[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 2
  • 1
  • 2
  • »
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Ак кеме
Ак кеме
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:10 » Билдирүү # 1
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Бу баланын эки жомогу боло турган.Бири-жаан билбеген өз жомогу,экинчисин таятасынан уккан.Акырында эки жомогунун бири да калбады.Кеп оролу ушунда.
  Ошол жылы бала жетиге толуп,сегизге аяк баскан.
  Оболу кара дермантин портфель колго тийди.Боорунда калем-салем салар жамак чонтоктүү,жылтырага темир килити бар,кулпунун тилин тээке салса,чырк этип бекип калат.Кыскасы окуучунун кадимки портфели. Бирок балага кадимки эмес,укмуш көрүндү.Кеп ушул портфелден башталды.
  Китеп капты кыдырма дүкөндөн таятасы сатып берген. Бул жердегилер,,Апталап" деп коюшат.Тоодогу малчыларды тейлеген автолавка кээде Сан-таштын токойлоруна кайрылып калаар эле
  Кордон деп койот токойчулардан турган жерин,ушул жерден көкту-колотту өрттөп,кыр кырдын тескей боорун таянып,ынкып өскон корук токой бар.Көрдөндө тургандар болгону үч түтүн журт.Ошого карабай кээде соодасы кемчил болгондо,,Апталап"-машине-дүкон токойчуларга кайрылып калат.
  Үч үйдүн ортосундагы жалгыз бала,,Апталапты"баарынан мурда көрөт. 
  -Келатат!-ал эшик-терезелердин түбүнөн кыйкырып өтөт.-Машине-дүкөн келатат.Атпагыла!Атпагыла!
  Ыссык-Көлдүн жакасынан башталган араба жол капчыгайы өрдөп ,суу бойлоп олтуруп,ушерге келет. Өнгүл-дөнгул сызма жолдо машиненин жүрүшү да оной эмес.Капчыгайдын таманынан кароол дөбөнүн белине чыккычакты жантай боордо өлүп-талат,анан кароолчулардын короо-жайына жеткиче энкейиш апай бетте декилдеп журуп олтурат. Кароол добо жакын,жайкысын бала кудайдын кутту куну жугуруп чыгып көзгө дүрбү салат. Кароол дөбө дегенчелик бар,ал жерден таман алдындагы кара жолдон аттуусубу-жөөсүбү,кыбыр эткендин баары алакан отургандай көрүнүп турат. А машинени айтпай эле кой,төтөн даана.
  Мурда бир жолу бала апай бетте чан уюлгутуп келаткан машиненин тосмо көлчүгүндө киринип жатып көргөн. Анда жайдын ыссык кези. Тосмону агын суунун тайыз жээгине таятасы тосуп берген. Ким билет,ушул тосмо болбосо бала бу күндө тирүү ойноп журөт беле,жок беле. Таенеси айткандай ,кашка суу алда канча баланын этин мүлжүп,сөөгү Ыссык-Көлгө буркуп салмак.Сөөктөүн былык-балырлар жыттагылап,дыр кое уркүп турмак. Издеп алар күйөөрү жок,сууга тушпо деп канча какшаса да болбогон тил азар баланы ким жоктомок,ким кейимек. Багы бар экен,азырынча сууга кете элек. Ал жерде кокус болсо таенеси жанын таштап,сууга бой ураарын кудай билет. Өз болсо да бир жөн,өгөйсүн деп жүрбөйбү таенеси.Кара жаныны курч уруп канча куйбөгүн,өгөйдөн убай буюрбайт.Өгөйсүнбү.....деген ошондон. А эгер бала өгөй болбойм деп чыркырасачы.Эмне үчүн бала гана өгөй болушу керек.А балким,бала эмес,таене өзу өгөйдүр.
  Бирок бу сөз кийин болсун,таятасы калап берген тосмону да кийин айтайлы.
  Ошентип,бала тиги жантай боордо чан уюлгутуп келе жаткан машинени коро койду. Анан калса ошол куну китеп кап колуна тийерин билгендей аптыга сүйүндү. Суудан ыргып чыгып,ыштанын ана-мына кийди да,кургабастан,көгөргөн эриндерин кымтый албай,жалгыз таман жол менен уйго чуркады,машине-дүкөндун кабарын элден мурун жар салууга шашты. Шыралжын туптөн секирип,көрүм таштарды буйтап,эч жерге буйталбастан чымылдай 
чуркады бала. Жайында баратса ардемеге бир токтоп,чөп болсо сыдырып,таш болсо сылап,сүйлөшүп өтмөк. Азыр ал достору таарынат бекен деп ойлободу.,,машине-дүкөн келетат.Сага анан келем деп -деп өттү чөгүп жаткан,,төө-ташка".Жоонун энилчек басып,бел чемесин жерге батып,чоккөн төөгө окшош ташты Төө-таш деп атап алган бала.Башка учурда анын өркөчүнөн таптай койбой,кыя өтпөйт. Таптаганда да таятасы чолок куйрук чөбүрүн,,азыр келем,күтө тур"дегенсип таптаганын көргөн,ошентип таптайт.
   Баланын ат койбогон ташы жок. Дагы бир корум,,ЭЭр-таш"аталат. Жерден чыккан көөдөнү бурулуп,жоону кара,кайкы бел корумду,,ЭЭр-Таш"дейт. Дагы бир ,,Кашабан"деген ташы бар,куду кок жал бөрү кейиптенип көксүр,жалы түктүү,жар кабак. ,,Кашабанга"бала ар качан өтүп келип,мылтыгын мээлейт да,,,тарс" атып жиберип,анан учурашат.Баарынан анык ташы,,Танке-Таш". Керстендей болуп күрсүйүп,кемерлүү жээкте жатат. Куркүрөп-шаркырап азыр эле сууну жиреп кирчүдой,ак көбүк чачыратып,буркан-шаркан түшүрчүдөй.Кинодогу танкалар ошентип журөт эмеспи,ойду-тоону кенебей.суу бет келсе шыйрагына тенебей.опуруп-жапырып кете берет эмеспи.Тиги белдин нары түбүндө айыл бар,кино болуп турат,таятасы баланы эки-үч жолу алып барып келет. Мобу сууга тумшугун малып олтуруп калат. Дагы башка тааныш таштар коп:бири,,жаман",бири,,жакшы",атүгүл,,митаам", ,,куукаптал", ,,макоолору"да бар.
  Бала чоптөрду да кыял-мунозуно жараша бөлүштүрүп алган, ,,жакшы көргөнү"да, ,,жаман көргөнү" бар,атүгүл ,,ачуулусу" да жок эмес. Мисалы көк коко тикен айыгышкан душманы,күндө нечен иреет чабышып өтпөсө чыдап тура албайт. Бирок,кимиси женеери белгисиз,коко кун санап  көбөйуп,өсүп бара жатат. А тиги жол жээктей жер бортоктоп өскөн чырмок болсо,өтөө деп эл жаман көргөнүнө карабай,балага сүйгүнчүк,эстүү чөбүм,жымыгый чөбүм деп келет аны. Башка чөптөр түшпү,кечпи капарына албай өз бетинче өсүп атса,чырмоок күнгө алгач гүл ачып салам айтат.Кундүн нуру мандайын жылыткан кезде кулмүндөп көзүн ача келет.Оболу бир көзүн акырын ачып,анан экинчи көзүн,анан көздөрү жумулуп жаткан гүлдорү биринен сала бири жыбырап ачылат.Ак гүлү,ак көгуш гүлү,дагы башка-башка түстөгү тенге гүлдөрү бар чырмооктун..эгер жанында тынч олтурсан,көз ачкан гүлдөр өз ара бир кызык сырдашып жаткандай туюлат.Адам эмес кумурска билет,гүлдөрдүн бул өнөрун. Эрте менен чырмокту бойлой жүгүрүп бара жатышып,кумурскалар күн нуруна көз уялып токтоп калышат да,гүлдордүн ангемесин угушат. Гүлдөр эмнени сүйлөшүп жатты экен ал учурда.А балким түш жорушуп жатышкандыр...
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:11 » Билдирүү # 2
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Күн төбөгө чыгып,аптабы көктү ичине уюган маалда бала бийик шыралжындын түбүнө кирет. Гүлү жок болсо да,жыты буруксуган шыралжын түп-түп болуп бийик өсүп,Арасына башка чөптү жолотпойт.Балага калганда шыралжындын дагы бир артыкча досчулугу бар:Бирөөдөн кагуу жеп таарынганда,же кусалык көкүрөгүнө толгондо,эч кимге көрүнбөй ыйлагысы келип,шыралжындын арасына жетип кирет. Жел жүрбөй үп болуп турса да,өпкөсүнө батпай солуктаган бала шыралжындын буруксуган чайыр жытын кере жутуп,салкын түбүндө жатат. Чалкалап жатып алып,асманды тиктесен,шыралжындын тарам-тарам учтары көктү жаппайт. Үп турган ыссык аба акырек-алкымынды нымшытат,бирок чыйыр жыты түтөгөн канырыгынды жазат. Көздү тумандаткан ыссык жаштан оболу асмандан эчтеме корунбойт. Бирок аздан сон каалгып булуттар келип,көк асманга каалаган оюнду куруп,энсеген элесинди тартып берет. Булуттардын эси бардай,азыр бала ыза болуп жатканын,көз көргөн,башы ооган жака басып кеткизип,учуп кеткиси келип,ошондот ызаа кылгандар далбастап эми канттик,кап-деп окүнүп,бармактарын тиштесе деп,каалап жатканын билгендей,булуттар түптүз көккө каалгып оюн курушат. Кетпесин бала,жоголбосун бала дешкендей,булуттар бирде арстан болуп жал үксөйтүп,бирде аккуу болуп моюн койкойтуп,түркүн элес тартышат. Ошентип көнүл алаксытат,сооротушат баланы. Бир эле булуттан миң түркүн сүрөттөр көрүнгөнүн тиктеп,жыты буруксуган,көктү жаппаган шыралжындын түбүндө бала олутун коюп жата берет...
       Бу тегеректеги чөптөрдүн дагы көп түрлөрүн,алардын ар түркүн өнөрлөрүн,мүнөздөрүн биле турган бу бала. Мисалы тиги боор каптан кумүш жылтыр көлбүгөн туланга баланын боору ооруйт.Кызык деги ушул тулаң чөп! Өз башына өзу ээ эмес,жел жүргөн жака жыгылат. Анан калса үлпүлдөгөн жибек чач баштарыжелсиз тура албагандай. Үлп эткен жел жүрсө апай беттеги калын тулан толкуп кетет. Арасынан качкан түлкү жөндөнүп,жылбыска толкун көлбүп турат. Ошол көркүнө маашыр белем,тулан куткөну желаргыдан бетер көйкөлөйт да көйкөлөйт. А кокус жамгыр жаап,же өткүн аралаш мөндүр түшсө,кудай бетин көрсөтпө,баш катар жер таппай далбас турат. Уйгу-туйгу жапырылып.Жандалбастап жерге жабышат. Жерге байланганда,качар буту болсо удургуп качып бермек. ...Бирок тим эле кокуйлаган анкорлугу.Жаан чачын басылып,сыдырым жел урганда калын тулан кайрадан баштагысындай толкуп,желге эркелеп,желге жүгүнө берет....
     Ошентип,кошулуп ойноор курбусу жок жалгыз баланын дос-душманы деп тапканы,дуйно деп көргөн-баканы ушулар.Баланы бул дуйнодон бир алаксытса машине-дүкөн ганан алаксытат.Андай учурда баарын  унутуп,чымын-куюн чуркан жөнөйт.Ананчы,машине дүкөн тиги жаткан таш,же бу бутка чалынган бут эмес да. Машине дүкөндө түшкө кирбеген дүр-дүнүйө бар дейсин!
     Бала үйгө жүгүрүп жеткенде машине-дүкөн тамдардын арасынан жакындап келе жаткан. Кордондогу тамдар сууга беттеп салынган,өйүз бет үзүлүп түшкөн жар,жогорку калын токой тиги жар башынан өйдө кетет. Ошон үчүн кордонго келчү жалгыз жол арттагы белестен бери энкейиштеп келип там аркага такалат. Бала жетип келип кабар бербесе,арка жолдон машине-дүкөн келдиби-жокпу,үйдөгүлөр туйбай калышы да этимал.
     Эркектер тан эртелеп жумуштарына кетип,азыр үйдө жок эле.Ургаачылар үй тиричилигинде жүргөн.
-Келди,машине-дүкөн келди!Апталап!Апталап!-деп ачык турган эшиктердин алдынан бир кыйкырып өткөндо аялдар алдастап калышты.Акча каткан жерлерин аңтарып түйүнчүктөрүн ала койо чуркап чыгышты.
-Баланын көргөчтүгүн ай!-деп таенеси да мактап өттү.
     Машине дүкөндү өзү ээрчитип келгенсип,бала корстон болуп калды.Элге жакшы кабар алып келгенине,эл менен кошо там аркага жүгүргөнүнө,эл менен тен машине-дүкөндүн ачык оозунда топурашып турганына кубанды.,көтөрүлдү.Эл дегени алиги үч аял,дүкөндөгү малдын көзү өтүп,баланы катардан чыгарып коюшту.Таенеси жүрөт жутуна кол сунуп,бу кордондун баштыгы,абжашик Орозкулдун зайыбы Бекей таежеси турат көзү менен малды териштирип,токой жумушчу атыккан Сейдекматанын келинчеги Гүлжамал жүрөт маалына жете элек кызын көтөрүп,тиги жылтырагандын ар бирине көзү түшүп. Болгону үч катын,бирок ызы-чуу түшуп,апталапты башына көтөрүп жиберишкенде дүкөнчү тартип сактагыла деп аран бас-бас кылды.
    Ага болмокпу катындар.Оболу колу жетип,көзү көргөндүн баарын бери бер,мен алам деп сукулдап,анан кайра тандап,анан эч неме албай кайра кайтып жатышат.Бирден бирди тандашып ишене албай бири-биринен сурашат.,талашып-тартышып,тигини-муну кармалай беришип,бир буюмду үч кайталап сурашат,бири жакса,бири кымбат көрүнөт,башкасынын түсү,же гүлү жакпай,дүкөнчүнүн башын айлантышты....Бала четте турду.Апталапты башта көргөн кубанычы сууп,энсеген кызыгы көрүнбөй баланын көнүлү иренжиди.Жанаарак табышмактуу сандык болуп көрүнгөн машине-дүкөн эми жөн эле көр-жер салган жүк машине болуп калды.
      Дүкөнчүнүн да кабагы бүркөлдү,бу катындар курулай сук арткандан башка бирдеме алары көрүнбөйт,жол азабын тартып ушунча убара болуп келгенине кейип тургансыды.
       Акыры айтканындай болду,сугалактыгы бастап,катындар кетенчиктей берди.Шылтоо издеп,дүкөнчүгөбү,бири-биринеби,актана кетишти.Акчам жок эле деп таене баштады,Акчасы жок куру алаканга мал келеби.Бекей таеже болсо,эри жокто баалуу буюм алышка батына албады.Бу дуйнөдөгү аялдардын эн шордуусу,ушул Бекей таежеси ,анткени баласы жок,ошол үчүн арака тоюп алган сайын Орозкул урганы урган,баланын таятасы Бекейдин атасы,ал байкуш арачалап алалбай четте туруп,азабын тартат.Ушу көйдө жүргөн Бекей таежеси азыр дүкөндөн чай-чамек алган болду да,анан эки шийше  арак алды.Өз шоорун өзу өзү кайнатып,бул эмне кылганы.Таене чыдай албады:
-эмне балээи башына үйүп жатасын,бейбак-деп ,дүкөнчүгө угузбай кубүрөдү.
-Ишин болбосун,-деди Бекей таеже өчөшкөнсүп.
-Өзун билбей куруп кал,-деди таене жыландай ышылдай заарлу шыбырап.Дүкөнчү арада турбаганда таене Бекей таежесинин олүгүнүн башына нечен жолу отуруп-турмак.Бул экөөнун жаак өчтулүгүн кое кал,атырылып айтышкыдай болушса,жанына киши чыдап тура албайт...
      Сөз алаксыткан Гүлжамал келин болду.Жакында Сейдакмат шаарга барганы жатат,ал жерде акча керек болот эмеспи,ошол үчүн тарткынчыктап жатканын ал дүкөнчүгө түшүндүргөн болуп ,берки экөөнүн алдыртан акшыя калышканын байкатпай кетти.
      Ошентип катындар машине дүкөндүн оозун сагалап бир топ турушту да,дүкөнчунүн сөзү менен айтканда ,сокур тыйынга арзыбас соода кылып,үйлөрүнө тарады.Силерди эл деп келген мен да акмак деп түкүрүндү,дүкөнчү чачылган малын жыйнай баштады. Мына ошондо бала көзүнө  чалынды.
-Ой шалпан кулак,кимдин баласысын.баланын кебетесин келиштире айтты дүкөнчү:калкан кулак,кабак баш,чий моюн дегендей бар эле.
-Бирдеме аласынбы-деди дүкөнчү.-Айт аларынды,болбосо жабам.Акчан барбы.
      Дукөнчү баланы жөн эле шакаба чегип жасап жаткан,бирок бала каадалуу кишиче жооп кайтарды:
-Акчам жок эле ,аба-деп башын чайкады.
-Жок дебе,болуш керек,-деди дүкөнчү ишенбегенсип-кудай берген ушунча байлыктын ээси боло туруп,баарынар оозунарды куу чөп менен арчыйсынар.Алдагы чөнтөгүндөгү акча эмей эмне.
-Жок,аба-деп бала чынын айтып,болгон сырым ушу дегедей жалгыз чөнтөгүн антарып сууруп чыкты.Анысынын да түбү тешик экен,экинчи чөнтөгүнүн көзү сырлуу болчу.
-Акчаны түшүрүп алган турбайсынбы.Ойноп жУргөн жеринден изде. Таап аларсын.
  Бала үндөбөдү.Аздан сон дүкөнчү дагы сурады:
-Кимдин баласы болом дедин.Алиги Момун чалдын баласы болуп журбо.
     Бала жооп ордуна башын ийкеди.
-Чамасы небереси болосун го,уул баласы жок эле,жээн небереси турбайсынбы.
-ийи,-деп бала башын ийкеди.
-Апан кайда
      Бала жооптон дудуктанды.Апасынын жайын айтуудан кыйналчу.
-Дайынын билгизбей кеттиго апаң.Сен кайдан билмексин.
-Билбейм.
-Атанчы,Атаны да билбейсинби.Бала унчукпады.
-Эчтеме билбегенине жол болсун,жигит-Дүкөнчү саал жекире тамашалады.-Болуптур эмесе....билбесен билбессин.Келе чөнтөгүндү тос,-деп конфет уучтап сунду.-чон жигит бол.
     Бала тартынды.
-Ал,ала кой.Мени жолдон кармаба.
     Бала чөнтөгүн конфетке чулчуйтуп,Балтек деген итин издеп калды.Итин коштоп,машиненин артынан бир топ жерге жүгүрүп бармак.Бала Балтегин чакырды. Орозкул атып салайынбы деп калат кээде,мындай күнк этип үрбөй аяк бошотор иттин кереги эмне дейт.Таятасы гана жакшы ит табылганча деп суранып,маалкатып жүрөт.Балтек Орозкул айтканчалык бар,өзбү,жатпы,иши кылып бирдеме таштаса болду,шыйпандай берет.Бала жүгүрүп барар жерге,ит да барарына көз жетпеди,жолдо кала берет,ошентсе да ит жанаша жүгүрсө көнүлдүү болор эле....
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:11 » Билдирүү # 3
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Дүкөнчүдөн жашынып бала Балтеке конфет таштады. ,,Билип кой, алыска чуркабайбыз",-деди бала итине акырын. Балтек кыншылап, щыйпандап, дагы конфет сурагандай болду. Дүкөнчү абасы итке бер деп берген жок эле го, аны ойлоп бала кысынды.
        Мына ушинтип турганчакты таятасы чыга келди. Абышка бал челектерин коргону кеткен, эми маалында келгенин кара. Эгер саал эле кечикса бала кайда кетип каптуу болмок. Көктөн куш түшкөндөй эле болду ал куну балага.
        Момун чал момун дегенчелик адам. Бу аймакта аны билбеген, же ал билбеген жан жок. Эл аны элпек Момун деп атап алган. Улуу дебей, кичүү дебей, өз дебей, жат дебей көрүнгөнгө жапырылып салам берип, жумшаган иштен моюн толгобой козун карап турат, өмүрүндө оозунуан ,,жок " деген сөз чыкпай, качан болсо, кимге болсун,,куп" деп, жүгүрүп кызмат кылып келет. Эгер алтын деген күзүндө сапырылган сарыжалбырак болсо баасы кетер беле , анын сынары Момундун ак көнүлдүгүн баалаган эч ким жок. Өзү курду карылар жеткен сый-урматка жетпеди. Аны санга кошуп, көзгө илип, ооздун жели менен болсо да мактап коюш эч кимдмн оюна келбейт. Бирок аш-той боло калса, Момунсуз өтпөйт. Айрыкча Бугуу урусунан кадырлуу кары а дүйнө кетсе, анын кара ашы, чон ашынын кызматы Момундун мойунда. Момун өзү Бугудан болот, ошого сыймыктанат, Ошон үчүн уруулаш тукумунун аш-тоюна катышпай койбойт. Мал сойгонда Момун, кадырлуу конокторду тосуп, атын алган да Момун, отун жарып, от жагып, суу ташып, суу куйган да ошол эле Момун. Анан калса маарекенин түйшүгү түгөнгүс , ыланкасы арылгыс болот эмеспи. Мына ошондой көнчүлүктүн кызматына Момунду сала беришет. Момун эл көзүнө жүгүргөн болуп, көмүскөдө насыбай атып отуруп албайт, тапшырылган иштин жөнүн айттырбай билип, күттүрбөй бүтүрөт. Ошол эле келин-кезек кээде:
-өх, жаным өлүп кетебизби, элпек аке бар эмеспи, ошо бүтүрөөр,эс алалычы. Дагы элпек аке болбосо биз эмне кылмакпыз,-деп буйтка жерге олтура калып, ушак-айын сөзгө кирет.
       Ошон үчүн алыста жээн небересин учкаштырып, соорунчу конок болуп келген Момун сөөлөт күткөн өзү тендүү аксакалдардын катарында төрдө олтурбастан, самоорчу жигиттен бетер качан болсо кемеге-очоктун тегерегинде. Башка бирө анын ордунда арданып бычакка түшмөк. Момун капырына алып да койбойт.
      Арадан үч күн кийин туулганган деп коюшат аны. Көрүп көзү каныккан, угуп кулагы каныккан кары-жаш, алыс-жакыны наамыстанбайт. Момун элпектин бешенесине жазылган ушу деп басып кете беришет. Кокус алыстан келген чоочун бирөө тан калып:,,Э, кокуй, ак сакал, келиндердин кол баласы сизби,бул айылдын жаштарынан жаман чыкмасы жок беле " деп калса,Момун терикпей:
-Өлгөн өз агам болсо, кызматына мен турбаганда ким турат,-дейт.
       Бугулуктардын баарын бир тууганым деп билет. Алиги өлгөн жан төрдөгү каадырлуу конокторго да бир тууганы, ал жагын териштирбейт..
-Мүйүздүү Эненин балдары болобуз.Умай энебиз тукумун бу дүйнө, а дүйнө ынтымагынан жазбасын деп осуят таштап кеткен....
        Момун элпек деген ушундай киши!
         Улуу-кичүүсүнүн баары ага теңтуш, ,,сен" деп сүйлөшөт, шакабалап кетишсе таарынбайт,санга кошпой өтүшсө ызаланбайт. Өзүн сыйлабаганды өзгө аябайт деп бекеринен айтпаган го. Момун өз башын сыйлоо дегенди билбейт.
       Бу турмушта Момундун колунан келбеген иш жок. Жаш кезинде жүгөн,камчы өрчү, кийин кардар азайган сон таштап койду. Анан жыгач жоонуп,кол кишилердин каалга,кашегин аштады. Колхозго маялап чөп жыйганга келгенде Момунэлпек кайда деп издеп калышар эле. Момун ит жөндөнтүп жыйган маянын бир тал чачы чирибей, жаан жааса каздан куюлган суудай ылдый шорголоп, кышкысын кар астында бүгүнкүдөй турар эле. Өткөн согушта эмгек аскерине алынып, Магнитогордо заводдордун керегесин калап, стахановчу атанды алды, ошондо бир кадыр-баркка илинди. Кийин кайтып келип, Кордонго там салды да, ошол жерге орноп калды. Ошондон бери өйдөлөй албай токойчу бойдон жүрөт. Акыйкатта карагай башы Орозкул эмней эле, Момун. Күйөө баласы Орозкул кундо бир карагай саткан үйгө барып конок болуп кыдырып кетет. Токойду караган баягы эле Момун. Кокус чондордон бирөө-жарым келип калгыдай болсо, анда эки тизгин, бир чалбырды Орозкул өзү алат да, чондорго токой көрсөткөн да өзү, бир чырпыгын коротпой карап турган ээси да өзү болуп, меймандарды көнүлүн ачып аң уулатат. Кордондун малын бакканда Момун, бал челекти караган да өзү. Ушинтип өмүр бою тан аткандан каш карайганча иш менен алпурушуп келе жатса да сый-урматка жетпеди, барк күтөндү үйрөнө албады.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:11 » Билдирүү # 4
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Жадагалса сырт турпатында аксакалдын сөөлөт болсочу. Же салабаттуулук каадасы жок, же кыжырлуу катаалдыгы жок. Ак көнүл байкуш экени бир көргөн адамга көрүнүп турган бечара. Мындайларды: ,,ак көнүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт" деп коет эмеспи. Дал ошонун өзү. Желелеп калын бырыш баскан жүзү качан болсо чүрүшө күлүмсүрөп, жүлжүйгөн көздөрү: ,,Ыя, бир жумушун бүтүрүп берейинби, Айт, айта гой, мен азыр..." -деп тургансыйт. Мурду саландап, кемирчек эмей жалан эт өндүү. Кудай же бойдон, же сакалдан айтпаптыр, кедейге бою бекене, чүрүшкөн ээгинде эки-үч куйкул сары кыл сербейип, маке чал десен да келишпейт. Иши кылып, же топ элди, же кемеге самоорду тегерене төбөсү бир көрүнсө бир көрүнбөй бөжөндөп жургөнү жүргөн. 
       Момун курактуу башка карыяларды көрчү:күмүш чапкан ак канкы ээр токунуп, жараган ат минип, кең жака ичикчен, суусар тебетейчен, кереге сакалы көкүрөгүнө жайкалып, салабаттуу бастырып баратса, ким да болсо ийилип салам айтат. Жакшы атыккан ак сакал деп ошону айтат. А Момунчу, жеткен атагы Момун элпек. Бирок,Момундун башкаларда жок бир артыкылыгы бар, ал- эл көзүнө кадырым сынат деп коркпогону. Сөөлөт куурганды билбейт экен, сөзгө чоркок экен, карылык каадасын тутпайбы деген өндү кепке каламбы-жакпу деп ойлоп да койбойт.Озү серп салбаганы менен Момундун ырысы ушунда. Кеп кишилер назили наркы бар-жогун ченебейт, мартабалуу көрүнөм деген далалат менен жүрүп көүзү өтү кетип жатпайбы. Атан корү, эр деп ушуну айт,акылдуу десен кеменгер, каардуу десен жаангер, өзүм деген кишиге,үйрүлүп түшөт үстүнө еген атка ким конгусу келбесин...
      Момун антип ойлоочудан эмес. кудайдын бир момуну,апенди чалыш киши, эл да ошонусуна жараша басмырлап алган. 
      Момун ага таарынбайт. Ал таарынса бир гана нереге таарынчу: эгер бирөөнүн ашынын кенешине чакырылбай калса, бул эл кантип баратат деп шагы сынат, катуу кейиш тартат. Кейишинин жөнү да сандан чыгып калганында эмес,-кенешке барганда деле катышып отурганы болбосо,акыл кошо албайт,-илгертен келе жаткан та салты бузулганына кейүчү. 
     Анан да Момундун кундо тарткан күйүтү бар: түнкүсүн кудайга зар какшап ыйлап, көнүлү кир, көкүрөгү зил. Бу куйүтүн башкалар билбейт, танапташ турган үч түтүн көрүп билип жүрөт...
      Небереси машине-дүкөндүн жанында турганын көрүп, бирдемеден улам томсоруп калганын биле койду Момун. Бирок, сырттан келген сый киши эмеспи деп, аттан түшө оболу дүкөнчүгө кол суна учурашты:
-Ассалоому-алейкум, он көпөс!-деди тамашага чалдырып.-Кербен жүгүн байсалдуубу, соодан жолдуубу-Чүрүшкөн жүзү күлүмсүрөй тиктеп, дүкөнчүнүн колун кое бербей турду.-Көптөн бери көрүнбөй көзгө сүртүүгө даары болдун го. Келиниз, жол болсун!
      Бутунда чончу шалпактаган кирзи өтүк, көчүгүндө кемпири тигип берген куудураган кендир ыштан, далысында көөнөргөн купейке, башында эски журтан таап алгансып боз конур шырыма кийиз калпак-Момундун ушу кебетесин кулө карап, дүкөнчү жооп берип турган жери:
- Кербен аман, жүк байсалдуу. Бирок көпөс келатканда алтын-күмүш шагыратып тосуп албай, тоо-токой аралай качканынарга жол болсун,Катынынарга да сокур тыйын чыккыча жанын чыксын деп бек табыштап кетет турбайсынарбы. Мына азыр үрүмдөн табылбас малды алдыга жайып коюп отурсам, ооздорун куу чөп менен аарчышат.
-Капа болбо, кагылайын,-деп Момун кайра кетенчиктеди.-Келееринди билгенде тарап кетпейт элек. А жанагы акча балакетиң курусун, жоктун жону катуу деген ошол. Куда кааласа күздө картөшкө сатып, капчыкка акча толтуралы, ошондо кел....
-О койсонорчу!-деп дүкөнчү сөзүн болдү,-Билем го силердей сасык байларды. Ээн тоо, элет жайда олтурасынар, тигине жер да, чөп да колунарда, мал десен малын бар, бал десен балың бар. Токойдун болсо үч- кыйырына көз жетпейт. дагы эмне керек силерге, Пейилди кенен койсонор болбойбу. Мына,ал мобу шайы жуурканды, же мобуреки бут машинени, бирөө эле калды.
-Кудай акы, андай акча жок эле,-деп Момун жүдөдү.
-Ики, ишене койчу мен экем го, абышка. Ал куу тыйынды суурча чогултуп ката берип эмне кыласын, корүңө ала жатасынбы.
-Ымандай сырым,айланайын, Мүйүздүү эненин арбагы урсун!
-жок дегенде мобу чий баркыттан үч метр алсан боло, жаны шым тиктирип кийерсин.
-Алат элем, Мүйүздүү Эненин арбагы урсун дебедимго.....
-Э-э, сага короткон кайран сөз!-дүкөнчү колун силкип салды.-Бекер келген экем да. Орозкул кайда,
-Эрте менен эле Аксай тарапка кеткен. Чабандарда жумушу болсо керек.
-Конок болуп жүрөт дебейсинби....
      Момун коомайланып унчукпады.
-Бизге капа болбочу ,иним,-деди момун аздан сон.-Күзүндө, кудай буюрса, картөшкө сатып....
-Күздүн камын жегиче...
-Анда бизге таарынба. Деги үйгө кирип, чай ичип кетчи, бай болгур.
-Чайга күнүм түшүптүрбү,-деп дүкөчү дүкөнүн жаба бащтады.
      Бала итин мойнунан кармап, машине жүрөр менен жүгүрүүгө белелденип, таятасынын жанында турган. Дүкөнчүнун оюна бирдеме кылт эткендей болду.
-Ме, мобу китеп капты сатып бер балана. Муну окутасынбы, канчага чыкты.
      Доосу бардан бетер желкелеген дүкөнчүнүн сөзү жанына батып, көрүнүп турду эле, Момун жандана түштү:айтса-айтпаса төгүнбү, бала быйыл күздө окууга барат эмеспи.
-Баса, ырас айтпадынбы, айланайын,-деп жанын кайсалдады.-Окууга барат балам, жетиден сегизге кетти. Ыя, чын эмеспи!
       Издеп атып,колтук чөнтөгүнүн түбүнөн төрт  бүктөлгөн терге чапташып калган беш сомдук таап чыкты.
-Карма, шалпан кулак.-дүкөнчү портфелди берип жатып, көзүн кысты.-Жакшы окугун.Болбосо таятан тартып, өмүр бою тоодон түшпөй жапайы каласың.
-Жакшы окуйт,балам зээндү,-деди Момун кайрып берген тыйындарын эсептеп жатып.
       Анан портфелди бооруна кыса кучактап, бирде дүкөнчүнү бирде таятасын карап жадырай турган баланы башынан сылап, жанына тартты.
-мына эми жакшы болбодубу. Күзундө окууга барасын,-деди өзү да ыраазы болуп.
      Бала таятасын жадырай тиктеди. Анын жадыраганы ыйламсыраганга окшош эле.
      Башын сылаган туурук колду сезип туруп, баланын кынырыгы түтөп кетти. Таятасынан жаңы оргон чөптүн, күн ысыгына ачыган тердин жыты келип, ушул тартайган арык чал дүйнөдөгү эн жакшы көргөн, жан ачыр кишиси экенин, анан ушу киши каатына калкалап , бооруна кысып, бирөөдөн кагуу жеп келгенде туурук алаканы менен жашын аарчып, көзүнөн өөп, уйкусурап жатканда акырын келип, төбөсүнөн шоркурата жыттап жүргөнү, эми минтип дүкөнчүдөн жеме укса да, китеп кап сатып берип турганы баланы эрэркитип жиберди, ысык жаш калынжарын ачыштырып кысып келип аран кармады. Ошо киши ушул, бооруна кысып турат. Тиги дүкөнчүгө окшогон шылуундар мазактап, Момун элпек деп ат коюп алышканы ушу арка туткан чүкөдөй таятасы....Мейли, айта беришсин! Кандай болсо да өзүнүн таятасы. Таята бар экени жакшы туура!
    Мынчалык чон кубанычка батарын бала ойлогон эмес. Ушу убака чейин окуу оюна кирип чыкпаган. Көлдүн жээгиндеги бугулук абышкалардын бири көз жумуп, таятасы батага жөнөгөндө учкашып кошо барып жүрүп, бөтөнчө кийим кийген , колдорунда китеп каптары бар балдар удургугуан топ болуп, шатыра-шатман мектепке кетип бараткандарын көрчү, бирок мектеп деген ошо балдарга гана буюргандай көрүнүп, өз шыбагасына тарткан эмес.
      Мына эми портфель тийгенден баштап бала өзүн башка балдарга тең эсептеп, китеп кабын колунан түшүрбөс болду. Так секирип туйлаган бойдон үч үйүн баарын кыдырып, бир сыйра мактанып чыкты. Эн оболу таенесине сүйүнчүлөдү:
-Карачы! карачы, таятам сатып берди!
      Анан  Бекей таежесине мактанды эле, ал да баланы куттуктап, өзү да кубанып калды. 
      Бекей таеежесинин көнүлү чак болгону сейрек, көбүн эсе жылдызы жерге түшүп, томсоруп жүргөнүн көрөсүн. Андай кезде жээнин да байкабайт.  Жээни эмес, өз кайгысынан башы көтөрө албай калат. Куу этек да шордуу, балдары болсо этегине ырыс толуп, бешенесине күн конуп турбайт беле дейт таенеси. Анда Орозкул донуз кыялын таштап, Бекейдин көзүн агы менен тен айланбайт беле. Анда бу Момун чал да кирелип төрдө отурмак деп дагы айтат. Эки кызы бар экен, улуусу ушул Бекей, кичүүсү баланын апасы, экөөнүн тең мандайы жылыбады дей берет таенеси. Баарынан жаманы балдарынын балдары жоктугу деп дагы айтат. Ушинтип айта берет таенеси. Эмне ой менен айтарын өзү билсин...
      Бекей таежесинен кийин бала портфелин Гүлжамал кызы экөөнө көрсөттү. Андан чыгып чөп чабыкты көздөй чү алды, Сейдакмат чөп чаап жүрөт деген Гүлжамал, жолдо баратып, Төө-Таштын жанынан өттү, бирок адатынча сылай өтүгө чолосу болгон жок, анан Ээр-Таштын, Бөрү-Таштын, Танке-Таштын жанынан буйдалабастан чымылдап өттүп, суу жээктей өскөн калын чычырканакты кыйгачтай чымылдап, тектирдеги чөп чабыкта Сейдакматка жетип барды.
     Бугүн чөп чабыкта Сейдакмат жалгыз болчу. Таятасы өзү менен Орозкулдун үлүшүн чаап, ташып барып, бастырманын үстүнө эки үймөк кылып чекчейтип жыйып койгон. Жыл сайын ушул. Орозкул чон эмеспи, жумушунун баарын Момун чал бүтүрөт. Эгер мас болуп келгенде бир жумушу бүтпөй калганын көрсө ,,кууп ийем иштен" -деп бакырып турганы турган. Кууп ийчүлөрү ушу сейдакмат менен Момун чал. Абышканы куба албасы бышык, кууса ким иштейт. Токой дегенинин да иши көп, айрыкча күзундө баш көтөртпөйт. ,,Токой мал эмес жайылып кеткидей, бирок түйщүгү малдыкынан кем эмес. кокус өрт чыгабы, же тоодон кыян жүрүп кетеби, карагай жолдон чыга качмак беле. Көзүң жаздым болсо көп жерине доо кетет. Токойчу ошонусу менен токойчу да  ",-дейт таятасы...
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:13 » Билдирүү # 5
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Cейдакматты деле Орозкул оной менен куба койбос. Айтканынан чыкпаган, карагайды кыйып атасынбы, сатып атасынбы, кийлигишпеген мындай жоош жумушчуну кайдан табат. Бирок, Сейдакматтын жаман жери- жалкоолугу. Ошол үчүн жаш жигит боло туруп, алыс чыккысы жок. ,,Мындай жигиттер колхоздо трактор минип, жер айдап жүрөт. Бу болсо королу чымчыктан бетер көлөкө жерден жем издейт"- деп калат таятасы. Жалкоолугун карачы, үй орундай жерге картөшкө айдаса, анысын ала бата басып жатат. Кызы колунан түшпөгөн Гүлжамал байкуш алигиче отоп бүтө албай жүрөт.
        Ош Сейдакмат минтип чөп чабыгын да кечиктирип алды. Мурдагы күнү таятасы ,,Өткөн кышта мен чөп берсем, сага эмес, малга боорум ачыгандан бергем. Быйыл да чалдын чөбүнө көз арта турган болсоң азыртан айт, мен эле чаап берейин",- деп катуу кейип айткан. Жеме жеткен окшойт, бүгүн эртеден бери Сейдакмат чөп чабыкта.
        Артынан тыпылдап келаткан балага кылчайып, Сейдакмат жени менен чеке терин сүрүндү
-Эмне, мени чакырып жатышабы?
-Жок, менин китеп кабым бар!Карачы! таятам сатып берди. Мен окууга барам.
-Эй, эңтендеп жүгүрүп келгенин ушубу? - Сейдакмат күлүп жиберди-Сен да таятанды тартып айный баштадынбы, ыя? Кана, кандай китеп кап экен?- Килитин чаркылдатып, портфелди айландыра карап, башын чайкады.-Эй, кое турчу,-деди дагы эстей койгонсуп,- кайсы мектепке барасың, мектебин каерде?
-Кайсы? Бермедеги мектепке.
Кайсы тиги Желесайдагы мектепкеби?- деп тан калды Сейдакмат.-Бел ашып, аякка беш километр, кайра беш километр.....
-Ат менен жеткирип турам деди таятам.
-Күн сайынбы?...Күндө барып келип турат бекен? Алжыган чал экен...Өзуң да кошо окуу де. Экөөнө бир партада отурасынар да, сабак бүткөндө кайра учкашып жүрө бересинер. -Сейдакмат каткырып күлүп калды.
        Момун чал небереси менен партада катар отурарын элестетип алып, боору каткыча күлдү.
        Бала туталанып унчукпай турду.
-Тамаша кыдым ,-деди Сейдакмат.
       Анан баланы мурунга акырын чертип койду да, чоң шапкесин көзүн жаптырып тартып салды. Момун чал токойчунун форма шапкесин кийчү эмес, балага кийгизип койгон. ,, мен эмне , начендик белем? Өзүмдүн кыргыз калпагынан өтөрү жок", -деп, журтта калып, күн жегендей эскилиги жеткен кийиз калпагын, бир кездеги кара кыюланган ак калпагын кийип алчу. Кышкысын да кар алдынан тапкандай эски тебетейи башынан түшпөйт.
      Кубанып келип, атайы сүйүнчүлөгөн кабарын Сейдакмат шылдың кылганына баланын көңүлү ичеркиди, кабагы салаңдады.Шапкесин көтөрүп кийгенде Сейдакмат мурунга дагы чертмекчи болду эле.
-Барчы ары!-деп моюн толгоду.
-Ики, жинин!-деп Сейдакмат ырсан этти да, кайра жөнгө салды.-Таарынба, портфелин эн соонун туура!-Анан далыга таптады.-эми бар, бара гой. Менин али чөбүмдүн чети оюлбай жатат.
      Эки алаканын түкүрүнүп, Сейдакмат бел орогун колго алды.
      Бала болсо жанагы барган жолу менен, жанагы таштарынын бирине аялдай албай, портфелин кучактап жортуп жөнөдү Ар жерге токтоп, таштары менен ойногудай али китеп кабынан кызыгы таркай элек.
      Кечке ойноор тен тушу жок болгон сон бала жалгыз ойноп жүрүп, өзүнчө сүйлөй бергенге көнүп калган. Азыр болсо, өзүнө эмес китеп кабына айтып келатты: ,, Сен ага ишенбе, менин таятам андай эмес. Таятам булардай куу эмес, ошол үчүн баары күлө берет. Ал экөөбүздү мектепке жеткирип турат. Мектеп каерде экенин али билбейсин ээ? Алыс эмес, бир күнү көрсөтөм. Экөөбүз Кароол дөбөгө чыгып алып, мектепке дүрбү салып көрөбүз. Анда дагы дурбү салып, мен сага ак кемемди көрсөтөм. Ага чейин бастырмага жүгүрүп кирип чыгалы, дүрбү ошол жерде катылуу. Торпокту откозуш мойнумда, бирок мен болбой эле Ак кемени көргөнү кетип калам. Чоң торпогубуз бар, алым жетпейт, сүйрөп кетет, анан барып күндө эле энесин ээмп коет. Энеси торпогунан сүт аямак беле, ийип берет. Эне деген баласына дайыма ийип турат окшобойбу. Гүлжамал ушинтип айтат, кызымы тим эле жакшы көрөм, эзилип турам дейт. Азыр уйду саап алсын, анан экөөбүз торпокту оркозгону кубалап кетебиз. Ошерде Кароол Дөбөгө чыгабыз да, дүрбү салып, Ак кемени көрөбүз. Сен али билбейсин го, дүрбү экөөбүз да ушинтип сүйлөшө беребиз. Эми бүгүндөн баштап мен, сен, дүрбү үчөбүз болобуз..."
       Бала ошентип өзунчө кожурап, үйгө жортуп келатты. Китеп кабы менен сүлөшкөнгө көңүлү кенирсип калды. Дагы сүлөшөйлү, китеп кабы биле элек өз жомогун айтып бергиси келди эле, бирок жан жактан ат дүбүртү угулуп, алаксБытып жиберди. Бадалдан буурул ат минген бирөө чыга келди. Орозкул деген ушул эле. Астындагы ат Алабаш, өзүнөн башка жан адамга мингизбейт. Орозкул олжуп келатыптыр, мас көрүнөт. Атына сый токумун токуган экен: жез үзөнгү, кашында күмүш шылдырканы бар ээр, көмөлдүрүгүн кошо тагыптыр.
     Калпагы желкесине кетиптир, кууш мандайы канталай кызарып, майланышы нымшып келет. Ыссыка талыкшыган эткээл денеси олжуп, көзү ургүлөп, кирпиги көтөрүлбөйт. Район чондорунун кийгенин туурап бычтырган чий баркыт кителелинин топчулары башынан аягына чечилүү. Чон курсагы керген ак көйнөгү  кашатынан чыгып, түктүү киндигинен өйдө түрүлүп кетиптир. Улам кулгуп коюп, мас келаткан экен Орозкул. Бирөөнүкүндө аябай мейман болуп, кымыз менен аракты кана ичип, этти тое жеп, жаңы эле аттанып чыккан түрү бар.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:13 » Билдирүү # 6
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Жай келип, мал жайлоого чыккандан тартып Орозкулга ,,күндө майрам, күндө той". А кезде чабандар менен жылкычыларга Орозкул көзгө сүртүүгө даары болот. Күндө бир чакырып, талашып турушат. Анткени Орозкул керектүү киши. Малчылар мал артынан тоодо жүргөн менен айыл-айылдан там салып жаткандары көп. Алар мал багып же, тактай издеп, устун издеп, шаар-кыштак кыдырабы? Орозкулду колго салса, көнүлүн ыраазы кылса, ал корук токойдон эки-үч карагай жылдырып коеру ажап эмес. Орозкулга жетпесең анда тамың бир жылдан үч жыл курулуп, үч жылдан жети жылга бүтпөй жата берет....
      Береги Орозкул азыр крым өтүгүн жылтыратып, үзөнгүнү чирене учкай тээп, ээрди үргүлөп, шыйрагына киши тенебей келберсип келатканы да ошо кадыр-барктын сыймыгы.
       Китеп кабын булгалай кыйкырып, алдынан бала жүгүрүп чыкканда күтүүсүздөн Орозкул аттан ооп түшүп кала жаздады:
-Орозкукл аба, Орозкул аба, менин китеп кабым бар! мен окууга барам!Карачы китеп кабымды!
-О, азыткыдай болгон атаңды!....-деп Орозкул сөгүнүп жиберди тигини тартып.
       Канталай кызарып, шишиген көздөрү баланы боолгодой карады:
-Сен кайдан чыга калдын?
-Уйгө баратам. Китеп кабымы Сейдакмат акеме көрсөттүм,-деди сөөгү жеген  бала томсоруп.-Китеп кабымды Сейдакмат акеге көрсөтүп келатам...
-Бар, ойной бер,- деп корс этти да, Орозкул ээринде тенселип ары бастырып кете берди.
       Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала, деп сыздады Орозкулдун мас көңүлү. башкаларга санабай бала берген кудай ага бербеди. Өз канынан жаралган уулу жок болуп тагдырына нааразы жүргөн Орозкулдун башка бирөөнүн таштанды баласы менен иши эмне. Кеп болсо катынына жээндир...бирок, портфелге жеткенине төбөсү көккө жеткенсип, ар кимге сүйүнчүлөп жүргөнүн карачы? Баланын жүргөн жери базар. Башкаларга чуурутуп бала берген кудай ага калганда неге колу жумулуу?...
       Орозкул жашып кетти. Кейиш менен ачуу муунтуп жиберди. Барары менен катынын көгала койдой соерун билип баратты ал. Бу көнүмүш жорук мас болуп келген сайын кайталануучу. Бука мүнөз Орозкул кайгы менен ачуусу аралаш келгенде жиндеп кетет.
       Бала жалгыз аяк жол менен ээрчип бараткан, бир убакта алдынан Орозкул көрүнбөй калганына таң калды. Көрсө,ал жолдон бура тартып аттан түшүптүр да, азыр белден чыккан чөптү жирей башын мыкчып, эки ийини гана көрүнүп, теңселе басып бараткан экен. Жээкке жетип тизелей отурду да, кочуштап суу сүзүп, бетин жуба кетти.
      ,, Ыссыктан башы ооруган го",-деп ойлоду бала. Орозкул ыйын токтото албай ошентип жатканын бала билген жок. Орозкул болсо алигинтип алдынан өз уулу чуркап чыкпаганына, китеп кабына сүйүнүп жүргөн бу балага кишиче эки ооз жылуу сөз таап айта албаганына ыйлап отурган.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:13 » Билдирүү # 7
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кароол дөбөнүн чокусунан төгөрөктүн төрт бурчу көрүнөт. Бала жашаң чөпкө жүстөмөндөп суналып, дүрбүнү көзүнө тууралап жатты. Бу дүрбү кадимки күчтүү дүрбү. Токойчулукта көп жыл талбай иштегениң үчүн деп бир кезде таятасына сыйлыка келген. Абышка муну жанына буудай көрүп: ,, Кудай өз көзүмө кубат берсин",-деп урунбай койгон. Ошондон бери дүрбүнү бала ээлеп жүрөт.
     Бүгүн бала Кароол дөбөгө дүрбүсү менен кошо китеп кабын ала келди.
     Бала дүрбүнү көзүнө тууралап жатканды жакшы көрөт. Алыстагы бир чокуга туштаса обол мунарыктап, анан бара-бара дааналанат. Даана элести бузуп алыштан коркуп, бала дем албай карап жатат да, анан башка бир чокуга көчүп, кайра башынан баштайт.
      Баарынын да балага жакканы-ушу дөбөдө кенирсиген Ысык-Көлдүн күнгөй-тескей тарабы бүт көрүнгөнү. Кээде көкүрөгүнө кусалык толгондо дөбөгө жүгүрүп чыгып келип, керилген өрөөнгө көз чаптырып бир аз жатса кусалыгы тарап, өзү да кеңирсип калат. Бирок ушу кең дүйнөдө четте экенине баланын  жүрөгү өйүйбү, айтор аягында улутунуп алат. Тескейине дүрбү салса те алыскы мунарык төрдөн сүткө жуугандай аппак болуп, күнгө чагылышып жылтылдап, Тенир-Тоонун көк мелжиген улуу чокусу Хан- Тенир занкаят. Аны көргөндө бала таятасынын кээде кыңылдап калчу ырын эстейт:,,Ала-Тоо менен Теңир-Тоом, элиме сепил, сеңир тоом..."  ,,Ала-Тоо"деген сөздү бала ар кимден уккан, ,,Теңир-Тоонун" кабарын таятасынын гана уккан:-Илгери-Илгери,-деп айтып берчү таятасы,-кыргыздар күнгө, Көккө сыйынып, көк асманды Теңир туткан. Көккө чокусу жетип турган улуу тоону Теңир-Тоо деп улук көргөн. Ошол заманда кытайдан бир окумал саякатчы келип кыргыздардан сурайт:-,,Бу не деген тоо?"- Теңир-Тоо, деген кыргыздар. Алиги окуумал ,,Теңир-Тоону"- ,,Тян-Шань"-деп кытайча которуп ,,Тян-шань" деп жазып кетет....Биз, кыргыздар да кызыкпыз, кээде эне тилибиздеги сөздү айтпай, анын бөтөн тилинде бузулуп келгенин сүйлөйбүз...Ээ, балам, илгеркинин ыры бекер чыккан эмес: ,,Ала-Тоо менен Теңир-Тоом, элиме сепил, сеңир тоом!"-деп...Бекер чыккан ыр эмес-ов!..
       Бала ушинтип таятасынан улам кебин бир эстеп алат да, дүрбүнү берээк тартат.
       Теңир-Тоону калкалап, ак мөнгү сакал Ала-Тоо керме тартып чалкыган, бу да укмуш барандуу. Аксакалдын кара көрпө жакасы сымал береги көлгө түшкөн көкүрөгүн чер токой баскан...күңгөйгө дүрбү салса, бул тараптын тоолору жапысыраак, токою жок жылаңгач кызыл төш. Сеңирлип куюлуп келип, тумшугу көлгө малынып турат...Көл бүткөн таман астын караса, ээн талаа, кең жайык. Көк жамаачы өңдөнүп ар-ар жерде айыл-кыштак, кыштакка улаш күдүрөйгөн бак, эгин талаалар. Кыярын саргыч көрүнөт, эгин бышары жакын окшойт. Ийрелендеп чубалжыган кашка жолдо куйругун сүйрөй качкан чычкандарга окшоп, машинелер чаң уюлгутуп аркы-терки жүгүрөт. Алыска созулуп, эриген коргошундай көлкүлдөп Ысык-Көл жатат. Көлдүн төрүнө көз жетпейт,көгүлтүр суу менен көк асман биригип кеткендей. Көл кыймылсыз күн нуруна жылтылдап, жайкын бети ээн. Береги жээкте гана ак көбүктөнгөн майда толкундар көлбүйт.
       Бала көл бетин көпкө карап жатты. ,,Ак кеме али жок,-деди китеп кабына.-Кел эми экөөбүздүн мектебибизге карайлы".
       Кароол дөбөнүн түбүнөн жогору өрдөгөн коктунун ичи алакандагыдай көрүнөт. Атүгүл дүрбүдөн тамынын түбүндө жүн тытып отурган кемпирге чейинен көрүнөт.
       Желесай кокту токуйсуз. Тескей капталынан гана тигинде-мында серейген жетим карагай көзгө урунат. Бир кезде бул жерде да калын токой болгон. Эми анын ордунда шифер жабылган мал сарай. Жанында сман-кык жатат үйүлүп. Асыл тукум торпок багат сарайда. Андан улай жалгыз көчө малчылардын айылы. Боор ылдый келген көчөнүн этегинде бир там бар.Кейпи киши жашаган эмес. Ошол там баштапкы мектеп. Төртүнчү классты бүткөн соң балдар совхоздогу мектеп-интарнатка кетет. Бу мектепте төрт эле класс, кенже балдар окуйт.
      Бир жолу тамагы ооруп, таятасы ушул айылдагы догдурга алпарып келген. Мектепти ошондо көргөн. Эми бала ушул мектебин кадала карап жатты. Кара-күрөң калдыркан черепица жабылган, жалгыз мору кыйшайып, мектеп там ээн турат, мандайындагы тактада чоң тамгалуу жазуусу бар. Бала али кат тааныбаса да, бу жазуу ,,Мектеп" деген сөз экенин баамдады. Дүрбүдөн дубалдагы жаракаларга чейин көрдү. Бир жерине балдар көө менен дагы бирдеме жазыптыр, терезенин бир көз сынып, ордуна гезит чаптап коюшуптур, верандасынын такталары да кажып калыптыр, эшигинде чоң кара кулпу салууну турат. Бала күзүндө китеп кабын кармап, ушул эшиктен кирерин элестетти. эшиктен ичкери эмне бар, эмнелер болор экен?
      Мектепти айландыра карап чыккан соң бала дүрбүсүн кайра көлгө бурду. Көл бети жанагысындай эле ээн турган. Ак кеме али көрунбөйт. Бала көлгө далысын сала бурулуп отурду да, дүрбүнү жанына алып коюп, дөбөнүн этегине көз салды. Таман алдында тар колот, те кар жаткан тоодон бери өңкүлдөп, ак көбүк чычкан кашка суу кулак тундурат. Суу бойлоп келген жол суу менен кошо бу тумшуктун бурулушунан көрүнбөй кетет. Ойүз бет жардуу, токойлуу. Сан-Таштын корук токою мына ушерден башталып, өөдөдө мөнгү тиреп жатат. Жогорку кара зоо ак карга   ээк артып, карагай-токойлуу жон жалданып күдүрөйөт.
     Бала кордондогу тамдарды, бастырма-сарайларды күлө карап отурду. Алар бу дөбөдө карасан чабалекейдин уясындай эле көрүнөт. Кордондон нары баягы ,,Төө", ,,Бөрү", ,,Ээр", ,,Таңке" таштары жатат. Таңке-Таштын бала ушерден дүрбү салып отуруп окшоштуруп, ошондон улам ат коюп койгон.
     Бала өз алдынча бырс күлүп койду да, тура калып, кордонго таш ыргытты. Кол жеткидей эле көрүнөт, бирок ташы бери эле боорго түшүп калды. Бала кайра отурду да, дүрбүсүн көзүнө кармады. Элден мурун дүрбүнүн чоң көзүнө карады эле, үйлөр алдагыдай качып барып токтой калгансып, алыстан щиреңкени кутусундай кичине көрүндү. Корум таштары корголдой боло түштү. Таятасы тосуп берген тосмосу чымчыктын шыйрагынан чыккыс болуп, жамгырдан калган көлчүктөй эле болуп калды. Бала күлүп алып, дүрбүнүн оңдоп кармады. Эми тааныш таштары опол тоодой чоноюп, дүрбүнүн көзүн каптап келишти. Боорундагы эңилчектери, жаракалары, коңулунда жаткан куштун канаттарына чейин көрүндү. Бааарынан да тааныш таштары койгон аттарына абдан окшоп турганы баланы өрөпкүттү: ,,Ой ит-оой!Тим эле Дөнбөрү! А Таңке -Ташчы! Өзү-өзү!"
      Тосмосу корумдардын нары жагында, дүрбүдөн даана көрүнөт. Жогортон атырылган суу бу чыканактай бурулушка бир чайналып алат да, кайра төмөн аңкиштеп жөнөйт. Бурулуштагы суу тизеден келет, бирок агымы катуу, бу баланы такат алдырбай көмөлөтө коюп кете бергидей. Тосмо курула электе бала четтеги замби талдын суу чапкылап турган бутагын карманып түшчү сууга. Бирок, казыкка байланган торпоктой болуп, ошо да суга түшкөнбү. Анан да тил укканычы. ,,             Агызып кетсе экен ушуну, суу бир күнү агызып кетет, көрөсүн го, ошондо мен отурган ордумдан козголуп койбойм. Өз убалы өзүнө, андан артса сага! Ата-энеси таштап кеткен немнин мага кереги канчалык экен! Башка түйшүгүм да аз эмес", деп таенеси таятасынын кулак-мээсин алат.
     Мындайда каяша айтаар сөз барбы? Кемпир да күйгөнүнөн какшап жатпайбы. Анан калса суу эшиктин түбүнөн агат, ойноо бала жөн турмак беле, күндө сууга жүгүрөт. Каргаша каш менен кабактын ортосунда дейт, кокус...Момун ошондо алиги имерилиш жерге тосмо курду. Ошондон кийин гана көңүл тынчып, эркинче кирине берчү болду.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:14 » Билдирүү # 8
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Тосмо курам деп байкуш Момун канча таш ташыбады. Агым оодарып кетпегидей чоң-чоң таштарды бооруна кысып көтөрүп келип, суу эркин кирип, эркин чыккыдай коңул калтырып, имере тизди. Тартардай тартайып, эгиндеги эки-үч кылы сербеңдеп, колашындай бөжөйгөн чал суу болуп, балтырына чапташкан дамбалынын багалегин түрүп алууга чолосу келбей эртеден келээри кечке суудан чыкпай жүргөн түрүн көргөн адам күлгүдөй. Анан кечинде тырп этерге алы калбай бели сыздап жатып калат. Жөтөлү күчөйт. Мына ошондо кемпиринин тили чакмак чагат: ,,Бала дейт, баланын иши чала дейт. А муногу картан текенин жоругун эмне дейт экен? Өз башыңа Озүн балээ үйүп, алжыганың эмей эминең? Карды ток, кийими бүтүн, дагы эмне керек экен балага? Баласынын алдында бөйпөктөгүдөй же атасынын, же энесинин чекең жылып чай ичкен көрдөй болсончу! Өл ээ! өл! Бу баладан бир балээни көрөбүз го!..."
     Эмнеси болсо да, тосмо ойдогудай тосмо болду. Эми бала коркпой киринет. Тал кармап сууга түшөт да, ак көбүк агымга бой урат. суу астында көзүн жумбайт. Анткени балыктар сууда көзүн ачып жүрөт эмеспи. А бала болсо бир күнү балык болуп кубулуп, алыс сүзүп кетсем дейт. 
     Азыр дөбөдөн дүрбү менен тосмосун карап отуруп, бала сууга кантип түшүп жүргөнүн элестетти: жүгүрүп жеткенче көйнөгүн чечип ыргытып, шымын шыпырып жиберип, ичиркене сууга кирет. Тоо суусу муздак да, оболу энтиктирип ийет, анан көнүп аласын. Бала талды кармайт да, агымга карай башы ылдый сууга жатат. Толкундар жонун каптап, дене-боюн муздак сайгылады. кулагына эчтеме угулбай, суу түбүнөн гүүлдөрү гана толуп чыгат. Көзүн ачып алып, бала суунун түбүн аңтара карайт. Муздак сууга көзү ачышат, бирок бала ошого корстон, ошого эрдемсийт. ,, Көрдүнбү мени, кантесин, антесиң" - деп келекелеп суу түбүнөн таенесине  тилин корсөткүсү келет. Эч качан чөгүп кетпесин, эчтемеден коркпосун билсе дейт. Анан кармаган талды кое берет да, калкып жөнөйт. Тосмонун таштарына барып буту такалганча тумчукпай чыдай ала. Ал жерден ыргып туруп, жээке чыгат да, замби талына кайра чуркайт. Ошентип, бир жолу эмес, нечен ирет түшөт. Кайрадан кайра түшө бергиси келет, жадабайт. Балык болуп кубулгуча түшө бергисибар.А балык болуп сүзүп кетиш-көктөн эңсегени, суудан тилегени...
     Жээктете кыдырата карап келип, бала дүрбүнү короо-жайга бурду. Тооктор жүрөт жер чокуп, күрпүлөр жүрөт жөжөлөрүн ээрчитип курк-курк этип. Дөңгөчкө жөлөп койгон балта жатат. Самоор турат түтүн сызылтып. Ушунун баары бараанданып жакын корүнгөнгө бала кармап алчуудай колун созду. Ошентип атып, пилдей чоң көүнгөн күрөң торпогу жайылып турган кирди аймап жатканын көрө койду. Эси чыгып кетти. Торпок кенебейт да тоготпойт, ырахаттана көзүн жуумп, ууртунан көбүктөгөн шилекейин чууртуп, таенесинин көйнөгүн ооз толтура чайнап турат.
-У, энеңди урайын!- деп бала тизелей тура калды, дүрбүнү көзүнөн албай бош колун жаңсалагылады.- Өш! Өш, өш дейм, өлөт алгыр! Айдак,Балтек! Айдак!- деп дөбөдөн чыңкылдады. Бирок Балтеги камарабай тамдын түбүндө солуп жатат.
       Аңгыча үйдөн таенеси чыкты. Торпокту көрө сала эки санын шак чаап алды да, чоң шыпыргыны көтөрүп, кууп жөнөдү. Торпок качып берди, кемпир артынан түштү. Бала дүрбүнү көзүнөн албай боюн жашырып, жерге жата калды. Торпокко жетпей, таенеси каргап-шилтеп кайра тартты, заарына булугуп, кичине чуркаганына энтигип келатты. Бала таенесин жанында тургандай көрүп жатты. кээде кинодо адамдын жүзүн, же жалаң көздөрүн гана бөлүп, чоңойтуп, жакындатып көрсөткөндөй бала таенесинин бетин дүрбүнүн көзүнөн чыгарбай карады. Кемпирдин агы саргайып, ачуудан жүлжүйгөн көздөрүн тиктеди. Калың бырыш баскан бети кумсарып чыкканын көрдү. Үнү өчүп калган кинодой кемпирдин эриндери кыбырап, бирде чүрүшүп, бирде тылтыйып, бирде арсайган сейрек сары тиштери көрүнө калат. Эмне деп чанкылдап жатканы угулбаса да, нечен угуп кулагына жат болгон бала анын эриндеринин кыбыраганын эмне деп каргап жатканын жанында тургандан бетер даана угуп жатты. ,,Өлүгүндү көрөйүн жубарымбек, колума бир түшөрсүң!...Сени элеби, сага элеби...калкалап алар көкшү таятаң экөөңдү тең карап тур!.. Азыркыдай азгырган турнабайды жогот деп канча айттым эле. Дагы ошо балакетин кармап, дөбөгө чыгып кетиптир да! Тетигинде эле көзү тешилип, көлдү тиктеп жаткандыр да, жашабай жайрагыр! Кемең менен жерге кир, ошо кемең өртөнүп кетсе кана, чөгүп кетсе кана!.."
       Бала дөбөдө олтуруп, оор үшкүрүндү. Китеп каптуу болуп, окууга кантип барарын кыялданып жүргөн ушу бүгүн торпокту көздөн жаздым калтырганын кара!...
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:14 » Билдирүү # 9
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кемпир жаагын баспады. Көйнөгүнүн чайналган этегин ары карап, бери карап, каргай берди. Баланы оттон алып сууга, суудан алып отко салды. Үйүнөн кызын көтөрүп Гүлжамал чыкты. Ага айтып, кайра башынан түштү кемпир. Муштумун түйүп, дөбө жакка кезеди. Чүрүшкөн сөөтүү муштум дүрбүнүн көзүндө ойноктоду. ,,Тапкан эрмегин, журтта калгыр. Ылайым кыйрап калса экен Ак кемең! Өрттөнүп кетсе экен, чөгүп кетсе экен!...
     Самоор да кайнап чыкты. Капкагынын астынан буу ышкырып жатканы дүрбүдөн көрүнүп турду. Самооруна Бекей таежеси чыкты.Чайналган көйнөгүн анын тумшугуна такай кармап, мына сенин жээниңдин шойкону деп, кемпир кайра башынан түштү.
     Бекей аны кой деп, жоошутуп жатты. Ал эмне деп айтып турганын да бала дөбөдөн билип жатты: ,,Коюңузчу, энеке. Эс тарта элек бала эмнени билсин. Ойноор теңтушу жок, жападан жалгыз. Ушинтип чаңыра берсеңиз баланын эси чыкпайбы".
     Анда таенесинин берер жообу да балага маалым:
-,,Мага акыл үйрөтчү көсөм сенсиңби? Ата-көй-ээй!Элден мурун бала тууп, багып өстүрбөйсүңбү, баланын кыялын анан териштирбейсиңерби! Ал жубарымбекти дөбөгө байлап койду дейсиңби? Быякта торпокту аркандап койгонду билбейт да, дөбөгө чыгып, карабай таштап кеткен ата-энесин күтөт имиш, тумоо алгыр! Күлү доодо болбой арыздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? Балакеттин ойлогонубу?..Анан сендей куу этек кайдан билсин!.."
     Бет отунун сөөгү уркуюп, жаагы шылынган, өңү кумсарып, калчылдаган Бекей өгөй энесине айтаар сөзү, сөөгүн какшата табалаары да балага белгилүү:
-,,Арбагы качкан жезкемпир, сен өзүңчү? Өзүн канча кызды күйөөгө узатып, канча уулду эр жеткирип, убайын көрүп,убайын көрүп отурасың? Өзүн кимсиң, ыя? Билесиңби ошону!..."
     Ана,андан аркысын көрүп ал!..Кемпир от басып алгандай чыңырды. Атырылган эки тажаалды арачалай албай ортодо Гүлжамал жүрөт чырылдап. Кучактап, жалынып-жалбарып кемпирди тартат үйүнө. Кемпир ага болмокпу, чачын жулуп,жер кайсалап, оозунан ак көбүк чачырайт. Эсине келе калган Бекей самоорду айлапта көтөрүп үйүнө көтөрө качты. Кемпир жели чыгып кеткенсип, дөңгөчкө шалдайып отуруп калды. Көзүнүн жашы бетинин бырыштары менен тарап, тагдырына наалый баштадыы.Эми бала быякта калды,кемпирдин каргышы, наалаты бу дүйнөдөн ашып, кудайдын өзүнө тийип жатты. ,,Мени кимсин дейт ээ, кудай? Ушу мага сынтаган көзөл өлүк сенсиңби, ыя?- деп өгөй кызынын артынан төөчө жинин бир бүркүп салды.-Кудай минтип кууратпаганда мен ким элем! Балканактай беш баламды бирнен сала бирин жерге бербесем,  жеткенде кырчындай болгон жалгыз уулум согушта окко учпаса, байкуш байым Тайгара кой артынан жүрүп, бороонго буюкпаса, ошолордон баары азыр маңдайымда турса мен силердей токойдун жаман дөдөйлөрүнө кор болот белем? Мен сага окшоп согончогу канабаган куу жатын белем, ыя? Кудай минтип шорлотпогондо карыганда жанагы кеңкелес атаңы багып отурмакмынбы? Кайсы күнөөмө минтип кууратып койдуң, оңбогон көзү жок кудай!" Бала көзүнө дүрбүнү алып, башы жерге салаңдады. ,, Эми үйгө кантип барабыз?-деди капаланып китеп кабына.- Ушунун баары мен менен тиги акмак торпоктун айынан. Анан дагы сенде да бар, дүрбү. качан болсо Ак кемени кара деп азгырып турасың. сен да күнөлүүсүң".
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:14 » Билдирүү # 10
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Бала эки жагын эле карап, айласы түгөнүп отурат. Тегереги бүт тоо, таш, токой. Те мөңгүдө бери чууруга салаа-салаа суулар үнү угулбай күнгө жылтылдайт, бири бирине куюлушуп бери келгенде гана шаркыраган доошу кулаккка толуп, бүт дүйнөнү түбөлүк жаңырып турат. Ошол тоолор этегинде болуп аткан окуялардын баарын көрүп, баарын билип, бирок козголуп койбой заңкаят. Бала жалгызсырады, кароосуздугу, коргоп алары жок кичинекейлиги жанына батып, жетимсиреп отурду. Тегереги бүтүн тоо, залкар тоолор, кайрымсыз тоолор, сүрдү тоолор.
     Күн ылдыйлап, көлдүн төр жагына батканы калды. Табы кайтты. Бел-белестин чыгыш капталында көлөкө түштү. Эми күн ылдыйлагандан ылдыйлай берет, күүгүм көлөкө шыбыртсыз жылып, муздак каптай берет. Ушу маалда Ак кеме көлдүн тиги кызгылт-сары нур эриген төрүнөн каалгып сүзүп чыкчу эле.
     Бала дүрбүнү көлдүн төрүнө жиберди да, дем албай кадала тиктеди.
     Тигине!
     Бала баарын унутту, кайгысын да, коопсунганын да ошол замат унутту. Көлдүн тиги нур куюлган көкмөк жээгинен бери карай Ак кеме кылайып чыгып келатат. Каалгып сүзүп келатат. Тигине! Ана! Катар созолонгон морлору бар, суналган узун, көл бетин кескин кубаттуу, көздөн учкан кооз кеме келберсип келе жатыры! Бурулбастан, чайпалбастан, көл толкунун үркүтпөй сүзүп келе жатыры! Бала аптыгып, дүрбүнүн көздөрүн көйнөгүнүн этеги менен сүртүп алды да, оңдоп кайра кармады, кеменин элеси даанараак тартылды. Артында оргуштап калып жаткан көбүктүү изи эми көрүндү. Бала көз ирмебей, көңүлү толкуп карап жатты Ак кемени. Баланын эркинде болсо, кемени жакын сүзүп кел деп чакырып алып, үстүдө түшүп бараткан кишилерди көргүсү бар. Бирок кеме баланын бул оюн кайдан билсин. Кайдан келатканын белгисиз, кайда баратканы билинбей Ак кеме келберсий сүзүп баратат. Кеме көз учунан өткүчө көп убакыт. Ал ортодо бала кыялы менен кантип балык болуп, кемеге кантип сүзүп барарына дейре элестетип чыгат...
     Атасы Көлгө матрос деп уккан. Ушу Кароол дөбөдө Ак кемени алгач көргөндо суктандырган көркүнө жүрөгү опколжуп, атам ушул кемеде иштейт деп ойлоду. Ушу оюна ишенгиси келип турган, эми биротоло ишенип алды.
     Бала атасын да, апасын да билбейт. Эс тартканы аларды көргөн эмес. ата-энесинин бирөө да кайрылып келген эмес. Бирок атасы Ысык-Көлдө матрос болуп иштерин, аны менен ажыраткандан кийин апасы баланы төркүнүнө таштап, өзү шаарга кетип калганын билет.Ошо кеткен бойдон дайынсыз жоголду. Кеткен шаары тиги көлдөн ары тоо бар дейт, тоодон нары өрөөн дейт, ошо жакта имиш.
    Таятасы бир жолу ошо шаарга картөшкө алпарып сатып, бир аптадай жүрүп келген. Келгенде ошо шаардан бу баланын апасы болгон өз кызын көргөнүн, ал бир чоң бир фабрикада токуучу болуп иштеп жүргөнүн Бекей менен кемпирине айтып келген. Жаңы турмуш күтүп эки кыздуу болуптур, кыздарын бала бакчага өткөрүп коюп, бир жумада бир алат экен деп айткан таятасы. Бир чоң тамда, бирок күчүк айлангыс кичинекей бир бөлмөдө турат экен. Бир тамда көп түтүн эл турат экен да, эшике чыкса, бирин бири тааныбайт, тим эле базарда жүгөндөй. Саламдашуу жок, кол баштыгын көтөрүп үй-үйүнө кирери менен эшигин бекитишет. Камакка салып койгонсуп, ошо бойдон жашай беришет. Күйөө балабыз шопур экен, деди таятасы, Автобусу менен көчөмө көчө кыдырып, эл ташыйт экен. Таңзаардан кетип, каш карайганда келет. Иши абдан оор окшойт бечаранын. Кызым көзүнөн жашын тыя албай ыйлады дейт, тагдыр ушул экен, кечирип кой дептир. Жаңы үйгө кезек алышыптыр. Качан тиери белгисиз. Жаңы үй тийгенде, эри каршы болбосо, баламы колума алам дептир. азырынча силердин колуңарда тура турсун, дептир.Бушайман тартпа, дейт анда таятасы, эриң экөөңөр ынтымакта болсоңор, калганын кудай өзү кем койбос. Балаңан убайым тартпа. көзүм барда эч кимге бербейм. Кудай колдосо, тирүү жан өз жолун таап кетет...-дептир таятасы. Чалдын аңгемеси угуп отуруп, Бекей менен таенесинин ооздорунан көк түтүнүшкүрүк тыйылбады, бир-эки жолу көз жашын сыгып, ыйлап алышты.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:14 » Билдирүү # 11
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Мына ошондо чай ичип отурушуп, бала таятасынын оозунан өз атасынын кабарын укту. Атасы кайсы бир кемеде матрос экен, алдагачан үйлөнгөн имиш, эки-үч баласы бар экен. Пристанга жакын турат имиш. Ичкенин таштаптыр. Ал сүзүүдөн кайтарда аялы балдарын балдарын жетелеп, пристанга тосуп келет имиш. ,,Андай болсо, атам жанагы Ак кемеде матрос туура",-деп ойлоп койгон бала.
    Ак кеме каалгып сүзүп, алыстап кетип баратты. Көптөн бери күтүп бир бала кыялында балык болуп кубулуп артынан сүзүп баратканын билбей келберсий суналган аппак кеме морлорунан көк түтүн булатып, көлдүн бетин тилип кетип баратты.
    Балык болгондо бала бүт денеси куду балыктын өзү болсо дейт, куйругу да, канаты да, кабырчыгы да балыктыкындай болуп, чөпкө алдырган муруну, калдаң кулагы, ничке моюнундагы башы гана азыркы бойдон калса деп кыялданат. Көзү да азыркы эле өзүнүн көзү болсо. Бирок, албетте, балыкча карап, балыкча көрсө. Баланын кирпиктери музоо кирпик, салаңдап узун да, улам-улам ирмеле берет. Менин кызымын кирпиги сеникиндей болсочу, сулуу кыз болмок экен дейт Гүлжамал. Сулуу эмнеси кызык? Сулуу кыз, сулуу жигит дешет экен, анын кажаты канчалык? Балага көздүн сулуулугу эмес, суу астында ирмелбей, ачышпай көрө билгени керек.
     Өзүнүн тосмосунда эле балык болуп заматта кубулуп кетсе. Бир караса эле балык! Анан балык-бала тосмо таштардан булк секирип, агымга түшмөк да, зыпылдап жөнөмөк. Таптакыр эле суу асты менен жүрө бермек эмес, маал-малы менен суудан башын чыгарып, эки жагын каранып, кызыл жардын түбүнөн өтмөк, шаркыратма жерлерден чулп ыргып суу түбүнө сүңгүп, кайра ак көбүкү шарга калкып чыгып,тоо-токойду сызып өтмөк. ,, Кайыр кош, Төө-Ташым!", ,,Кайыр кош, Таңке-Ташым!", ,,Кайыр кош, Ээр-Ташым!", ,Кайыр кош, Таңке-Ташым!", деп, корумдары менен коштошуп өтмөк. Короо-жайдын тушуна оропара келгенде суудан ыргып чыгып, куйругун чапкылап кыйкырмак: ,,Кош, таята, жакында кайра келем!"Таятасы көргөн көзүнө ишенбей эси чыгып, алапйын таппай далбастамак анда. Таенеси да, Бекей таежеси да, кызын көтөргөн Гүлжамал да ооздорун ачып, жээкте турмак. Башы бала, денеси балык мындай шумдукту ким көрүптүр? Анда балык-бала куйругун сууга шарп уруп: ,,Кошкула, мен Ысык-Көлгө сүзүп кеттим, Ак кемеге барам. Анда мотрос атам бар.!"-деп кыйкырмак. Балтек балким, суу бойлой жүгүрмөк. Ит мындайды кайдан көрүптүр. А кокус сууга бой урчудай жүткүнсө: ,,Кой, Балтек, кет! чөгүп өлөсүң!"-демек да, балык бала андан ары сүзүп отурмак. Асман көпүрөгө жеткенде суу түбүнө сүңгүмөк, анан чычырканактуу кемер жээкти түптөп, күркүрөгөн капчыгайдан өтмөк. Андан чыкканда эле Ысык-Көл!
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:14 » Билдирүү # 12
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ысык-Көл деген чалкып жаткан көк деңиз. Көлгө киргенде толкундан толкун минип, толкундан толкунга секирип, ойноп сүзмөк. Аңгыча алдынан Ак кеме жолугат. ,,Арыба, Ак кеме, мен келдим!- деп учурашат.- Дайыма дүрбү салып карап жүргөн мен болчумун". Көдөн чыкан укмушка таң калып, кемедеги элдин баары жабалактап карап турмак. Ошондон бала матрос атасына: ,,Салам, ата, мен сенин уулуң эмесминби. сага сүзүп келдим.-демек.- ,,Кайсы уулум?" Сен адам балыксыңго?"- ,,Обол мени кемеңе чыгарып алсаң, анан мен кадимки уулуң болуп калам", -,,Ошондойбу? Кана, көрөлүчү". Атасы тор ыргытып, баланы сүзүп алмак да, палубага алып чыкмак. Мына ошерде бала кадимки кейпине кайра келмек. Анан, анан...
     Анан Ак кеме андан ары сүзүп жөнөйт. Бала болсо атасына көргөн-билгенин, жашоо-турмушун бүт төкпөй-чачпай айтып берет. Мобу тегеректеги тоолорду, тиги корум досторун, корук токойду, кашка суу менен тосмосун, ал жерде суу түбүндө балыкча көзүн ачып сүзгөндү кантип үйрөнгөнүн бүт айтып берет...
     Момун таятасынын колунда кандай жүрүп, кандай турганын да айтып бермек. Момун элпек десеэле таятасы жаман киши экен деп ойлобосун атасы. Адай таята дүйнөдө жок, төгөрөктүн төрт бурчун кыдырса да табылбайт. Таятасы эн сонун, бирок болгондо эле эч куулук-шумдугу жок, ошол үчүн элдин баары шакалабай берет. Орозкул аба болсо, өзү күйө бала экенине карабай,картаң кайнатасын жекирип калат. Таятасы болсо, кагып-сөгүп коюнун ордуна, бат эле кечирип коет, атүгүл токойдогу, үйдөгү Орозкулдун жумуштарын бүт өзү иштейт. Иштейт эле дейсиңби! Орозкул аба мас болуп бир жактан келгенде канталаган уятсыз көзүнө жаба түкүрбөйт да, кайра жүгүрүп барып, атын алып, жөлөп-таяп түшүрүп, үйүнө киргизет, керебетке жаткызып, үшүп калбасын деп аяк-башын кымтылат тонун жабат, анан атын жайдактап, кашып-тазалап, жемге коет. Ушунун баары Бекей таежесинин төрөбөгөндүгүнөн. Эмне үчүн антет, ата? Кааласаң төрө, каалабасаң жөн кой деген болбойбу? Орозкул аба Бекей  таежени сабаганда таятаны карап туруп, бооруң ооруйт. Бекейден көрө мени урсачы деп сыздайт. Бекей таеже чыңырса, , быякта туруп кошо онтоп, кошо кыйноо тартат. Башка айла жок. Барып арачылайын десе, кемпири жибербейт: ,,Аралашпа, өздөрү тынышат,-дейт.- Сага эмне жок калжаңдап? Сенин катының болбогон соң шүк отур", -десе таятасы,-,,Минтип ирегилеш турбай алыс болсоң эмне кылмаксаң? Урушкан сайын чаап барып турмаксыңбы? Анда сенин кызыңды ким катын кылып алып жүрмөк?"- дейт кемпири.
      Мен айтып жаткан таенени сен билбейсиң, ата, сен көргөн таене эмес, бул башка. Өз таенем мен кичинемде эле өлүп калыптыр. Анан азыркы таене келиптир. Биз турган жерде күн урайын түшүнүп болбойт, ачык туруп, мөндүр уруп кетет, анан жамгырга өтүп бүркөлүп турат да, кайра көпкө бозоруп ачылбай коет. Азыркы таене да ошондой, түшүнбөйсуң. Кээде айланып-кагылып, андан жакшы киши жок, кээде буркан-шаркан түшкүдөй болсо, кудай бети көрсөтпө. Кээде көпкө тултуюп унчукпай жүрө берет. Бирок ачуусу бир келгенде токтотуп көр. Анда таятам экөөбүз үн катпай отуруп беребиз. ,,Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт, алдагы жетимиң канча бөпөлөбөгүң кийин сага жакшылык арттырбайт", -деп келет. Ошерде бөтөн мен бекем, ата, ыя? Мен кичинемен бери таятамын колунда чоңоюп келатпайымбы. Бөтөн болсо өзү бөтөн да, кийин эле келбедиби. кийин келип алып, дагы мени бөтөн деп урушат.
    Кышкысын биз жакка түшкөн кардын калыңын айтпа, менин кулагыман келет. Шамал жүрүп, там боюнда күткү уруп салат. Токойго чыксаң, Алабашты минип гана кар жиретпесең, бара албайсың. Баарынан да бороону укмуш, таканчыктатпай көмөлөтө коюп турат. Көл толкуп, сенин кемең катуу чайпалса, анда эле биздин Сан- Таштын шамалы толкутуп атат деп бил. Таятам айткан: Илгери бир заманда калың жоо каптап келип биздин жерди басып алмак болот. Ошондо биздин Сан-Таш  бороону жоокерлердин көзүн ачырбай, беттеринен кан тилет. Жоокерлер аттарынан түшүп жөө жөнөйт, бирок ага да болбойт. Ошондо бороондон жүзүн буруп, артын караганда бороон желкелеп отуруп, Ысык-Көлдүн кууп чыккан экен. Мына, көрдүнбү. Биз ошол бороон чыккан жерде турабыз! Кышы менен өйүз боордогу карагай токой чакырып, гүүлдөп, онтоп чыгат. Тим эле үрөйүң учат.
     Кышкысын токойдун жумушу аз. Тегеректе эл да жок, үч түтүн үй гана карга тыгылып, чээнге кирген суурдай жата беребиз. Бирок кыш аяктап, жай келгенде бизден аймак щаңга толот. Койчулат короо-короо коюн айдап, жылкычылар жылкысын күтүрөтө кубалып, жайлоого жөнөшөт. Биздин тушубузга келгенде бир түн өрүүлөп калышат, эртеси андан ары көчүшөт. Бала-бакырасын жүк салынган машинеген түшүп келишет, боз үйлөрүн да машинеге жүктөй келет. Ошондо таятам экөбүз дайыма өрүлүктөп барабыз. Баары менен кол алышып учурашканбыз. Мен да учурашам. Кичүү биринчи кол берет дейт таятам. Озунуп кол бербегенди киши сыйлабаган сенек дейт. Анан дагы, жетөөнүн бири кыдырып деп коет таятам. Кыдырдын баш бармагынын сөөгү жок болот дейт. Таятам өзү дайыма кол кармашып учурашканда, кишинин башбармагын кармап учурашат. Кокус кыдырга туш келип калсаң, бар тилегиңди кабыл кылат имиш. Андай болсо, ошо кадыр киши мен кыдырмын деп эле койбойбу, анан биз жабыла колун кое бербей, тайынып калалы десем, таятам күлөт: а киши кыдыр экенин өзү билбейт да, ошондой карапайым болгонуу үчүн кыдыр да, дейт. Каракчы, бузукулар гана билет өздөрүнөн ким экенин, дейт. Жакшы түшунө бербейм, бирок кишилер менен дайыма кол берип учурашам, кээде уялып да кетет.
      Бирок чабандардын өрүү кошунуна барып, балдарына аралашканда кысынбай калам.
      ,,Ата-бабанын ээлеп келгенде конушу силерге кут болсун, өрүшүңөр кенен болсун! Мал жаныңар аман-эсенби, бала-бакыранар чоңоюп жатабы?-деп учурашат таятам. Мен жөн эле кол бере берем. Таятамы баары тааныйт, а да баарын тааныйт. Мен болсом, оболо балдар менен эмне сүйлөшөрүмдү билбей турам. Бирок бат эле үйрөнүшүп кетебиз да, бекинчек ойнойбуз, аске оюн ойнойбуз. Ушунчалык кызык дейсин, кетким келбей турат. Дайым эле жай болуп турса, дайым эле балдар менен көк майсанда ойноп жүрсөм, кандай сонун болор эле!
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:15 » Билдирүү # 13
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Биздин оюнубуз бүткүчө  каш карайып, малчылар улуу от жагат. Караңгыда от жакса,  жарык болот дейсиңби, ата. Жок! Оттун тегереги эле жарык болот, андан нары көзгө сайса көрүнгүс болуп, түн сүрдү көрүнөт. Биз ошо караңгда аскер оюн ойноп, бир жаатыбыз бекинип, бир жаатыбыз кыйкырып ураан чакырып, чабуул коебуз. Таятам айткан: ,,Жаша, кыргыз! Кыргыз! Кыргыз!”, ,,Ур-ээ, Манас! Манас! Манас!”-деп ураан чакырчу дейт илгерки ата-бабалар. Мен ошентип чакырам. Кээ бир балдар билбейт, жөн эле: ,,Ура-а Ура-а!” дей беришет. Анан өзүң командир болсоң жакшы дейсиң. Командирдин командир болгону жакшы болсо керек ээ!..
       Анан тоо артынан  ай чыгат. Ай жарыгында ойногон андан сонун, бирок кеч болду деп, таятам мени алып кетет. Экөөбүз тулаң малтап, бадал аралап келебиз. Койлор жатат тынч кепшеп. Жылкы жүрөт жайылып, күрт-күрт оттоп, кээде бышкырып, кээде бээлер окуранып коюп. Анан түн ичинде каериндендир бирөө ырдай баштайт. Жаш чабан жигитпи, же карыбы, билбейм, коңур түндө сонун угулат. Таятам мени токтотот да : ,,Угуп ал, -дейт.-Мындай ырды дамаамат уга бербейсиңби”. Токтоп, угуп турабыз. Таятам ырга кошо ыргалып башын ийкеп, кез-кез үшкүрүнүп коюп угуп турат.
       Анан жолду катар таятам мага улама сөз деп коюп, кызыктарды айтып берет: илгери бир хан дагы бир хандын колуна туткун болуп түшүп калыптыр. Ошондо алиги хан туткун ханга айтат: ,,Өлтүрбө десең, өлтүрбөйүн, бирок өмүр бою менин кулум болуп жашайсың. Жок, аны каалабайт экенсиң, анда көксөгөң  тилегиңди айт, ошону аткарам да, анан өлтүрөм”. Анда колго түшкөн хан айтат: ,,Кул болууну каалабайм. Андан көрө өлтүруп сал, бирок өлтүрөр алдында сураарым, менин Ата мекениме биринчи жолуккан койчумандарды чакыртып бер”,- ,,Аны эмне кыласың?”- ,,Өлөр алдымда ырын угуп калайын”,-дейт туткун хан. Элинин өзөгүнөн чыккан ырына ушинтип эрлер жанын берген дейттаятам. Алар кандай кишилер болду экен, ыя, ата? Кыязы, чоң шаарларда турат го?
-Кулактын кычуусун кандырып, карачы!-дейт таятам ырды угуп турат. –Кудай-ай, кандай гана ырларды ырдап өтпөгөн ата-бабам!..
      Эмнеликтен экенин билбейм, ушундай учурда  таятама боорум ачып, тим эле жакшы көрүп кетем дейсиң, ыйлагым келет....
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:15 » Билдирүү # 14
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Эртең  менен туруп карасаң, түндөгү өрүштө эч ким жок. Малын айдап, жүгүн артынып, таң атпай көчүп кеткен болот. Ошо бойдон жайды жайлата жакага түшпөйт. Бирок төмөндөн кыйкырышып ышкырышып мал айдап, дагы бир көч келет. Күн эрте болсо өтүп кете беришет, кеч кирип келатса алар да өрүлөп көнүп калышат. Таятам экөөбүз элге учурашканы дагы барабыз. Таятам кишилер менен учурашканды абдан жакшы көрөт. Мен да андан үйрөнүп алдым. Балким дагы бир жолу өрүштөн Кыдыралайсаламдын өзү менен учурашып калармын...
Орозкул аба менен Бекей таеже догдурга көрүнмөккө шаарга кетип калышат. Догдур жакшы карап, даарыласа  Бекей таеже төрөйт эле дешет. Бирок таенем ага ынанбайт, а көрө мазарга сыйынгыла, олуялар жүргөн жерге тыйынгыла дейт. Ал жер алыс имиш, кайдадыр пахта айдаган жерде экен. Ошол жакта адыры жок боз талаанын ортосунда Сулайман-тоо деген ыйык тоо бар экен. Этегине куйруктуу кара кой курман чалып, кудай таалага, пайгамбарга, чариярга жалынып, төрт аяктап тоо таянып, ар бир кадам сайын жалынып жүрүп отурса, төбөсүнө чыканча тилеги кабыл болот эле дейт таене. Бекей таеже ошол жака баргысы бар. Бирок Орозкул аба көңүлдөнбөйт. ,,Алыс, акча көп кетет, -дейт.-Аякка самалет менен учуш керек. Самалетко дейре итапкан жол, акчанын эле шору...”Ал экөө шаарга кеткен соң кордондо биз эле, анан Сейдакмат аке аялы, кызы менен эле калабыз. Болду...Кечкисин, жумуш бүтүп, жат-жат али эрте кездерде таятам мага жомок айтып берет. Сырт капкараңгы, муз жарылган аяз, Сууктун күчүнөн караңгылык калдыркан болуп тоңуп, кырс-кырс сынып тургансыйт, аны мен үйдө билип отурам. Ташты какшатып, талды сыздатып соккон шамал. Андай түндөрдо улуу тоолор да кооптонуп, шам күйгөн биздин үйдү тегеректеп келип, байырлап турат. Анда мен да коркконсуйм, бирок кубанып да отурам. Эгер алп болсом, алп тонуму кийинип, үйдөн чыгар элем, түн жаңыртып, караңгыны үркүтүп, тоолорго: ,,Коркпогула, тоолорум! Мен бар!Мейли шамалы ышкырып, караңгысы каптасын, мейли борону улусун, мен коркпойм, силер да коркпогула! Чогурашпай орду-ордуңарда тургула!”-дээр элем. Анан там бою күрткүну кызыл ашыгыман чыгарбай малтап, үйөрлөнгөн дарыяны аттап, токойго бармакмын. Токойдо кышкы түнү карагай байкуштар да коркот эмеспи. Жалгыздан сороюшуп, коркунучтан же качып кете албай, же кыйкырып жардам сурай албай, кычырап ыйлап турат эмеспи. Мен токойду чабык чөптөй аралап,бирин чачысынан сылап, бирин моюн сөңгөгүнөн таптап, кайрат берип, сес берип өтөр элем. Жанагы жайында бүрдөбөй калган карагай-дарактар, кыязы, ошо кышында коркконунан катып калгандар го. Аларды биз кыркып келип, отунга жарып жатпайбызбы.Таятам жомок айтып отурганда мен ушунун баарын ойлоп турам. Жомокту узак айтат таятам. Ар кандайы бар. Жанагы чыпалак деген баладай күлкүлү кызыгы да бар. Чыпалак деген бала чыпалактай эле болгон экен. Аны карышкыр жутуп алыптыр...Жок, элден мурун төө жеп коет. Чыпалак балдыркандын жалбырагына көлөкөлөп уктап калса, ошерде оттоп жүргөн төө жалбырак менен кошо аймап коюптур. Төө жутканын билбейт, кепшегенде билет деп ошондон улам айтылып калган туура. Чыпалак төөнүн ичинде чыңырып жардам сурайт. Аны уккан абышкалар төөнүн курсагын жара тартып, баланы куткарып алыптыр. Анан карышкыр жутуп алганы андан кызык. Суктугу да бөрүнун, суктугунун азабын тартып анан ыйлап жүрбөйбү.Бир күнү желип-жортуп келатып, карышкыр чыпалакка жолугуп калат. ,,Кедеңдеген сен кимсиң? Жалмап коеюнбу? “-дейт карышкыр.  ,,Кой, антпе,-дейт Чыпалак,-өзүңө жаман, ит кылып салам”.-Ха-ха!..-лап каткырат карышкыр.-Карышкыр ит болуптур дегенди сага ким айтып жүрөт? Ушу Картымактыгың үчүн жейм сени!”- деп карышкыр баланы жутуп коет. Жутуп алып, эсинен чыгып кетет. Бирокк анан эстеп чыгарышты көрүп ал, бөрү бөрүлүктү күнү көрбөй азап тартат. Койлорго жакындап келатканда эле ичинен Чыпалак кыйкырат: ,,эй, койчуман, уктаба! Мен көк бөрү, коюңа кол салганы баратам!”. Карышкырдын айласы кетет, жерге ооналактайт, эки капталын кабат. Чыпалака эмне. Ого бетер кыйкырат: ,,Эй, койчулар, чуркагыла бери, ургула мени!”Койчулар карышкырды куп калат, карышкыр куйругун кыпчып качып берет. Кууп келаткан койчулар өздөру айраң таң. Бул эмнеси бөрүнун, өзү качып барататда:,,Кууп жеткиле !”-деп кыйкырып баратат? Карышкыр болсо эптеп качып кутуларын кутулат, бирок кутулганда эмне, курсагы ач да. Ошентип кайда барса да, мал-жанга жакындаар замат ичинен Чыпалак кыйкырып,карышкырдын айласын тугөтөт, арыктап өлө турган болот, азууларын шакылдатып: ,,Эми эмне кылам, кайда барсам, балааны өзүм башыма үйүп алдым,- деп солуктап жатат. Анда ичинен Чыпалак шыбырайт: ,,Ташматка бар, койлору семиз! Байматка бар, иттери дүлөй. Эрматка бар, койчулары уйкучу”. Карышкыр уңулдайт:  ,,Айтканыңа көнбөймүн, андан көрө адамга барамда, ит болуп жалынып алам”, -деп, Ошентип ит болуп калган экен.Таятам жомок айтып отурганда мен ушунун баарын ойлоп турам. Жомокту узак айтат таятам. Ар кандайы бар. Жанагы чыпалак деген баладай күлкүлү кызыгы да бар. Чыпалак деген бала чыпалактай эле болгон экен. Аны карышкыр жутуп алыптыр...Жок, элден мурун төө жеп коет. Чыпалак балдыркандын жалбырагына көлөкөлөп уктап калса, ошерде оттоп жүргөн төө жалбырак менен кошо аймап коюптур. Төө жутканын билбейт, кепшегенде билет деп ошондон улам айтылып калган туура. Чыпалак төөнүн ичинде чыңырып жардам сурайт. Аны уккан абышкалар төөнүн курсагын жара тартып, баланы куткарып алыптыр. Анан карышкыр жутуп алганы андан кызык. Суктугу да бөрүнун, суктугунун азабын тартып анан ыйлап жүрбөйбү.Бир күнү желип-жортуп келатып, карышкыр чыпалакка жолугуп калат. ,,Кедеңдеген сен кимсиң? Жалмап коеюнбу? “-дейт карышкыр.  ,,Кой, антпе,-дейт Чыпалак,-өзүңө жаман, ит кылып салам”.-Ха-ха!..-лап каткырат карышкыр.-Карышкыр ит болуптур дегенди сага ким айтып жүрөт? Ушу Картымактыгың үчүн жейм сени!”- деп карышкыр баланы жутуп коет. Жутуп алып, эсинен чыгып кетет. Бирокк анан эстеп чыгарышты көрүп ал, бөрү бөрүлүктү күнү көрбөй азап тартат. Койлорго жакындап келатканда эле ичинен Чыпалак кыйкырат: ,,эй, койчуман, уктаба! Мен көк бөрү, коюңа кол салганы баратам!”. Карышкырдын айласы кетет, жерге ооналактайт, эки капталын кабат. Чыпалака эмне. Ого бетер кыйкырат: ,,Эй, койчулар, чуркагыла бери, ургула мени!”Койчулар карышкырды куп калат, карышкыр куйругун кыпчып качып берет. Кууп келаткан койчулар өздөру айраң таң. Бул эмнеси бөрүнун, өзү качып барататда:,,Кууп жеткиле !”-деп кыйкырып баратат? Карышкыр болсо эптеп качып кутуларын кутулат, бирок кутулганда эмне, курсагы ач да. Ошентип кайда барса да, мал-жанга жакындаар замат ичинен Чыпалак кыйкырып,карышкырдын айласын тугөтөт, арыктап өлө турган болот, азууларын шакылдатып: ,,Эми эмне кылам, кайда барсам, балааны өзүм башыма үйүп алдым,- деп солуктап жатат. Анда ичинен Чыпалак шыбырайт: ,,Ташматка бар, койлору семиз! Байматка бар, иттери дүлөй. Эрматка бар, койчулары уйкучу”. Карышкыр уңулдайт:  ,,Айтканыңа көнбөймүн, андан көрө адамга барамда, ит болуп жалынып алам”, -деп, Ошентип ит болуп калган экен.Таятам жомок айтып отурганда мен ушунун баарын ойлоп турам. Жомокту узак айтат таятам. Ар кандайы бар. Жанагы чыпалак деген баладай күлкүлү кызыгы да бар. Чыпалак деген бала чыпалактай эле болгон экен. Аны карышкыр жутуп алыптыр...Жок, элден мурун төө жеп коет. Чыпалак балдыркандын жалбырагына көлөкөлөп уктап калса, ошерде оттоп жүргөн төө жалбырак менен кошо аймап коюптур. Төө жутканын билбейт, кепшегенде билет деп ошондон улам айтылып калган туура. Чыпалак төөнүн ичинде чыңырып жардам сурайт. Аны уккан абышкалар төөнүн курсагын жара тартып, баланы куткарып алыптыр. Анан карышкыр жутуп алганы андан кызык. Суктугу да бөрүнун, суктугунун азабын тартып анан ыйлап жүрбөйбү.Бир күнү желип-жортуп келатып, карышкыр чыпалакка жолугуп калат. ,,Кедеңдеген сен кимсиң? Жалмап коеюнбу? “-дейт карышкыр.  ,,Кой, антпе,-дейт Чыпалак,-өзүңө жаман, ит кылып салам”.-Ха-ха!..-лап каткырат карышкыр.-Карышкыр ит болуптур дегенди сага ким айтып жүрөт? Ушу Картымактыгың үчүн жейм сени!”- деп карышкыр баланы жутуп коет. Жутуп алып, эсинен чыгып кетет. Бирокк анан эстеп чыгарышты көрүп ал, бөрү бөрүлүктү күнү көрбөй азап тартат. Койлорго жакындап келатканда эле ичинен Чыпалак кыйкырат: ,,эй, койчуман, уктаба! Мен көк бөрү, коюңа кол салганы баратам!”. Карышкырдын айласы кетет, жерге ооналактайт, эки капталын кабат. Чыпалака эмне. Ого бетер кыйкырат: ,,Эй, койчулар, чуркагыла бери, ургула мени!”Койчулар карышкырды куп калат, карышкыр куйругун кыпчып качып берет. Кууп келаткан койчулар өздөру айраң таң. Бул эмнеси бөрүнун, өзү качып барататда:,,Кууп жеткиле !”-деп кыйкырып баратат? Карышкыр болсо эптеп качып кутуларын кутулат, бирок кутулганда эмне, курсагы ач да. Ошентип кайда барса да, мал-жанга жакындаар замат ичинен Чыпалак кыйкырып,карышкырдын айласын тугөтөт, арыктап өлө турган болот, азууларын шакылдатып: ,,Эми эмне кылам, кайда барсам, балааны өзүм башыма үйүп алдым,- деп солуктап жатат. Анда ичинен Чыпалак шыбырайт: ,,Ташматка бар, койлору семиз! Байматка бар, иттери дүлөй. Эрматка бар, койчулары уйкучу”. Карышкыр уңулдайт:  ,,Айтканыңа көнбөймүн, андан көрө адамга барамда, ит болуп жалынып алам”, -деп, Ошентип ит болуп калган экен.
 
VIP » Offline » 29.08.2015 » 19:15 » Билдирүү # 15
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кызык жомок бекен, ата? Таятамын жомогу көп, кайгылуусу да, коркунучтуусу да бар. Баарынан жакшы көргөнүм жанагы Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү жомок. Көлдүктөрдүн ар кимиси билиш керек дейт таятам. Билбегени күнөөгө батат. Сен ал жомокту билесиңби, ата? Таятам айтат го, жомок эмей эле чын болгон дейт. Илгери-илгери болгон экен да. Биз баарыбыз ошол Мүйүздүү Бугу-Эненин балдары турбайбызбы. Сен да, мен да, башкалар да...Кызык жомок бекен, ата? Таятамын жомогу көп, кайгылуусу да, коркунучтуусу да бар. Баарынан жакшы көргөнүм жанагы Мүйүздүү Бугу-Эне жөнүндөгү жомок. Көлдүктөрдүн ар кимиси билиш керек дейт таятам. Билбегени күнөөгө батат. Сен ал жомокту билесиңби, ата? Таятам айтат го, жомок эмей эле чын болгон дейт. Илгери-илгери болгон экен да. Биз баарыбыз ошол Мүйүздүү Бугу-Эненин балдары турбайбызбы. Сен да, мен да, башкалар да...Жаз келгенде эң сонун. Жаз аяктаганда тоо таянып, малчылар дагы көчүп келет. А кезде биз ээн тоодо жалгызсырабай бапырап калабыз. Суунун өйүздөн нары карай  бүт эле токой, эл жашабайт. Токойдун өз тирилиги бар. Ошол токойго киши аралабасын, бир бутагы сынбасын деп, биз атайын коруп турбайбызбы. Бизге окумуштуу кишилер да келет. Эки аял келген, экөө тең шым кийип алыптыр, анан бир чал менен дагы бир жаш улан. Ал окумалдардын окуусун үйрөнүп жүруптүр. Чыпчын бир ай турушту. Чөп, жалбырак, бутак жыйнашты. Биздин Сан-таш токойдой токой жер бетинде аз эле калды дешет. Жок болуп бараткан туура. Ошол үчүн токойдогу ар бир карагай даракты коруш керек экен. Жаз келгенде эң сонун. Жаз аяктаганда тоо таянып, малчылар дагы көчүп келет. А кезде биз ээн тоодо жалгызсырабай бапырап калабыз. Суунун өйүздөн нары карай  бүт эле токой, эл жашабайт. Токойдун өз тирилиги бар. Ошол токойго киши аралабасын, бир бутагы сынбасын деп, биз атайын коруп турбайбызбы. Бизге окумуштуу кишилер да келет. Эки аял келген, экөө тең шым кийип алыптыр, анан бир чал менен дагы бир жаш улан. Ал окумалдардын окуусун үйрөнүп жүруптүр. Чыпчын бир ай турушту. Чөп, жалбырак, бутак жыйнашты. Биздин Сан-таш токойдой токой жер бетинде аз эле калды дешет. Жок болуп бараткан туура. Ошол үчүн токойдогу ар бир карагай даракты коруш керек экен.         Ак кеме алыстап кетти. Эми дүрбүдөн морлору корүнбөй калды. Бир аздан соң өзү да көздөн кайым болот. Бала эми атасынын Ак кемесинде сүзгөн жомогунун аягын чыгарса болмок эле. Башы да, Ортосу да эп келишип калды, бирок аягы төп келбей жатат. Балык болуп кубулуп, суу менен сүзүп жүрүп отурду да, көлгө кирди, Ак кеменин алдын тосуп чыгып, атасына жолукту, кыска өмүрүн  узун жомок кылып айтып берди. Андан нары эмне болот? Тигине жээк көрүндү, анан Ак кеме пристанга токтоду дейли. Матростор жээке түшөт, үй-үйлөрүнө тарайт. а жүргөн неме, ала келгениңе жол болсун?”-деп сыртын салсачы?...Жок, атасы ээрчибей эле койгону дурус окшойт...
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Ак кеме
  • Страница 1 из 2
  • 1
  • 2
  • »
Поиск: