер алдында Эне болгон өзөн менен, Ата болгон мекен менен коштошуп алсын, тирүүүндө жоого аттанып баратып, жоону чаап келатып, ушу жээктен ырдап өтчү ырын чымын жаны ырдап кетсин жегени.
                    Энесай, сендей жайкын өзөн барбы, 
                    Энесай, сендей жаркын мекен барбы? 
                    Энесай, сендей кыйын азап барбы?
                    Энесай, сендей ыйык азат барбы?
 
                     Энесай, сендей жайкын өзөн болбос, 
                      Энесай, сендей жаркын мекен болбос!
                      Энесай, сендей кыйын азап болбос, 
                     Энесай, сендей ыйык азат болбос!
     Баатырдын сөөгү жатар жайы, коер көрү бийик дөбөнүн чокусунда. Коер алдында эли баатырдын сөгүн башынан өөйдө көтөрүп, төгөрөктун төрт тарабына көрсөтмөк: ,Алдыңда өзөнүң калды жайын. Үстүндө Теңир ээлеген көгүң турат. Өзөктү өз тукумун, калың журтуң сөөгүңдү көтөрүп, башын ийип астыңда турат азалуу. Жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун!" Ошентип, баатырдын сөөгүн жерге берип, көрүнун башына өткөндүгу баатыр Ата, баатыр Бабалардын жолун жолдоп, чулу корум таштан Таш-Баба орнотмок.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:19 » Билдирүү # 20
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Эл атасы өлгөндө айыл-айыл болуп андалап отурган урук-урук кыргыздар жабыла көчүп келип, Энесайдын жээгинде кыркаар тартып үй тигип, улуу журт курган. Ак саба найзаларга кара түпөк байлашып, түндүктөн чыгара аза белгисин кобшкан. Эл анткени- баатырдын сөөгүн алып өтүп баратканда асаба-туунун башт ийдирип, кыз-келиндер чурулдап кошок кошуп, уланда жер дүңгүрөтө өкүрүп коштошмок. анан сөөктү ээрчиген элге кошулуп, кийинки үйдүн тушуна жетмек, ал оропарадан да алиги жол-жосунда болуп, ошентип дөбөнүн чокусуна дейре чууруп жүрүп отурмак.
    Күн күнүмдүн жолуна чыкканда элдин кам-чому да бүткөн. Түпөктүү найзалар сөөк чыгар ооздон эки бет катар тизилип, Баатырдын жоо жарактарын алып чыгып, сөөктүн алдынан алып жүрчү чоролор даяр турган. Кара жабуу жабылган баатырдын аргымагы сөөк артынан жетелөөгө белен, суулук кемпир, кандуу көбүк булайтып, көзүн акшыйтып, жер чапчып турат. Кернейчилер кернейлерин белеңдеп. добулбасчылар добулбастарын белеңдеп, азыр сөөктү алып чыкканда кадимки жоого кирген салтындай кернейлер озондоп, добулбастан дүңкүлдөп, жер жарылар үн чыкмак. Тайга токой чайналып, канаттуунун баарысы күндүн бетин көрсөтпөй үркүп учмак, жолборстору күркүрөп, камандары коркулдап, туңгуюк черге жите качмак, тоо жаңырып. жер көчмөк, өзөн толкуп, алай-дүлөй бороон сокмок. Кошокчуулар чачтарын жазып, үн салып, чоролор табытка ийин тосуп, сыңар тизелей укуюп отурду. Токойдун четиндеги карагайларга баатырдын кара ашына чалынар төрт түлүк мал тогуздап байланып турду. 
    Алаамат мына ушунда башталды. Энесайлык кырк уруу эл канча жоолашпасын, эл атасы каза таап, эл башына аза түшкөн күндөрдө бири бирине кол салчу эмес. Бирок бүгун салт бузулду. Салтты бузган нарксыз жоо түндөп курчап, тегеректеги токойдо бугуп жаткан. Эми эл мүңкүрөп турган чакты маалдап, капилеттен кол салды. Жарак алып каршы чыгуугу, атка минип. айкырып чыгууга эч ким үлгурбөдү. Түшкө киргис кыргын жүрдү. Эмгектенген карыдан эмгектенген балага чейин кылычтын мизине, найзанын учуна, качып кутулам дегени жебенин тилине катып жатты. Жоо ушуну көксөгөн. Кыр көрсөтүп, тизгин бербеген кыргыздарды тукум курут кылып, күлүн көккө сапырып кетели деп келген. Жоктоп аларды, боздоп ыйлап калары, күн кууп издеп келери калбасын, кыргыз деген аты өчүп, кылымдын эсинде калбасын, тып-тыйпыл кылылы деп келген. Жоо ойлогондой болду....
     Адамды туумак кыйын, багып өстүрмөк кыйын, а өлтүрмөк көз ачып жумганча. Жээк бербей киши өлүгү үстү- үстүнө каршы-терши сулады. Көк мөлтүр толкун Энесай кыргызынын канына кызыл-жаян болуп акты. Жээк бойлой катар тигилген үйлөр чатырап өрткө кетти. Ошентип. Кең өзөндүн жээгинде бырыксыган күл калды, каңырсыган жыт калды. Кулак учунда боздогон үн калды. Кыбыр эткен жан көрүнбөй, башка эчтеме калбады. Кыргыз деген бар беле? ...Жоо ушуну көздөгөн. Жоо көздөгөндөй болду...
    ,,Жер биздики! Токой биздики!"-деп жоо шаттанды. ,, Биздин жерде кыргыздын сөөгү да калбасын!"-деп, өлүктөрду жар башынан өзөнгө кулатты. Күтүрөгөн сантүмөн малды айдап, колго илинер дүнүйөнү бүт олжолоп, жолго салды. Мал артынан бурулдаган чаң асманга көтөрүлүп, көк менен жер бирикти да калды. Мына ошондо токойдон ойноо бала, секелек кыз чыкты. Тилазар балдар эртен менен эле токойго чуркап кеткен. ,,Баласынбы" деген ошо да, ал экөө токой аралап, жөкө кабыктан себет токумак, себет толтура карагат-бүлдүркөн термек. Каткыра күлүп, так секире ойноп жүрүп, күн убагын унуткан. Бир маалда айыл тараптан ызы-чуу чыкканда элеңдеп артка чуркаган.Эми экөө жетип келип, кыргын тийген өлүү журттан эч кимди таппады. Ата-энеден кабар жок. ага-эжеден дайын жок. Кара жер канга эзилген, ,,ата", ,,апа" деп кыйкырса жаңырык жооп кайтарбай үндөру жерге жутулуп кетти. Улам бир үйдүн ордуна чуркады экөө. Бырыксыган күл жатат, үч бутту көктү карап тулга жатат. Эси чыккан эки бала заматта же эртеңки күнү белгисиз, же кечеги ата теги жок, өлүү журтта жетим калды. Алыста токой үстүнөн чаң уюлгуп, мал айдаган жоо кетип баратты.
    Балдар чаң артынан жүгүрдү. Көздөрүнөн салаа-салаа жаш кетип, эки бала жоону ээрчип баратты. ,,Баласыңбы" деген ошо да, жоо артынан жүгүрүп. Чоң киши болсо. боюн ала качып, тетири чуркамак. Балдардын оюнда эчтеме жок, тиги кандуу, сүрдүү жерден алыс качуу. Уул бала, кыз бала кол кармашып, ,,Токтогула" деп суранып, ,,ала кеткиле" деп жалынып, жоо артынан чуркады. Жер дүңгүрөп доош ичинде, күтүрөгөн калың дабырт үстүндө ал экөөнүн алсыз үнүн ким укмак.
     Эки бала көпкө чуркады, кууп жете албады. Эч ким кайрылбады. Мууну бошогон балдар жер кучактап жыгылды. Кылчаюдан коркушту, кыбыроодон чоочушту. Эси чыккан эки бала кучакташып. калч-калч калтырап. улутуна бышактап жатып, уктап калды.
    Жетимдин жары кардыр, бирок тагдыры жети ача деген ак сөз. Түн бейкут өттү. Сүрдүү токойдун жырткычы тийбеди. желмогузу келбеди. Экөө ойгонсо күн чыгып калыптыр. Токойдон түрлүу баренде сайрап. дүйнө эчтеме болбогондой. Экөө турду да, из кубалап дагы жөнөдү. Мөмө-чөмө менен өзөк жалгап жүрүп отурушту. Үч күн, үч түн дегенде бир бийик дөбөгө жетип токтоду. Төмөн этекти караса, көк жайытта улуу той болуп жатат. Тигилген үйлөргө сан жеткис, кайнаган казанга сан жеткис, жайылган элге сан жеткис. Кыздар селкинчек тееп, ыр ырдап, жигиттер күч сынашып алышып, эл шатыра-шатман үн салып, кечээге кыргызды кырган жоо минип жеңишин майрамдап жаткан экен.
    Жуук кирип бара албай, эки бала кооптонуп дөбөдө турду. Бирок тиги казандардан бышкан эттин, ысык нандын. сарымсак-согондун жыты келип, шилекейин илип жуткурду. Балдар чыдабады, дөбөдөн түшүп барды. Көргөндөр кызыгып, тегеректеп калды.
-Кимдин баласысыңар? Кайдан келатасыңар?
-Курсагыбыз ачты,-деди кыз менен бала,-нан бергилечи.
     Жоо эли балдардын сүйлөгөн сөзүнөн кыргыз тилин баамдап, бу экөө кырылган кыргыз тукуму экенин тааныды. Өлбөй калган бул экөөн азыр жайлай салалыбы, же ханга алып баралыбы, деп өз ара талаша кетишти. Алар чуулдап жаткан арада бир боорукер катын эки балага алдыртан бир кесим эт бере койду. Анан балдарда ханга алпарышты, хан тобу али дастаркондон тура элек экен. Эки баланы чоң кызыл үйгө алпарышты. Кызыл үйдүн оозунда күмүштөгөн айбалтачан сакчылар турат. Ал ортодо калың эл арасын ушак аралады: кыргыздан аман калган кыргыздын тукуму бар экен, кан кууп келиптир!-деп эл сестенди. Оюн-тамашасын, тамак-ашын таштап, эл топурап хандын ордо үйүн тегеректеди. Ал учурда хан кардай аппак кийизде жан жөкөрлөрүнүн ортосунда бал кошкон кымыздан ууртап коюп. жаагын жанга ырчылардын мактоо ырларын угуп отурган. Эл топурап келген себепти угуп, хандын жаалы чыкты көзүнөн: ,,Тынчымды алган ким экен? Кыргыз уруусун тукум курут кылганыбыз жалганбы? Силерге түбөлүккө Энесайды тартып бергеним жалганбы? Эми кимден жан таштап качып жүрөсүнөр? Коркконуңар ушул чыпалактай  эки балабы? Эй, Майрык-Чаар-Жезкемпир!-деп кыйкырды хан. Анан бир кемпир топтон суурулуп, алдына келгенде ага буюрду:- Бул экөөн Тайга токойго алпаргында, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл. Экинчи кыргыз деген сөздү кулагым чалбасын. Кыргыз тукумуна жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн! Бар, Майрыч-Чаар-Жезкемпир, буйрукту аткар!,."
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:20 » Билдирүү # 21
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ошону менен Майрык-Чаар-Жезкемпир эки баланы эки колунан жетелеп, Тоо ашып, токой аралап  жүруп отурду. Азыркы Энесайдын жээгине жетип токтоду. Анан балдарды жардан алыс түртөр алдында мындай дейт: 
-О, улуу дайра, Энесай! Эгер сага тоо омкоруп кулатса, муштумдай таш сыяктанып түбүңө чөгөт. Кылым турган карагай кесип кулатса, чабындыдай толкунуңа кетет. Эмесе эки көздүн эки чечекейиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал. Жер үстүндө бул экөөнө орун жок. Аны сага айтып-айтпай эмине, өзүң көрүп турасың. Жылдыздар адам болсо көккө батмак эмес, балыктар адам балсо сууга батмак эмес.Аны сага айтып-айтпай эмине! Эмесе, ач койнуңду, ал эки наристени, алып кет. Бу жерсук дүйнөдө экөө чырымталында кетсин, абийри таза, дили ак, арамдыкты биле элек, арам ойго кире элек периште чагында кетсин. Ач койнуңду, ал эки периштени, улуу дайра Энесай!
    Уул бала. кыз бала ыйлап турду. Кемпирдин сөзүнө да, жардан ылдый караса жүрөктөрү алкымына тыгылып, түпкүрдөгү буурул толкуп үрөй учуруп, ошого ыйлап турду. 
-Кана, коштошуп алгыла, балдарым. Кучакташкан бойдон кеткиле, -деп Майрык-Чаар-жезкемпир шымаланып жеңин турүнү.-мени жаман көрбөгүлө, менде эмне айып. Бешенеңерге жазылганы ушул экен. Менин эрким болсо кантер элем, ким билет, бирок ушу бойдон кеткениңер өзүңөргө жакшы...
     Ушинтип сөзүн айтып, оозун жайып алгыча жан жактан бир үн чыкты:
-Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба!
     Майрык-Чаар-Жезкемпир кылчая калды. кылчайып алып айраң таң: жанында Бугу-Эне турат эки көзу балбылдап. Балбылдаган көздөрү муңайып тиктеди. өтүнүчтүү тиктейт. Маралдын умай энеси, асыл бугу муңкаят, омуроо-төшү наристенин маңдайындай, жону ууз ак, боору тайлак жүндөнүп көк бурул. Он сегиз айры мүйүзү аркайып, жонуп-жашып койгондой жымсал сулуу, көркөм. Желини таза, кан тамырлары көрүнүп ийип турат эки балага мээримин салып.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:20 » Билдирүү # 22
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
-Сен кимсиң? Адамча сүйлөп кубулган кандайжансың? деди Майрык-Чаар-Жезкемпир. 
  -Мен Бугу-Эне болом. Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүн да, кайдан собол укмаксың.
  -Каалаганың эмне, Бугу-Эне 
  -Балдарды кое бер, акылман эне. Сенден суранганым, ушул эки чүрпүнү мага бер.
  -Буларды эмне кыласың?
  -Адамдар эгиз музоомду алып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.
  -ушу балдарды эмизип багып алам дейсиңби?
  -Ошентем, акылман чоң эне. 
  -Жакшылап ойлондуңбу, Бугу-Эне?-деп күлдү Майрык-Чаар-Жезкемпир.-Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлодуңбу?
   -Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт,-деди маралдын умай энеси. - мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?
 өз көзүң менен көрөрсүң өз мойнуң менен тартарсың деп, бул эки жетимди сага берип деле коер элем, бирок башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. Анда булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди?
-Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бу балдарды. Аясаң акылман чоң эне, кое берсең. Өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн...Желиним сүткө толуп ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм...
-Кантейин, болуптур,-деди ойлонуп туруп Майрык-чаар-Жезкемпир.-сурап калдың, бирок тез кет бул жерден. Жетимдерди алыс жерңе аман жеткир. Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңдү унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүндөн көр.
     Бугу-Эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди алкап узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты:
-Балдарым, мына эми мен силердин энеңрмин. Мен силерди ак кардуу алкак ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир-Тоосу бар, боордон токой чери бар, ортосунда Ысык-көлү бар жерге алпарам. Кыргыз тукуму курт болуп кетээрде экөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын, укум-тукумуңа мекен болсун деп мен ал жерди теңирден сурап алдым.
    Балдар так секирип кубанды, тепеңдешип Мүйүздүү Бугу-Эненин соңунан чуркап алды. Жүрөр жол алыс, укыйыры жок жкрдин бир четинен бир четине. Узак жолдо балдар арып-ачты, алдан тайды. Бугу-Эне балдарын ак сүтү менен багып жүрүп отурду, күн ысыгынан көлөкөлөдү, Суук түндөрдө бооруна кысып жылытты. Эне сүтүнүн кубаты канчалык, кечкисин тырп этип жыгылган балдар эрте менен так секирип ойноп турду. Нечен күн, нечен тун өттү, эски мекен Энесай жан кейитип алыс калды, жаңы мекен Ысык-Көл көздөн учуп алыс жатты. Эки жолу кыш өтүп, эки жолу жай келди, балдарын ээрчиткен Бугу-Эне ашуу ашты, бел басты, агыны катту суук кечти, мээ кайнаткан чөл кезди, бирок чарчадым чаалыктым дебей, балдарын ак сүтү менен кубаттандырып, таалбай жүрүп отурду. Кээ күнү үйүр тобу менен бөрүлөр кууду артынан. Бугу-Эне балдарын жонуна мингизип алып, жырткычтардын алып качты. кээ күнү жаа тарткан мергенчилер кубалады артынан. ,,Бугу адамдын балдарын уурдап баратат, Карма! Карма!" деп айкырып, жаа тартты мергенчилер. ,,Бул адамдардан жакшылык жок, балдарым, бекем отургула!"-деп Бугу-Эне жебеге жеткирбей качты.
     Ошентип жүруп отуруп, акыры Бугу-Эне балдарын Ысык-Көлгө жеткирди. Туу чокудан карап туруп, көргөн көздөрүнө таң калышты. Тегеректе курчаган ак карлуу алкак Ала-Тоо, боор жапкан жер токой, ортодо мөлтүрөгөн имир көл. Буурул жал толкундары арылдаган шамалга бир четинент түрулүп, бир четинен үркүп жатат. Көлдүн баш-аягына көз жетпейт. Этегинен күн чыкса. төрүндө али тан ата элек. Тегерете курчаган алкактанган Ала-Тоо чокусуна сан жеткис, Ала-Тоонун аркасы мунарланган Теңир_Тоо катарына сан жеткис.
 -Мына ушул жер силерге мекен болот,-деди Мүйүздүү Бугу-Эне.-Жер тилип, эгин эккиле, мал багып, балык уулагыла, ошентип бейпил кеңчилик, бейкут тынчтыкта миң-миң жыл өмүр сүргүлү. Учуңар узарып, урук-тукумуңар көбөйсүн, алдыңарда бала басып, аркаңарда мал толсун. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерге укум-тукумуңар унутпасын, эне тилинде эл-жерин жаңазалап ырдап жүрсүн. Кишиден кем болбогула, башка элге тең болгула. Мен эми силерге, силердин укум-тукумуңарга Умай-Энемин, силер менен түбөлүккө бирге жүрөм.
      Ошентип кырылган кыргыздан калган уул бала, кыз бала Теңирдин батасы тийген Ысык-Көлдү мекендеп туруп калат.
      Убакыт куштай учту. Уул бала эр жетти, кыз бала бой жетти. Экөө баш кошуп, эрди-катын болушту. Мүйүздүү Бугу-Эне болсо сырттан калкалап, ушул жердин токоюнда жүрдү.
     Күндөрдүн бир күнүндө Ысык-Көл буркан-шаркан толкуп чыкты.Ал анткени-жаш зайыптын толгосу башталды. Эр адам чочулады. Зоокага чуркап чыгып, тегеректен  үн салды:
- Мүйүздүү Бугу-Эне, кайдасын? Ысык-Көлдүн толкуганын карачы. Кызың толготуп жатат. Тезирээк жетип кел, Мүйүздүү Бугу-Эне, жардамыңды бер!..
    Ошондо алыстан-алыстан жылаажын үн угулду. Шыңгыраган таттуу үн жакындагандан жакындады. Анан маңкаңдай чуркаган Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келди. Куру келбей, он сегиз айры мүйүзүнө бешик илип келди. Ак кайыңдан жасалган ак бешиктин туткасында күмүш жылаажын шыңгырайт. Ошол жылаажын ушу азыр да көлдүктөрдүн бешигинде илинүү, эне баласын бөлөп теметсе, мукам үнү шыңгырап турат. Азыр да жылаажын үн чыкканда Мүйүздүү Бугу-Эне мүйүзүнө айың бешик илип алып, бала төрөлгөн үйгө шашып келакандай болот..
    Ошентип, Мүйүздүү Бугу-Эне жетип келери менен зайып көз жарат.
-Бу бешик силердин тунуңарга,-дейт Мүйүздүү Бугу-Эне.-Жети уул, жети кыздуу болосуңар, баары ушу бешикте жатып чоңойсун.
    Ата-эне кубанды. Мүйүздүу Бугу-Эненин урматына туун уулунун атын Бугубай деп коет. Бугубай эр жетип, кыпчак элден колукту алат, бала-чакалуу болот. Ошентип Мүйүздүү Бугу-Эненин тукуму, Бугу уруусу улана берет,көбөйө берет. Эл толуп, Ысык-көлдү кылаалай конот. Баары Мүйүздүү Бугу-Энени үмай энебиз деп, атын-салтын ыйык тутат. Оюу ойгон, сайма сайган өнөрпоздор бугунун мүйүзүн салып көркөмдөшкөн. Басып келген жоого каршы чыкканда, же эргешип байге чапканда. ,,Бугу!"деп ураан чакырат. Мүйүздүү эне сыртынан колдоп, бугулуктар дамаамат жеңиштүү чыгат. Ысык-Көлдүн токоюна Бугу-Эненин балдары ак маралдар толот. Аларга эч ким тийбейт, эч ким үркүтпөйт. Маралды көргөндө жол жүруп бараткан бугулук киши артынан түшуп, жол берет. Бугулук жигиттер сүйгөн кыздарын  ,,ак маралдай маңкайып" деп, сулуулугун Бугу-Эненин балдарынын көркүнө салыштырып, эне тилинде ыр ырдайт.
    Ошентип эне салтын эл ыйык тутуп келе берет. Бир күнү жылкысы сан, кою түмөн бугулук бир бай киши каза болот. Балдары ат жеткен жерден эл чакырып, жер дүңгүрөтө аш берет. Көл кылаалай миң бир жүз боз үй тигилет. Ашка келген эл үйлөргө батпай толуп чыгат. Сандагын желе бээ байланып. сандаган саба кымыз көбүрүп-жабырып, союлган малга сан жетпейт, кайнаган казанга кызмат кылар эл түтпөйт, Кашкардан алдырган мейис тоо болуп, адам уулу көрбөгөн улуу аш берилет. Атабыздын арбагын көтөргөн даңкыбызды билсин келген эл, атадан калган түмөн малды аябас наркыбызды билген эл деп, байдын уулдары кербезден ...(Ээ, балам, ,,Адам акылынын жаркыны өчүп, дүнүйө тепкен кесири башынан ашса, арты жаман, кесепети калайман журтка тийет",-деген карыялардын сөзү ошондон калган....)
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:20 » Билдирүү # 23
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Аш берген уулдар мингизген аттарын алчылана минип, кийгизген байкасам чапан, суусар тебетейлердин жасана кийип, эл ичине жар салып, ырчылар ырдайт мактоо сөз таппай аттанышып:
-Күн астында, жер үстүндө мындай даңктуу улуу аш бергенди көргөн жан бар бекен?-деп ырдайт бир ырчы.
-Жер каймактап, Адам-ата Ава-эне жаралгандан бери мындай аш берген жан чыкпаган!- деп ырдайт экинчи ырчы.
-Ата-энесин сыйлаган, ата салтын ыйык тутуп, арбагын асманга чыгара даңктаган биздин элдей эл бар бекен дүйнөдө!-деп ырдаса үчүнчүсү;
-Эй, жаагы жанга ырчылар! Көзү өткөн байдын байлыгын, уулдарынын зоболосун даңктап айтар сөз бар бекен дүйнөдө!-деп ырдайт төртүнчүсү.
     Ушинтип ырчылар күн-түн дебей ырдышыт. 
    (Ээ, балам, ,,Ырчылар ой-маңызын унутуп, карандай сөз кубалап калганда ыйык ырдын кусуру урат",-деген карылардын кеби ошондон калган...)
    Ошентип жер дүңгүрөткөн аш нечен кун, нечен тун болот. Кулагы уккан, көзү көргөндүн баары таң калып, даңк айтып, балдарынын зоболосун көкөлөтө кеп кылат. Бирок балдары ага да каниет кылбайт. Мүйүздүү Бугу-Эненин тукумунан болчу атабыз , эми ата тукумунун даңкын чыгарабыздеп, атанын күмбөзунө бугунун мүйүзүн белги кылып коймок болот.
     (Ээ, балам:,,Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдаы кесири көпкө тийет",-деп айтчу эски кишилер).
     Алиги байдын балдары атанын арбагына ушинтип кесирлүү урмат көрсөтмөй болот. Мергендерди шайлап, туш-тарапка чаптырат. Мергендер он сегиз айры мүйүзү бугу таап, атып олтурөт да, мүйүзүн түбү менен омкоро чаап келет. Кулачы көктө кайыган бүркүттүн канатындай жайылган, он сегиз айры мүйүз экен, демек он сегиз асый бугу экен.Жарайт!-дейт аттыргандар  Усталарды алдырып, атасынын күмбөзүнүнүн маңдайына орнотушат.
    Аны көргөн ак сакалдар:
-Жосунуңар жолдо калсын. Мүйүздүү Бугу-Эненин тукумуна кантип кол көтөрдүңөр? -деп нааразы болушат.
     Байдын көпкөн балдары тескери сүйлөйт:
-Атылган бугу биздин жердин бугусу. Биз ээлеген жердеги кыбыраган жандыктын баары биздики. Өз жерибиздин макулугун эмне кылсак, өз ишибиз, силердин тиешеңер жок! Жоголгула!
    Мындай буйрукту уккан жигиттери аксакалдарды камчыга алып, атка кодоп тетири мингизип, айдап жиберет.
    Балаанын баардыгы мына ошондон башталат.
    Мүйүздүү Бугу-Эненин тукумуна каран түн тушөт. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат. Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзү орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот. Антүү колунан келбегендерди киши санынан чыгарып коюшат. Ошондон улам бугунун мүйүзү акчага сатылып, соодага жүрөт. Кээ бир карөзгөй камбылдар, бугунун мүйүзүн көп камдап, кардар бугулуктарга сатууну кесип кылып алат.
    (Э-э, балам, акчанын арааны жүргөн жерде адалдык орун таппай чыркырап качат"),
    Ошентип Ысык-Көлдүн бугу-маралы кыргынга калат. Аягы жан болбойт. Жайылган жайытынан куулат, түнөгөн түнөгүнөн сүрүлөт, арам ойлуу адам уулу жете алгыс деп аска-зоого жашынса да болбойт, жандоосулар ит агытып, мергенчилер өңүтүндө отуруп, короо-короо болуп качкан бугу-маралдарды короо-короосу менен кырат. Оболу ким  тандап атат деп мелдешкендер, эми ким көп сулатат деп мелдешет. Мүйүздөрү аркайган бугу-марал балбылдаган шамчырактай  көздөрүнөн аккан жашы курбагай боо түшөт.
    Акыркы көл тегерегинен бугу-марал жоголот. Кадимки жайытынан маңкайып карап турчу карааны өчөт, алты айры мүйүзун жоонуна чаап, жар башынан каргыган элеси өчөт. Тоо-токой ээн калат. Өмүрүндө маралды бир көрбөгөн, бирок ,,маралдай көзүң балбылдап" деп жигит кызга айтса, ,,келбетиң бугу келберсин" деп кыз жигитке айтып, жомоктоп жоктоп калган эл туулат. Качанкы кайран бугулардын мүйүзү кагжырап, ураган күмбөздөрдүн маңдайында гана калат.
   Ушул эле Умай-эне болгон Мүйүздүү Бугу-Эне кантти дейсиңби?
   Бугу-Эне адамдардын арамдыгына нааразы болот. Ит агытып, ок аткан адамдардын колунан тукуму бүт кырылып кетер болуп, саналуу гана марал калганда Бугу-Эне аларды касиетине калкалай качат, Ала-Тоонун аскасынан Теңир-Тоонун чокусунан бир аттап чыгат да, кылчайып Ысык-Көл менен коштошот. Ошо бойдон калган тукумун сактап, кулак укпаган, көз көрбөгөн бир жерлерге кетип калган экен. 
   Мына, ушундай болуптур, балам.Ушуну менен жомок тамам. Ишенсең ишен, ишенбесең өзүң бил.
   Бугу-Эне алигидей болуп коштошуп турганда көзүнөн жаш төгүп, арамдыкты каргап, адалдыкты зарлап кеткен экен дешет...
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:20 » Билдирүү # 24
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Тоо-токойдо коңур салкын күз келди. Жайдын ысыгы өтүү. Жайлоодон бетеге-чайыр жыттанган мал түшүп,төмөн кыштоосуна кетти. Малдын чаңы басылды, малчылардын жаккан оту өчтү. Кыраан болгон эл кетти. Тоотокой ангырап ээн калды.
    Анда-санда шаңшып коюп, асманда канат какпай жалгыз бүркүт каалгыйт. Жайкысын мөңгү үрөн эрип, ташкындап аккан суунун шары бастады, толкун жанчкан корум таштардын кара жалтыр жондору ачылды, суу кемер-кемерге ыктады. Шыралжын куурап куурай болду, тулаң куурап сары бычан болду. Суу жээктей өскөн замби талдын королу куйрук жалбырактары саргайып, жел жүрсө дирилдеп түшуп турду.
     Тоо баштарында күндө кабаттанып кар жаайт. Күндө эртең менен тура калып карасаң, кеээги кара кырлар буруул тартып, кар жамынып калат.
     Кыпчыгай ылдый эртели-кеч ызгаар шамал согот. Бирок күндүзү капчыгай өрдөп төмөндөп ысык күндүзү илеби келип турат.
     Өйүздөгү аралаш токойду этектен түрө түтүнсүз өрт алгансып, жогору калың карагайлуу черди түптөп, кайың тал кызыл-сары түскө боелгон. Айрыкча өр талаша тырмышып бадал кочкул кызыл, куйкул сары түстөнүп, күн батарда кубулжуп турат. Андан өөдө аска-заану алкымдаган чер токойдун ичи кадимкидей таза. эзелкисиндей сүрдүу, күүгүмдөнө тынч. Күрөң, жоон сөңгөктөрдү көктун тирөөүндөй, тизесиндей жерге батып, эчтемени кенебей калбаат, чер арасы көлөкө салкын, дабыркай чайырдын жыты буруксуйт, кылымдап түшуп жатып ныкталган күрөң тикендери көң болгон. Ал жер тынч, ал жер сүрдүү.
    Бирок бүгун эртеден бери кардуу тоону жаңыртып тандырдын тынчы кетти. Токой үстүндө үйүр-тобу менен удургуй учуп, жаны тынбай чулдап келет. Токой арасынан балтанын үнү угулуп. андан үркүпучкан таан ошо бойдон төбөдө айлана учуп чуулдап, эми ылдый карай карагай сүйрөтүп бараткан эки адамды эки бура бастырбай ызы-чуу салып келет.
      Кескен карагайды эки адам атка сүйрөтүп келатты. Орозкул атты жылоолоп, алдыда. Плащынын өңүрү улам бир чегедекке, бадалга илдирип, мала тарткан өгүздөн бетер кышылдап, кара-көк болуп түтөгөн неме чүйүлү буржуюп, кыйналып барат. Ооналактай сүйрөлгөн карагайдын улам бир жагына секирип, артта Момун чал келет кедеңдеп. Тоо бийигине күйүп, ал байкуш да кыйналып өпкөсүн кага дем алат. Коуңдагы чоң кайың бакан, карагай каягына оонаса ошол жака жер сайып тосо калат. Кээде карагай дүмүргө, же ташка такалып калып жатат, Анда келип чыгарат. Тик ылдый бетте тууралана калып, томолонуп жүрүп берчүдөй болот.Антип томолонду дегиче, ат-паты менен баары куруду дей бер. Андай кырсык болбогой эле деп тилеп барат Момун.
    Тоодон ылдый карагай сүйрөткөн опурталдуу иш. Бакан тосуп, аста-асталаганда да, алдыда ат жетелеп баратканда да коркунучтуу. Карагай оонап кеткенде Орозкул эки-үч курдай чылбырды таштап, четке чыга качты. Кайра кылчыйса, Момун чал тарамыштай тырмышып, качан Орозкул кайрылып келип, атты жетелейт деп, баканды жерге матыра карагайды кептеп турат. Бетегелүү боордон буту тайса эле карагай аны убалик жайган камырдай жалпайтып кетчүдөй. Ошондой бир кокуста Орозкулдун бети чымырай түшөт. Бирок, өзүгңүн бетиң чымырабаса, өзгөнүн бетине көө шыба деген эмеспи. Антпесе Орозкул Орозкул болмокпу.
-Сен эмне, менин көзүмү тазалай албай жүрөсүңбү?-деп опуртулду ал кайнатасына.
    Карыя кишиге катуу айтканыңа жол болсун,-дегендей тегеректе жан адам жок. Орозкул ошону билип айтты.
-Кантесиң, балам, кырсык болсо алды менен мен кетип атпаймынбы,-деди Момун акырын күңүдөп. Анда Орозкул ого бетер ачуусун чыгарды:
-Атакөй-ээ, көрсөң муну! Сен жашаарыңды жашап, ашаарыңды ашып алдың. Сага эмне! А эгер мен кокус болсом, тиги куу этек, кызыңды ким алат? Ыя, аны ойлогон жоксуңбү?...
-Таш боорсуң,ээ,балам. Улуу экен деп бир сыйлап койбойсуң го...-деди Момун шагы сынып.
    Мындай жооп күтпөгөн Орозкул токтой калып, чалды чамалагандай таманынан так төбөсүнө чейин акшыя карап алды.
-Эй, сендей чалдар боорун отко кактап очоктун башында жатат, билесиң. Сен дагы да болсо маяна жеп жүрбөйсүңбү. Ал кимдин аркасы менен дейсиң? Мына, менин мендигимен. Дагы кандай сый керек сага, ыя?
    Момун жылдызы түштү.
-Жөн эле оозума келгенин айтып койдум да,-деди бүжүрөп.
-Анда оозуңа карап сүйлөп жүргүн!
    Момун кыңк этпеди. Экөө эңкейишип жүрүп отурду. Анан бир белести ашып, тайпаңга эс алып токтошту. Карагай тарткан ат кара терге түшүп, кылчылдап турду.
    Таандар деле тынч албай, чуулдап. төбөдө жүрдү. Калың тобу менен бүгүн кечке чууулдачудай болуп, бир жакка учуп да кетпей, кулак-мээни жеп жатты.
-Быйыл кыш эрте келчүдөй, ошого чуулдап жатат го,-деди Момун сөздү башкага буруп, Орозкулдун көңүлүң саал жумшартышка.-Тооашып кетүүгө камынып калышкан го. Биз тынчын алып койдук окшойт, ошого чуулдашып жатабы,-деди таандардын ызы-чуусу үчүн күйөө баласынан кечирим сурагансып.
-Тынчын алган ким экен?-деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылайды. Бетине кан тээп, кара-көк болуп чыкты.-Көп тантыбагын, абышка, -деди акырын ызырына.
    ,,Көрсөң жалындын башын чыгарып турганын! Сенин тандырыңын тынчы кетет деп, бутак сындырбай, карагай кесе албайт экенбиз го. Тапкан экенсиң майбашты! Азырынча бул жердин ээси менмин",-деп ичинен кыжырланып алды да, төбөдөгү чуулдаган таанды бир карап алды да, төбөдөгү чуулдаган таанды бир карап койду. - Азыр колума пулемейт болсобу!...-Анан оюн бүтпөй терс бурулуп, ашата сөгүндү.
    Момун унчукпады. Күйөө баласынын богоозуна ал башы кулак болуп калган. ,,Жини дагы кармадыбы,-деди ичинен кейип. -Ичип алса да жинденет. Эртеси башы ооруса да, сиркеси суу көтөрбөй калат. Эмне үчүн адам баласы ушундай болуп кетер экен?- деп Момундун айласы түгөнөт. -Жакшылык кылсаң, жамандык ойлонот. Же уялып койсочу, же ойлонуп калсачы, тобоо! Ушундай боло келген, ушундай болуп атат, ушундай боло бермек деп ойлобойбу. Айтканым айткан, дегеним деген, меники гана туура дейт да турат. Көзүн карап, көпөлө болуп чарк имерилбесең, зордоп көндрөт. Дагы ушинтип башкарганы эки-үч киши болуп, токой арасына калганы жакшы болгон экен. А кокус чоңураак бийлик мындайлардын колуна тийсе эмне болмок? Кудай, бетин көрсөтпө....Анан калса ушундай кишилердин аягы суюлбай чыга бегенине кантесиң. Өзүм гана деп турат: мен, мага, мен үчүн деп, жаныңд сууруп алат. Көрүнбөсөң жоктоп турат, бекинсң таап алат. Бирөөнүн канын соруп турбаса жаны жай албайт. Ошондо деле ушулардыкы туура болуп чыга келет. Мындайлардын уругу үзүлбөйт экен го..."
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:20 » Билдирүү # 25
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
-Эс алдык, болду,-деген Орозкулдун үнү чалдын оюн бузду.-Кеттик!-деп бурулду Орозкул. Жөнөп беришти.
      Орозкул бүгүн таң эртеден бери ачуулу. Эртең менен балта-чотту алып, суудан өтүп, токойго жөнөрдө Момун чал баланы мектебине алпарып келе коеюн деп жинине бир тийген. Алжыган чал да! Күндө эртең менен ат токуп, баланы бир жеткирет, түштө дагы чаап барып, мектептен апкелет. Мынча эмне таштандынын убарасын тартат! Кокуй, мектебине кечигип калбасын деп шашып турганын кантесиң. Кудай берди болуп, бүгун быякта мындай иш чыгып атса, акыры эмнет менен бүтөр экен деп, жан кыйпычыктап турса, чал жинге тийбедиби: балам дейт, мектеби дейт.... ,,Азыр эле жеткире коюп, кайра чаап келе калам. Бала мектебинен кечиксе мугалим эжейине уят болор",-дейт. Уялары жанагы куу жамбаш келинби, беш жылдан бери ийининен бир пальто түшпөйт. Качан көрсөң бир колтук дептерлерди бооруна кысып бараткан. Качан көрсөң, кол көтөрүп, райондун жолуна турганы. Эмне керек эле? -Мектепке көмүр керек эле, айнек керек эле деп, бор керек эле....Жөндүү мугалим болсо ушу мектепке келмекпи? Кенже мектеп деп, койгон атын. А көрө, жетим мектеп деп койсо жакшы болмок. Ушундан окуп чыккандар кайсы киши болуп жатытаар дейсиң. Чыныгы мугалимдер шаарда. Алардын мектеби да жарашкан. жалаң эле айнектен салынгандай. Мугалимдеринин тагынганы галустук. Шаар ошонусу менен шаар да....Ал жерде чоңдор иштейт, машине менен зуулдап көчөдөн чоңдор чоңдор өтүп турат. Машинелерчи! капкара болуп күнгө жалтылдап, үнү угулбай жаныңдан жабылжып өтүп баратса, дене боюң дүр этет, зыңкыя катып тура калгың келет. Шаардын эли аны да байкабайт, өз бет алдынча уйгу-туйгу шашып баратканы.Жашоо деп мына ошо шаардагы жашону айт!
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:21 » Билдирүү # 26
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ошоякка жылып, ошерде орноп калсаң. Шаарда кызматыңды, чоңдугуңду сыйлоону билишет. Урматтай турган ишпи, ошол иштеги кишини урматтагың. Кызматың канча чоң болсо, сага келген урмат да ошончолук бийик. Маданяттуу эл да. Бирөөнүн арагын ичип, этин жедим эле, бирөөдөн жашынып пара алдым эле, ошол үчүн карагай кесип кутулайын деп, мынтип убара чегүү шаарда жок. Ал жерде жегендей жеп, айтып койсоң аткарылат. Элүү сом, ашып кетсе жүз сом үчүн карагай кесип берип, анан дагы качан үстүмөн жалаа жазып жиберет экен деп калтырап жүрбөйсүң ал жерде..Э караңгылык!
Шаарга барсам кана...Эгер шаардан жылуу орун колго тийгендей болсо куйрукту шарт түйүп, тоо-токоюң менен жерге кир, катып саткан карагайң менен, кууьжатын катының менен жерге кир , алжыган чал, асыранды балаң менен жерге кир деп басып кете бербес белем! О, анда мен азоо айгырдай азынып турбас белем! ,,Орозкул Балажанович, кирүүгө можина? "-дегизип жалдыратат элем го даалайды, Түпкүчтөй түйүлтөт элем го кээ бир ак жүрөктөрдү. Ошерден бир шаардык катын албайт белем. Албаска эмне экен? Алиги микрафонун тумшугуна кармап, соруусун чайнап ырдыган сулуу артис келиндердин бирин алып алсам жарашпайт бекен. Андайларга кызматы чоң эркек болсо болду дешет. Галустук тагынып көчөгө чыксаң сулуу катының колтуктап жанаша басса. Экөөбүз киного жөнөсөк элди как жарып. Катыныңын шиш такасы тыкылдап, атыры каңылжаарды жарып турса. Жандай өткөн кишилер жыт алган иттей тумшугун сундура артынан карап калса. Ыя, жыргал эмес бекен? Анан бала тууп берсе. Уулумду прокурор окуусуна киргизип, кызымы рояль чалар өнөр үйрөтөт элем. Шаардын балдары зирек келет, бат эле көзгө урунат. Элеттин одоно тилин жактырбайт, эки жашабай орусча тили чыгат, суудай сүлөшөт. Анысы да абзел го, болбосо ушу Момун чалдын жупуну тили кимди кайда жеткирмек. Балдарың: ,,Папочка, мамочкалап" турушса, сураганын сатып бербес белем. Менмисинген далайга көрсөтөр элем көргүлүктү, Орозкул бакан мына деп, таанытат элем, атаңдын көрү! Эмне, ошолордон кем бекем? Жогор жакта отургандар эле менден кыйын дейсиңби? Мендей эле буту айры, башы кара кишилер. Болгондо аларга бак айтып коюптур. Мага айтпаптыр. айтса, учурунеда башкага азгырылып, кармай албай калыпмын. Өзүмөн кетти. Токойчулук курсту бүткөндө кызматка ашыкпай, шаарга бет алып, техникумга же институтка бой урсам го, ушу тапта алды болбосом да, бирден кийин болуп турбасам белем. Кызматка кызыктым да. Кенже болсо да, кызмат дебедимби. Мына жапайы тоодо уурданып карагай сүйрөп жүрөм. Анан калса мобу таандардыкы өттү, энеңди...Эмне эле төбөдөн кетпей чуулдап калган? Пулемет болсочу азыр...
Орозкулдун капаланар жөнү бар болчу. Жайды жайлата ойноп күлдү.Эми жай кетип, жай менен кошо күндө бир чабан, же жылкычыныкына кадырлуу мейман болуп дөңгүрсүгөн чагы кетти, бөксөрулткөн күз келди. ,,Кызыгы жайдын тез өттү, кыштоого кайрат кез жетти..."-деген ырдай болду.
Күз келди, күз менен бирге Орозкул жыйында көргөн сый-урматынын акысын, ооз көптүрүп берген убадасын, күзгө чейин деп алган карызын төлөөр учур келди. ,,Ой, жаман, аракты антип ичпейт, минтип ичет",-деп кырдуу стакан менен толтура куйдуруп, тартып жиберип, ууртунан май агыза жал чайнап, же куйрук-боор сугунуп, дүнүйөсү толуп отурган чактарга сөз кыябы келе калганда: ,,Эмне? Эки устун карагай элеби? Айткан оозуңдан айлансын! Качан келсең даяр", деп айтчу Орозкул.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:21 » Билдирүү # 27
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ошентип ичкен арак менен алган тартуулардын акысына Орозкуал эми минтип кара терге чөмүлүп, дүнүйөнү түгөл сөгүнүп, тоодон карагай сүйрөп баратат. Берген март эмес, алган март деп тартынбаган Орозкул эми минтип азабын тартып баратат. Ойлоп көрсө, бүт өмүрү азапка малынгандай. ,,Э, баарына кол силкип  таштап, басып кетсем эмне!" -деген ой кылт этет жаны кашайганда. Бирок эч жака кете албасын, эч жерде эч кимге кереги жоктугун, каалагандай жашоону эч жерден таба албасын ойлойт да, ындыны өчөт.
Карызыңды төлөбөй ушерден кетип көрчү! Өзүнүн эле шилекей алышкан достору көзүн чукууруна акылы жетип турду. Азыр эл бузулбадыбы. Мурдагы эле жылы бугулук бир тууганынан бир устунга козу алып, күз келгенде карагай кескени тоого чыккандан эринип койгон. Айтканга оңой, а тиги  жан боорго өлүп-талып чыгып барып, карагй кесип, кайра сүйрөп түшүп келчи. Кылым чамалаш турган карагайды ары-бери оонатып көрчү. Алдыңа алтын төксө да моюн толгоорсуң. Анан калса каргашадай болуп, ошоь күнү Момун чал ооруп калган. Жалгыз адамдын колунан келер жумушпу ошол. Жыгарын жыгарсың карагайды, бирок тоодон жалгыз сүйрөп түшмөк кайда... Ал күнү жалгыз каларын билгенде го мурдатан Сейдакматты ээрчитип барып, даярдап коймок. Аны ойлобогон Орозкул тууганына этектеги жаш карагайдан берип кутулмай болду. Антсе тиги чалкасынан кетпедиби: ,,Козу жегенди билесиң да, сөзгө турганды билбейсиңби?"-деп, белдүү карагай алмайынча кетпеске чыкпадыбы. Жини келген Орозкул, алсаң ушул, албасаң жогол көзүмө көрүнбөй деп, кууп жиберген. Ал жигит да жемин жедирчүүдөн эмес экен, ,,САн-Таштын корук токоюнун абжашиги Орозкул Балажановтун үстүнөн арыз" деп, калпты-чынды койгулап жазган экен, аны окусаң төбө чачың тик турат, ,, социалисттик токойдун бүлдүрсүгү" катары, Орозкулду суракка албай туруп атып салса болчуудай. Мына ошондо Орозкулду көрүп ал, балээден башы кутулбай райондун комиссияларынан баштап, токой министирлигине чейин текшерүүгө түштү. Көп убаракерчилик менен араң кутулду... Мына тууган ! Аны билбей: ,,Баарыбыз тең Мүйүздүү Бугу-Эненин балдарыбыз. Тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололу!"-деп коюшат экен. Былжыраган оокатыңды урайын, сокур тыйын үчүн биринин канын бири ичип, же камакка тыга салуудан кайра тартпай турушса, кайдагы кудайым тааныбаган бугуну кеп кылышат! Илгерки эл ишенчү экен бугунун жомогуна. Ошончолук кем акыл, караңгы болгон экен да илгерки эл, арга жок күлөсүң! Азыр болсо баары маданияттуу, бары билимдүү! Баланын жомогуна азыр ким муктаж !
Ошондон кийин Орозкул тууганды карабаса, Мүйүздүү Бугу-Эненин түгүл, теңирдин баласы болсо да адамга жакшылык кылбаска, башкача айтканда, карагай эмес чегендек бербеске өзүнө өзү сөз берип койгон. 
Бирок кайра айланып жай келди. Көк тулаңдын арасына тизген жумурткадай болуп боз үйлөр келип конду, шилекей чурутуп козу маарап, өрүшкө мал толду, башат башына, суу жээгине очок орноп, от күйүп, казан бууланып, жыты кыңылжаарды жарды. Күн жаркырап тийип, кымыздын жыты гүлдүн жытына аралашып, баш айлантты. Көк майсаңга салынган мамык төшөктө куш жаздык жазданып, дос-тамырдын арасында кадырлуу мейман болуп, кымыз ичсең, багалаң козунун этин жесең, андан ашкан ырахат барбы бу дүйнөдө. Эл дуулдап сүрөп турса, чоң стакан аракты тартып жиберсең, көзүң кылгырып, башың дүңгүрөп, дүнүйөң толуп чыкпайбы да, өзүңө жанды теңебей, карагайды түбү менен жулуп бермек мындай турсун, тигил тоону томкоруп жибербейсиңби ...Андай кезде Орозкул өзүнө тберген антын унутуп койчу. Жөн Орозкул эмес, корук токойдун кудурети чоң кожоюну деген атка конуп, мартабасы балант көтөрүлөт. Мактоо сөзгө дени жайылып, алдыга келген тартууну тартынбай ала баштайт. Тартуунун жообу артык бериште да...Орозкул антип отурсун, а тыякта эртегинин эстелиги деп эл сактап жүргөн корук токойдун ичиндеги кылымдык бир карагай күзүндө кыйылып жерге кууларын билбей зыңгырап турат. Ал аңгыча этектеги эгинди бышырып, кырдын чөбүн саргайтып, күз кирип келет. Бирде керимсел болуп нымшытып, бирде сыдырым болуп чыйрыктырып, жердин жашыл иреңи кыярып, бак-дарактын жалбырагы саргайып, дирилдеп уча баштайт.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:21 » Билдирүү # 28
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ошентип мөмө-жемиш бышкан күз келди. Козу бөлгөн күз келди. Аялдар карын-карын майын, бышкан толгон курутун кышка каткан күз келди. Эркектер жайлоодон түшөр көчтү ким баштасын деп кеңешкен күз келди. Орозкул, убадаң кана, мына биз келдик деп, доочулар келер күз келди.Мына бүгун кечинде да эки карагайды жүктөп кетишке прицеп сүйрөткөн машине айдатып, дагы бир доочу келмек. Карагайдын бирин кечээ күнү эле сүйрөп түшуп, суудан өткөрүп, машине келчү жерге жеткирип коюшкан. Экинчиси мына, сүйрөп баратышат. Эгер жайында ичкен-жегенин кайтарсаң азыркы түйшук, кыйнооңон кутуласың десе, орозкул жан деп макул болор беле...Бирок антиш кайда, ичкен-жегендин баары жумурудан ары алдагачан өтүп кеткен.Атаганат, бу жапайы тоодогу жапан тагдырыңды өзгөртөр айла жок тура: эки бирдей корук карагайды түн катып алып кетмекке прицеп сүйрөгөн машина кечинде эле жетип келет. А көрө аман-соо жеткирип алышса де. жол савхозду аралап, болгондо да савхоздун конторунун түбүнөн өтөт, ал жерде милиция, мамлекетик инспекция көп келип калчу эле, же райондон келип калганы болобу...деги көзгө чалдыкпай өтүп кетишсе болду. Кокус бирөө-жарым көрүп калып: ,,Эй, бу карагайды кайдан алып келатасың, кайда алып барасыңар?" -деп токтотуп калса, кудай урду дей бер. Муну ойлогондо Орозкулдун жүрөгү зырп этет. Анан жини кайнап чыгат, төбөдө чуулдаган таандарга, артта шөлпүлдөп келаткан шорду Момунга, башка күн түгөнүп калгансып, ушу күнү картөшкө сатмакка шаарчылыка кеткен Сейдакмат акмакка жинденет. Тоодон карагай түшүрөбүз дегенди билбеди беле ал урган! Билип туруп, жылт койгонун кара... Эми базары бүтмөйүнчө келбеси бышык. Ал болгондого Момун экөөну жумшап коюп, өзү минтип кыйналбай үйдө жатпайт  беле. Эми ачуучун кимден чыгармак? Сейдакматка опурулайын десе, дайын жок. Таандарды кырайын десе, колунда куралы жок. Катыны жанында болсо бырпырата басып калмак эле, ал үйдө, үйгө жеткиче али итапкан жер. Колго тийгени жалгыз Момун. Кара көк болуп түтөөгө күйүгүп, үстү-үстүнө сөгүнүп Орозкул атты да, Момунду да аябай, атайылап ит мурун, караган түптөрүн аралай жетелеп баратты. Ал өлбөсө доңуз копсун, тиги чал ылайым ит өлүмүн тапса экен же жүрөгү жарылып, өзү ушул жерде калса да мейли! Өзү кыйналганда башкаларга эмне үчүн жеңилдик болуш керек? Баары кыйналсын! Орозкул оюндагыдай даражалуу чоңдука жетпес болуп курулган ушул дүйнө түбү менен талкаланып кетсе экен! Эгер дүйнө түгул бузулар болсо орозкул өлүүдөн баш тартпас эле. Өз оюна уккан Орозкул тик ылдый салды. Лепилдеген Момун чал үстүнөн токтотуп көрсун деп өчөштү. Кокус токтотпой көрсүнчү! ,,Карыган макоонун төбөсүн түшүрө коем!" -деди ичинен ызырынып. Башка учурда устун сүйрөгөн атты мынтип тик ылдый жетелебес эле. Азыр аны ачуу жетеледи. ,,Кокуй, Кайда? Токто! "-деп Момун кыйкыргыча устун чынжырын толгой оонап кетти да, караңгы жапырып тоголоду. Кургай элек оор карагайды токтотуш кыйын болуп калган. Момун далбасалап баканын сайганда колунан ыргыта кагып кетти. Кармана албай ат кулады, кулап баратып Орозкулду көмөлөтө койду да, карагайды сүйрөлүп, көчүгүнөн сүрдүктү. Орозкул жумалактанып, караган түбун апчый албай колун тыттырып, далбасалап жатып калды. Мына ушул учурда кандайдыр айры мүйуз жаныбарлар бадалдан үрктү. Чың моюндарын кейкейте бир кылчая карап алып, так-так бийик секирген бойдон калың кайыңды аралап кетти.
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Ак кеме
  • Страница 2 из 2
  • «
  • 1
  • 2
Поиск: