[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 3 из 3
  • «
  • 1
  • 2
  • 3
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Атасынан тууган кыз (Айгул Шаршен кызынын чыгармасы)
Атасынан тууган кыз
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:58 » Билдирүү # 31
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Рахмат, өзү жакшы элеби? - деди Бакыт.

- Жакшы, оңой эле төрөдү, уулуңду орогондон кийин көрөсүң, азыр үйүңө бара бер, көңүлүң тынч болсун, баары жайында! - деди.

- Сүйүнчүңүздү алыңыз, - Бакыт ага кубана карады.

- Азыр, сен кирип коридордо күт! - деп көрүнбөй калды. Демек анын келе жатканы белгилүү болду. Сүйүнчүсүнө жүз сом берип:
- Дагы келем, азыр муну колуңуз кур болбосун алып коюңуз, - деген Бакыт күлүңдөй карап чыгып кетти. Жанындагы уулун эркелете, - инилүү болдуң уулум, апаң уул төрөптүр! - деп жетине албай чыгып унаа күтүп үйүнө келди. Түш ченде Урматты жетелеп алып келсе Махабат туруп калыптыр. Терезеден көзүн ача элек наристени көрсөттү эле Бакыт жерден туруп оозун чормойто "чоп" этип койду. Махабат жылмайып койду. Ушул көз ирмемчелик бакыттын сан жылдар бою көз алдында калаар калбасы ага бүдөмүк эле…

Ал күндөрү да өттү, үйүнө чыгып келген Махабат наристеси менен алек. Урмат кичинекей көзүн ача элек инисин улам жанына келип сөөмөйү менен нукуп:

- Апа, бул менин иним ээ? - деп коёт момурай.

- Ийи, садагасы, сенин иниң да, ал чоңойсо экөөң ойнойсуңар. 

- Минеге, мен үкөмдү урбайм да!

- Ошент, садагам, - Махабат уулу менен алышып отуруп кеч кирип калганын сезбеди. Баягы көргөн түшүн унута баштаган. Ошол күнү Бакыт жумуштан сиркеси суу көтөрбөй келди. Махабат сураса:

- Башым эле ооруп, жүрөгүм опкоолжуп атат, - деди да жатып алды. Махабат алды-үстүнө түшө ысык чай берип, дары ичирип жылуулап жаап:

- Бир-эки күн жумушка барбай эле койчу, - деп камкордук кылып ага тынчсызданып атты. Бакыт башы оорубай эле түнү кечээ жаман түш көрүп чоочуп калган: Ал өлгөн чоң атасы менен бирге отуруп тамак жеп атыптыр, тамактанып бүткөн соң: "Эми кетейин чоң ата, балдарым менен аялым күтүп атат, сиз мени менен кошо барбайсызбы, неберелериңизди көрүп келесиз" - десе: "Жок, уулум, сен эми кете албайсың, мени менен болосуң, балдар өз күнүн көрөт", - деп жатканда ойгонуп кеткен Бакыт жүрөгү лакылдап: "Бул эмнеси, мен чоң атам менен тамактанып, ал мени кетпе дейт да, демек мен өлүп калат экенмин да, кантип, жаңы эле отуз үчкө чыкпадымбы? " деп ойлонуп эртең менен сыр бербей улам көз алдына чоң атасы келе берип жаман абалда жүрдү. Чүмкөнүп жатып уктагандан коркуп башын көтөрүп эки баласы менен олтурган аялын көпкө карап турду: "Кокус мен өлүп калсам балдарды го ата-энем кор кылышпайт, Махабатка эле кыйын болот го. Кой, эртең жети токоч жасатып анан кудайы өткөрөйүн дагы уулумду отургузайын, той берейин" деген чечимге келди. Бир чечимге келгенден кийин:

- Махабат, эрте менен эрте жети токоч өткөрүп койчу, анан мен бир улак табайын, кудайы өткөрөлү, - деди эки баланы жаткызып убара болуп жаткан аялын карап.

- Мейли, өткөрсө өткөрүп коёлу, эмнеси болсо да эртең жооп сурап эки-үч күн үйдө болчу, чарчадың окшойт, - деди Махабат кабатырлана. 

- Анча деле ооруганым жок, бирок кечээ түнү түшүмөн чоочуп калдым окшойт, - деди көргөн түшүн айткысы келбей, анткени "жаман түштү эч кимге айтпай кудайы өткөрүп койсо, жакшыга жоруса арты жакшы болуп кетет, түштүн мойну кылдай, бурган жакка кетет" дегенди уккан. Ошондуктан ал өзүн токтоо кармап: "кудай өмүр бер, балдарым жаш, аталык милдетимди аткарып экөөнү тарбиялап чоңойтууга жетишейин" деп тилек кылып атты ичинен.
 
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:58 » Билдирүү # 32
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
Эртең менен эрте туруп Махабат жети токоч жасап аны атайы үйдөн куран окутту да көчөгө чыгып коңшуларына таратып кайра кирди. Эки күндөн кийин Бакыт улак алып келип эч нерсесин калтырбай салып эл чакырып сөөктөрүн толук таштап кетүүсүн өтүндү. Келген эл улактын этин жеп батасын берип тарагандан кийин улактын терисине сөөктү ороп туруп эч кимге айтпай мүрзөгө алып барып жер казып туруп көмдү да жалпы арбактарга, чоң атасына багыштап куран окуп кайтты. Ошол күнү кечинде дагы түш көрдү, Махабат баягы түшүн дагы көрүп экөө тең түн ортосунда бири-бирине билгизбей ойгоо жатты. Махабаттын жүрөгү түшүп калды: "кудай ай, аман болсо экен, оо жараткан эми гана өз бактымды таптым деп көңүлүм тынып калганда бактымды кырка көрбө" деп сыздап кудайга жалынып билгизбеске аракеттенип ыйлап атты. Ортодо кичинекей бир айлык наристе жаткан, четте жатып Бакыт ойгонуп кетпесе экен деп айласы алты кетип колунан келсе Бакытына чымын кондургусу келбей, ажалдан куткарып калгысы келет: "Өзү да жаман түш көргөн экен, кудай сактаса экен" деп түнү бою кирпик какпай эрте туруп үч айрылыш жолго жети сомдон үч жакка таштап, кайра келип суу ырымдап чачты да кайра чукуранган баласынын жалаягын которуп чай койду. Андан кийин Бакыт турду. Негедир ал ошол күндөн тартып бир нерседен корккондой элеңдеп эки жагын карана берчү болду. Оюу менен алышып: "кой, менин көрөөр күнүм бүтүп бараткан окшойт, андан көрө Урматты отургузуп бир милдетимден кутулуп анан кетейин. Арман ай, өмүрүм кыска жан белем, ойлогон максаттарымдын бирине жетүүгө үлгүрө элекмин го?" деп ичтен арман кылып жүрдү. Негедир басса-турса артында бирөө ээрчип жүргөндөй кыңылдай берет, бирок эч ким көрүнбөйт. Акыры ата-энесин чакырып Урматты отургузду да, үч-төрт күн өткөндөн кийин тойго камынды. Тойго камынып, кеңешип чогуу болуп тойдун жүрүшүнө ага-инилери баш-көз болууга макулдашып, дагы төрт-беш күн өттү. Ошол арада апасы Бакыттын өңү башкача болуп, бир ордуна тура албай, элеңдеп эки жагын каранып, сыртка чыкса бир нерседен корккондой шашып киргенинен күйөөсүнө: < b>

- Ой Бекберди, бу баланын өңүн байкадыңбы, эмнегедир купкуу болуп кеткен, бир нерседен чоочуган эмеспи, эшикке чыкса шашып кирет, соо эмес, - деди эле ал да чын эле келгенден берки байкаганын айтты:

- Бул чын эле бир нерседен чоочуган го, балаң кургур сыр да айтпайт, той өтсүн, анан молдо-солдого дем салдырып, жүрөгүн көтөрүп койолучу.

- Ошентпесек болбойт, өңү жаман… - деп ата-эне экөө тең сарсанаа болуп калышты. 

Белгиленген күнү той да болду, Бекберди менен Салкын куда-кудагыйларын чакырды эле баары келишти. Бакыттын иштегендерин өзүнчө бир күн конок кылышты. Тойго келгендер ыраазы болуп ак баталарын берип таркап жатышты. Андан кийин коңшуларга кезек келди. Ошо коңшулар менен бир көзү ачык улгайган аял Махабатка кетип атып:

- Баш-аягыңарды жыйып, конокторуңарды узаткандан кийин мага күйөөң бир көрүнсүнчү, - деди.

- Макул, эже, - Махабат колу тийбей атып аны менен жакшылап сүйлөшө албай узатып калды, - Жакшы барыңыз, эже.
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:59 » Билдирүү # 33
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Жакшы кал сиңдим, силердин үйүңөрдө бир оор нерсе бар, ошону алдын алыш керек эле, тез көрүнсүн! - көзү ачык аял "жоготуу турат" деп айта албай туюктап айтты да басып кетти. 

Махабат ичинен сызып алагдыланып атып ал аялдын айткандарын Бакытка айтканда ал колун силке:

- Койсоңчу Маку, бир кудайдын колундагы пендебиз, ал деле биздей, кудай сактасын, эми "мени көрүп бериңиз" деп ага барбай эле койдум, - деп койду. Бирок ичинен: "адамдын пешенесине жазылган өмүрдү узартып коймок беле, көп болсо мындай кыл, тигиндей кыл деп башты оорутаар" - деп ойлоп кайдыгер болуп өзүн өлүмгө, капилет келчү ажалга даярдап калды. Кийим-кечесин таза кийип, буту-колун таза жууп алып жүрдү. Ата-энеси той бүткөндөн кийин:

- Балам, элеңдеп эки жагыңды каранып, бир нерседен корккондой түрүң бар, бирдемеден чоочуган жок белең? - деди.

- Ой жо-ок, эмнеден коркмок элем, жөн эле силерге ошондой сезилип атса керек, - деп койду.

- Ай балам, тилди алып дем-сем салдырып алсаң болот эле… - деп атасынын айтканына да көнбөдү: "Чындап ажал жетсе сандыкка кулпулап койсоңор да алчу жараткан өзү билет, балким жөн эле чоочуп жүргөндүрмүн, өтүп кетээр" деп ойлуу отуруп калды. Той өткөндөн кийин Бакыт эс ала түштү: "Жок дегенде аталык милдетимдин бир парзынан кутулдум, кана жараткан, кайсыл күнү кантип алаарыңды биротоло билгизип койсоң, алган жарым, уулдарым менен жакшылап коштошуп алаар элем" деп ойлоп жаткан эле. Чынында адам баласынын көрөөр күнү бүтүп, ичээр суусу түгөнүп баратканда жүзүнөн өлүмдүн суук түрү каптап, кайсаңдап эмне кылаарын билбей, оюн бир жерге топтой албай калат экен, чиркин. Бакыт да басса-турса ойлонуп жанында эле катар басып ээрчип бирге жүргөн ажалды сезгендей карбаластай берчү болду. Жумушундагыларга да абдан кичи пейил, жумшак мүнөз болуп, баладай ак көңүл болуп кетти. Анысын байкаган кээ бирлери: "Бакыт, сен кийинки кезде башкача болуп баратасың да?" дешип калышчу болду. Анда Бакыт: "Силерге ошондой көрүнүп атса керек" деп күлүп коёт. Күндөн-күнгө өңү таптакыр башкача болуп арыктап кетти. Эстесе жаман түш көргөндөн бери он беш гана күн өтүптүр. Бул арада апасы тойдон кийин үч-төрт күн калып анан үйүнө кеткен. Адам баласына өлүмүн күтүү кандай гана арман, оор? Махабат андан бетер убайымда: "Бакыт эмне болуп баратат, өңү да жаман, эмне болуп кетет, кудай ай?" деп ичтен сызып: "Жумушка иштебей эле кой, ооруп жүрөт окшойсуң, эс алчы" десе болбой койду:

- Оой Маку, - Бакыт кийинки кездери ошентип атачу болгон, - Сен кызыксың, ден-соолугум өгүздөй, эч жерим ооруган жок, - деп күлүп Махабатты эркелете өөп, кучактап алып кулак түбүнөн көпкө-ө чейин жыттап туруп калды, эмнени ойлоду, эмне эсине түштү ким билет, бир гана ушул турушу эң акыркы көз ирмемдери экенин сезишпеди. Ошол түнү көп нерсени чечүүгө бүтүм чыгарып сүйлөшүп отура беришти. Кими-кимисинин жатууга көңүлү жок, Бакыт эки уулун кайра-кайра өпкүлөп:
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:00 » Билдирүү # 34
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Садагаларым, менин тукумумду улоочуларым, - деп үзүлүп түшө эркелетип жатты.

- Койсоңчу, анчалык эле эркелете бербечи, кудай аман коюп өзүң аман болуп балдары экөөлөп тарбияласак баары жакшы болот, экөөбүз чоң ата, чоң эне болсок, бактылуу өмүр сүрсөк, тилегибиз орундалып жашоонун кызыгын көрөөрбүз.

- Ананчы Маку, жашоонун кызыгын буйруса көрөбүз, - деп ойлуу бир азга отуруп анан уктап жаткан Урмат менен Максатты ушунчалык айоо көз-караш менен карап, - Маку, - деди көздөрүн муңайымдуу кылгырта, - Кокус мен бирдеме болуп кетсем балдарды кор кылбай кара ээ? - деп койду.

- Эмне деп жатасың Бакыт, андай жаман сөздү айтпай жүрчү, менин караган-тутканым бул өмүрдө сен элесиң, менин жүрөгүмдү оорутпачы?! - Махабаттын көздөрүнө жаш кылгыра түштү.

- Жок эми, жөн эле айтып жатам да, өлбөгөн адам болбойт, экөөбүздүн бирибиз акыры мурунбу, кийинби бул өмүрдөн өтөбүз да, кокус мен өтүп кетсем дегеним да?

- Андай жаман сөздү айтпа, Бакыт. Балдарың менен менин бактыма сен аман жүр, сенсиз биздин көргөн күнүбүз курусун!

- Койдум Маку, койдум, экинчи антип айтпайм, кел эми таң атайын деп калды, эс алалы, - Бакыт төшөккө кыңкайды. Махабат жуунуп, бүткөн боюн жыттуу атыр менен сыйпап анан келип буруксуй төшөккө жатты. Экөө биринчи күнкү, бири-бирин жаңы көрүшкөндөй эки уулун четке жаткырып коюп таң атканча махабаттын кумарынан бир чыкты го, чиркин. Махабат ошол түнү дили менен берилип, жашаган жашоонун баркын жаңы сезгендей, Бакытка биринчи түнүн арнап аткандай бир черин жазды го?! Жерге жарык тегиз тараганда экөө сулк жатып, ошондо да бири-биринин кучагынан чыккысы келбей кичинекей уулунун чукуранганына карабай мемиреп уйкуга киришти. Көпкө чейин бакылдап ыйлаган кичинекей наристенин үнү угулуп, кара терге түшүп бар-бар деп ыйлай берди. Ошондо гана катуу уктап кеткен Махабат, колун Бакыттын мойнуна артып, ал өзүн белинен кучактап алганын байкап акырын анын колдорун чыгарды да уулуна үңүлдү. Эки айлык наристе, боргулданып тердеп, ыйлай берип үнү кыргылдана түшүптүр. Махабат чоочуп кетти: "ушунча катуу уктадымбы, кантип ыйлаганын укпай калдым, жөнөкөйдө чукуранса эле ойгонуп эмчек салып, кургактачу элем го?" деп уйкулуу көздөрүн ушалап терезени караса эбак эле таң агарып, жандуунун баары тиричиликке кирип калгандай. Бакыттын уктап атканын карап, кайра уулуна эмчегин салды да жата кетти, түнү менен уктабаганга уйкусу чала болуп көзү ачылбай аткан. Ал эми мемиреп уйкуга киргенде Бакыт ордунан турду, түндөгү көргөн түшү аны соо койчудай эмес, чоң атасы дагы түшүнө кирип: "уулум сени аябай күтүп атам, жакшы көрчү эмес белем, сагындым сени, тез кел!" деп эки кулачын жая колун созуп атыптыр, Бакыт дагы баягы эле бала кезиндегидей аны көздөй жүгүрүп бара жатып ойгонуп кетти: "Мен болбой калдым, эми сөзсүз коштошуп алайын" деп Махабаттын турушун күтүп сыртка чыгып эки жакты саресеп сала суктанып карап, жарыктыктын ушул көз ирмемдик кызыгына көзү тойбой: "аттиң, мен да өтө турган болдум, андан көрө ушуга шүгүр дейин, ооруп төшөктө жатпай кантип кана көз жумаар экемин?" деп ойлонуп үйгө кирсе Махабат ордунан жаңы туруп атыптыр. Ал көнүмүш адаты боюнча туруп эле чай койду, тамагын жылытты. Негедир жүрөгү улам бир жамандыкты сезгендей "болк" этип алып кыжаалат болуп, Бакытты жумушуна узатмак болгондо ал эки уулун эңкейе экөөнү тең беттеринен чопулдатып өөп сыртка чыккандан кийин Махабатты белинен имере кучактап:

- Маку, балдарды жакшы кара, кокус мен жумуштан келбей калсам… - дегенде Махабаттын жүрөгү зыркырап:

- Бакыт, бүгүн үйдө эле болчу, менин жүрөгүм тынчыбай атат, жумушка барбай эле койчу, - деди.

- Ой-оой алтыным десе, эмне дээр экен деп койсо, мен эчтеке болбойм, бүгүн тогузунчу этажын бүтсөк анан айлык алабыз, кечинде үйдө той болот, - деп Махабатты бекем кучактап өөп, эки бетинен жыттап туруп:

- Эми мени сен өөп койчу? - деди сурангандай. 

- Болдубу? - Махабат аны эки бетинен экиден өөп анан ага сырдуу жылмая карап турду. Дал ушул көз караштар өмүр бою эсинде калаарын сезбеди Махабат, жамандыкты купуя сезген жубайлар ысык коштошту
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:00 » Билдирүү # 35
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
Махабат баласынын жалаягын жууп аткан, Урмат тойдо келген оюнчуктарын жайып алып коңшунун баласы экөө эшиктин алдында ойноп атышкан. А дегенде эки коңшу аял келип Махабаттын жанына жайынча эле отуруп, аркы-беркини айтып атышты. Бир аздан кийин дагы үч айылдагы өң тааныш аялдар келип баласын көрө элегин шылтоолоп: 

- Дегеле колум бошобойт, ушул наристени көрүп коюуга, - десе бири:

- Ооба десең, мен дагы, булар той бергенде үйдө жок элем, - деп калышканда Махабат аларды - үй жакка киргиле, - деп калды. Алар эми үйгө кирип көчүк басып отура электе дагы төрт аял келди да делдээ түшкөн Махабатты колдон ала:

- Айланайын, Бакыттан айылдык, кайрат кыл, балдарыңды ая! - дегенде Махабат түшүнүп-түшүнө бербей дел боло:

- Эмне деп жатасыңар?! Бакыт азыр эле, эми эле жумушка кетти го? - деди муундары титирей.

- Кайрат кыл кызым, жумушка барып эле үстүнкү кабатка чыгып калганда кулап кетиптир! - деди дагы бири аны колтуктай. Ошондо Махабат өз акылына өзү ээ боло албай калды. Өңү кумсарып, тилин тиштеген бойдон көкмөк болуп жатып калды. Эс алдыруу кыйынга туруп, сөөк келгиче эле тез жардам келип аны ооруканага алып кетти.

Бакыт жумушуна барып, негедир жүрөгү жамандыкты сезгендей түпөйүл болуп бирге иштешкендери менен саламдашып, жумушчу кийимин кийди да ишке киришти. Тогузунчу кабатка чыгып акыркы кыштарын коймок. Ишти жакшы билгендиктен ал дайыма кышты кынаптап, ушул имараттын түбүнөн бери карай иштеп жаткан. Маянасы жакшы болчу. Бүгүн дагы кожоюн өзү аларга ыраазы болуп, алар менен эсептешээрин айтып бакылдап отуруп жаңы эле кеткен. Баары чыгып кирпичти алып эми коюп бутун ары коюп жанында турган цементтен сузуп алайын дегенде артынан бирөө түртүп ийгендей болду да башы айланып барып учуп кетти. Жумушчулардын баары дүргүй ылдый жүгүрүштү. Бакыт учтуу темирлери бар бетондун үстүнө түшүп башынан тийген экен - мээси чачырап, ошол эле жерден мүрт кетиптир. Дүрбөлөңгө түшкөн жумушчулар анын өлүгүн көтөрүп ары алпарып бетин жаап коюшту да, шефине кабар кылышты. Гүлгүндөй болгон отуз үч жаштагы жигит заматта жарыкчылык менен кош айтыша кете берди. Ошондо гана жанында бирге жүрчү сырдаш жигит:
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:01 » Билдирүү # 36
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Ай, ай жаман болду, түшүнөн чоочуп жүрөм дегенинен, түшкө да ишенесиңби, деп койдум эле… - деп кайгырып атты.

- Эмне болуп чоочуптур? Чын эле кийинки кезде өзү өңү жаман болуп жүргөн.

- Чоң атасы кирип, "тезирээк кел, мен сени жакшы көрчү эмес белем, сагындым" , деген экен, анан бир жолу аны менен тамак ичкен имиш.

- Жаман түш экен, ан үчүн молдолорго дем салдырса болмок.

- Ой ошо молдолор ажалдан алып калмак беле?

- Эми аз да болсо кармамак. Менин чоң атам илгери жашында ушундай жаман түш көрүп, эч кимге айтпай эртең менен эрте туруп заара ушатканда жаман түшүн айтып, кайра тартканда жакшы тилек тилеп үйгө кирип чыны сууну башынан айлантып төгүп жети күн кайталап, жетинчи күнү болгондон кийин бир сыйра таза кийимин жетишпеген бирөөгө берип, жети теңгени ошого кошо бергенден кийин кайра жети айлык улакты садага чаптырган экен. Андан кийин кырк күнү тынбай жатаарда куран окуп, кыркынчы күнү өзүнө жети молдо чакыртып келип сопсоо эле туруп чилдесин түшүрткөн экен. Ошондон кийин намаз окуп калып көп жыл жашабадыбы? - деп бири оозун жыйгыча шеф келди да Бакыттын сөөгүн машинага жүктөп үйүнө алып жөнөдү.

Махабат ооруканадан көзүн ачты, ачып эле эки жагын каранып:

- Мен кайдамын, балдарым бар эмес беле, алар эмне болду? - деп өйдө кылды.

- Эмнеге бул жерге алып келдиңер эже, мен… - деген Махабат эч нерсени эстей албай эки аялды алмак-салмак караганда алар бири-бирин карап унчукпай сыртты көздөй жөнөштү.

Алар келгенде Бакыттын сөөгүн алып келип үйдүн бир жак капшытына жаткырып, баласын бир аял карап отурган. Топтошкон элди көргөндө гана Махабат:

- Бакы-ыт, Бакы-ыт! - деп жулкунуп эки колун кармаган аялдарды ыргыта түртүп эки бетин тытып, үйдү көздөй жүгүрдү. Беш-алты аял ага алы жетпей кошо кирип анын Бакыттын бетин ачып эле үстүнө жыгылып калганынан, бери тартса дем чыкпай көгөрүп калыптыр. Ошентип шефи жүгүрүп жүрүп мечиттин боз үйүн алып келип тиктирип, туугандарына киши жиберип өзү тейлеп, кетчү чыгымдарынын баарын тактап даярдап койду. Кошо иштегендер да ошол жерде жардам берип жүрүштү. Махабат ошол бойдон эсине келгенде ар кайсыны сүйлөп, таптакыр эле акылынан айнып калды. Сөөктү коё электе эле өзү менен өзү болуп, баласын карабай:

- Көрдүңөрбү, Бакыт жумушуна кетти эле, келип калмак, кечигип атат, мен карап келейинчи, - деп ордунан туруп сыртка жөнөгөндө кээ бир аялдар анын ушул абалына зээни кейип тынчтандырууга аракет кылат:

- Махабат, эсиңе келчи айланайын, балдарыңды аячы, мына Бакыт, ал эми келбейт, андан көрө отуруп ыйлап, бугуңду, арманыңды айтып кош!
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:03 » Билдирүү # 37
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Жо-ок, ал өлбөйт, ал өлбөйт! - деп кара терге түшө бакырып аткан Махабатты эки аял бекем кармап, бири бетине суу чачып, жаакка чаап:

- Эсиңе кел, эмне болуп атасың, Бакыт өлдү, эртең аны коёбуз, балдарыңды карап эсиңди жый! - деп бири катуу сестендиргенде бирөөлөрү:

- Койсоңчу күйүттөн өзүн билбей жаткан бечараны чаппай, эми аны эптеп эле бир үйгө кармап туруп өзүнө келгиче балдарын жанына коюп караш керек. Антпесе күйүт жаман, ушул бойдон акылынан ажырап калса балдарына кыйын, - дешип кейип да шыпшынып да жатышты. Ошол бойдон же эч нерсе ичпей же балдарын ойлогонго чамасы келбей Бакытты ата-эне, бир туугандары жерге беришти. Сыздап-боздоп отуруп калышты. Кичинекей эки айга толо элек наристенин ыйлаганына Салкын эне көз жашы тыйылбай, келининин адам кейпинен кете өзүн билбей калганы ого бетер жүрөгүн сыздатты. Эл тарап, өздөрүнчө калганда Махабаттын жанына келген Сагын эне:
- Махабат, садага болоюн десе, Максатты эмизчи, карачы ыйлап атат, ме ала кой, - деди эле Махабат элээ бир топко кайненесин карап туруп, анан колундагы уулун бир карап:

- Бакытты карап келейин, эмнеге кечикти, менин жүрөгүм сезип атат, ал азыр келип калат, - деп ансыз да чачтары саксайып жоолугу мойнуна түшүп калган неме жоолугун оңдомуш болуп сыртка жөнөгөндө абысыны кармай калды:

- Махабат, ал келет, сен эшикке чыкпай эле баланы эмизчи, биз карап атабыз, ал сөзсүз келет!

- Чын элеби, силер да күтүп атасыңарбы? - Махабат көздөрү жайнай түштү, - Ооба, ал кечикпей эрте эле келем деген… - деп кубанган түрү менен баланы алып эмчегин салып бир азга уулун мелтирей карап отуруп калды. Бул учурда кайын-журту: 

- Муну ушинтип алдап эсине келтирели, бечарага кыйын эле болду, эч кимиси болбосо, ошон үчүн Бакытты жөлөк-таяк кылып жүрсө.. Анан дагы экөө абдан ынак болчу.

- Ошону айтсаң, каралдым ай, ушу түшүнөн аян берген го, аябай элеңдеп эле калыптыр эле, же бир сырын айтпай кетпедиби?! - Салкын көз жашын бет аарчы менен аарчый муңканып алды. 

Махабатты болсо "эмне болуп кетет?" дешип саксактап турушат. Ал көпкө-өө кайгы-муңу жок уулун эмизип отурду да:

- Бакыт, Бакыт, сен келдиңби, азыр, азыр чыгам! - деп баланы ары таштай салып эле эшикти көздөй жүгүргөндө экөө-үчөө кармап калды. Ошо бойдон ээ-жаа бербей: - Бакыт, азыр барам, мени жибербей атышпайбы! - деп жулкуна берди, чарчап кара терге түшүп, элге моюн бербей балдырай бергенде буту-колун байлап жаткырып коюшту. Эки баланын тагдыры кыйын абалда калды. Эки-үч сааттай булдуруктап атып, акыры уктады белем кыймылсыз болуп калды. Беркилер чочулашып карашса дем алып атыптыр. Өлгөндүн жазасы көмгөн дегендей үчүлүк, жетилик дегендерин өткөрүп бүтүшүп үй-үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болгондо кичүү баласы менен Салкын баш көз болуп калууну эп көрдү. Бакыттын иниси Камыт бир аял кетирген эле. Учурда бойдок. Ал Махабаттын өзүнө келгиче апасына жардам берүү үчүн кошо калды. Ал Бакытка абдан окшош эле. Тагдырдын тайгүлүк ташы аны кайда кимге алып барып кошуп койорун кайдан сезмек. Тек жулкунуп өзүн билбей жатканда Салкындын алы жетмек эмес, эки баланы карап отуруп кээде гана келинин ойлобосо Бакыты үчүн эзилип турган жүрөгү эми неберелери атасыз да, энесиз да чоңойоорун эстесе андан бетер түтөйт. Камыт, Салкын болуп Урматты тамактандырып, кичинекейине сүт берип отурган. Төркү үйгө камап койгон Махабат бир кезде эшикти карсылдата ургулап калды. Камыт турагалып эшикти ачып ийгенде карпа-курпа беттеше түшкөн Махабат көпкө делдээ туруп калып, анан:

- Бакы-ым, сен эмне кечиктиң, мен сенсиз жинди болоюн дедим, эми эч жакка кетпейсиңби, мени жалгыз таштабайсыңбы? ! - деп кучактап алып өксүп атканда Камыт апасын бир, жеңесин бир карап, аны өзүнөн оолактата:

- Жеңе, Бакыт эмесмин, эсиңизди жыйыңызчы, мен Камытмын! - деп кирди эле:
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:04 » Билдирүү # 38
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Ыя, эмне дедиң? Сен… сен Бакыт эмесиңби? Жо-ок, сен алдаба мени, апа алдаба дечи, мени алдап жатат ээ? - жүгүрүп келип Салкынды жулкулдатып кирди, - Айтчы апа, бул Бакыт эле ээ, айтып койчу, мени алдабасын! - деп жиндидей болуп башын ийкегилей, - Ооба, бул менин эле Бакытым, эмнеге менден качып атат? - деп кайненесинин жамгырдай төгүлүп эки бетин жууган жашын аарчый, - Апа, мени Бакыт ушинтип алдаганы жатабы, ал менден эч жакка кетпейм дебеди беле?! - деп эчкирип ыйлап жатып дагы тарткылаганда Салкын:
- Ооба айланайын, сенин эле Бакытың, кетпейт эч жакка, - деди да Камытты карай башын чайкап, - Сооротчу Махабатты, отургуз, баланы колуна берип жанына отур! - деди буйрук бере.

- Апа?! - Камыт апасынын эмне деп атканына түшүнбөй, - Мен…

- Отур, Бакытпы, Камытпы, баары бир менин баламсыңар, мени ук да келинди тынчтандыр! - деди эле аргасы кеткен Камыт келинди аста эки ийнинен кармай:

- Махабат, эмне болуп атасың, отур да баланы кара. Көрчү, бала адеп ыйлап атат, - деп отургузду да жанына отуруп баланы колуна карматканда Махабаттын колдору калчылдай баланы кармап эмчегин чыгара албай жатып улам Камытты карай жылмайганга аракеттенди: 

- Азыр, азыр эмизем… - деп башын калчылдатып бирдемелерди өзүнчө сүйлөнүп атты.

Салкындын ою Камыт аны алдап-соолап эс алдырса анан акырындап өзүнө келип баарын түшүнөөр, деген эле. Камыт да аны түшүндү. Махабат баланы эмизип бүтүп анан аны которгонду, жөргөктөгөндү билбей калдастап жаткырып коюп ордунан туруп сыртка чыкканда аны жөн гана артынан акмалап тим койду. Ойноп жүргөн Урмат аны этегинен ала:

- Апа, сени жинди болуп калды деп атышат да, сен жинди эмессиң ээ? - деди эле Махабат аны карап туруп калды. Бери жакта турган Салкын ага: "унчукпа" деп башын чайкап койду.

- Ким айтты, мени жинди дедиби? - Махабат ары көздөй басып көчөгө чыкты, - Аа-аа, мен жиндиминби ыя, жиндини тапкан экенсиң, - деп күбүрөнүп башы ооган жакка кетип атканда Камыт жетип:

- Кай жакка, бас үйгө, балдарды кара! - деди эле аны азыр гана көргөндөй элээ карап:

- Ий, сенби? - деп кайра артка басты, - Мен сени үйдө жок го деп издейин дебедимби? - деп жоолугун оңдой кирип кетти. Үйгө кирип алып казан аякты кылдыратып бирдеме кылгысы келип улам бири-бирине куюштуруп эле шапшып жатканда Камыт аны колдон ала ички үйгө киргизди:

- Жөн отур, мен бул жакта эле жүрөм го, эмне болуп атасың? - деп жиндене катуу ороңдогондо: 

- Бакыт, сага эмне болду, мени урушчу эмес элең го? - деп аны таңкала кабагын бүркөй карады, - Бакыт, сен эч жакка кетпейсиңби? 

- Кетпейт балам, кетпейт, андан көрө кел кардыңды тойгузуп эки балаңды карап жанына жатып эс алчы, - Салкын аны жумшак сүйлөп ишендире айтты, - Кайда кетмек эле… - Ойлуу келинин карап көзүнөн жашы тоголонуп кетти, - эсиңди жыйып балдарыңды карасаң.

- Ийи, - деген Махабат дасторконго келип нанды бурдап жеп чыныдагы чайды аптыга жутту да, - Башым ооруп атат, - деди да төргө жатып калды.

Салкын аны тим койду, уулун карай оңдонуп орчундуу кеп айтчудай болуп отурду да:

- Уулум, эртең доктур алып келип дарылаталы, жаш неме биротоло акылынан айнып калбасын, сен анын ою менен болуп жакшы болгончо Бакыт боло бер, эптеп өзүнө келсе анан билгенде кантмек эле, билет акыры, муну жакшы айтып карап туралы.

- Мейли апа, өзүм деле ошентип ойлоп кеттим, бирок адегенде жаман болдум…

- Эчтеке эмес уулум, жаш байкушту сактап калбасак болбойт, - эне ошентип айтып отурганда кичинекей наристе чукуранды эле ал ыйлай баштаганда Махабаттын жанына кулагына жаткырып коюшуп карап турду. Ал ойгонбоду. Бала ыйлап атканынан Салкын аны которуп кайра жаткырды эле эмчек издеп ыйлай баштады. Аны кадимки эле жанында жаткандай болуп Камыт жулкулдата: 

- Эй Махабат, баланы карабайсыңбы? - деди эле чоочуп ойгонгон ал Камытты карай жал-жал этип көздөрүн тартып алды да:

- Азыр… азыр, катуу уктап кеткен турбайынбы, - деп баланы алып отуруп эмизди да, - Апей, төшөк салбай жатып алдыкпы, кой мен төшөк салайын, апам дале отурабы? - деп чындап эле уйкудан жаңы ойгонгондой төшөк сала баштады. Беркилер аны жөн гана карап тура берди. Балдарын орду-ордуна жаткырып коюп Салкынга: - сиз бул жерге эле жатып алыңыз, - деп балдарынын жанына төшөк салды да, - жата бериңиз апа, эс алыңыз, - деп өзү жата кетти
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:06 » Билдирүү # 39
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
Ошол учурда Салкын сыртка чыгып Камытты ымдай кетти. Артынан чыккан Камытка: <b> 

-
 Эч нерсе билгизбе балам, сени көрүп аз-аздан эсине келет балам, анан түшүндүрөбүз, - деди да кайра кирип келини көрсөткөн төшөккө жатып калды. Камытка кыйын болду. Агасы жатчу төшөктүн четине чечинбей жатып калды: "Кызык, эми эмне болоор экен, жеңем эсине келип баары ойдогудай болгуча ушинтип агамдын ордуна жатамбы? Ал эми жеңем мага карап жатып күйөөсүндөй буту-колун тийгизип жиберсечи, анда кантем, анда аны эмне деп айтам" деп санаага батып жатып уйкуга жетеленгенин билбей калды. Ал күнү Махабат эч нерсе сезбей уктады. Бала ыйлаган сайын Камыт аны түртүп ойготот. Ошондо гана ал чын эле Бакыт жанында жаткандай баласын кадимкидей карап, которуп анан Камытты карап кучактай кетти. Камыттын бүткөн бою "дүр" дей түштү: "түртүп салууга болбойт, азыр мен Бакыт эмесмин десем, караңгыда айгай салып сыртка жөнөсө кантем, анан да билип калат", деп үн дебей жата берди. Махабат ага эч нерсе деген жок: "кайненем бирге жатса да уят, тынч эле жатайын" деп ойлоп Камытты акырын өөп койду эле анын бүткөн бою дагы бир жолу дүр эте жүрөгү "зырп" этип көптөн бери аял жытын сагынган неме алдастап калды. Ошол учурда Махабат:

- Эмнеге жытың башкача болуп калган, же жумуштан келгенде жуунбай калдыңбы? - деп шыбырап мурдуна мурдун тийгизе эркелеп да, эркелетип да койду.

- Өзүң жуундурбасаң анан… - башка сөз айтууга кудурети жетпей боюн оолактатты. Ошону менен үндөбөй калып Махабат анын мойнунан бекем кучактаган бойдон уйкуга кирди.

Эртең менен эрте ойгонгон Салкын ордунан туруп үйүн, чалын эстеди: " бүгүн келип калаар, мен буларга баш-көз болуп кыркына чейин турбасам болбойт" деп ойлоп сыртты көздөй баратып Махабаттын Камытты бекем кучактап алганын көрүп жүрөгү тызылдап кетти. Камыт болсо андан качкандай эки колу жууркандын үстүндө, бутун да төшөктөн чыгарып ортого төшөктү кыпчып койгон экен: "Курган балам ай, сен да аргасызсың" , деп сыртка чыгып бети-колун жууп, аарчынды да отургучка отуруп алып: "айтса-айтпаса төгүнбү, 

Бакытымды аргасыз ажалга берип кала бердик, Камыт бойдок, Махабат али андан кичүү, эмне экен, илгертеден эле жесир жеңени кайни алчу эмес беле, үйлөнүп алса деле болот да" деген ой мээсин жарып өттү. Бирок алдыда кандай окуялар болуп кетет, аны эч кимиси сезбеди. Дал ошол учурда Камыт ойгонуп Махабаттын колун ары кылып өзү ордуна тура берейин дегенде ал:

- Бакыт, эмнеге эрте туруп атасың, жата турчу, - деп аны тургузбай кучактап алганда:

- Мен эрте туруп жумушка барайынбы? - деп Камыт өзүн бекем кучактаган Махабаттын колдорун чыгарып өйдө боло бергенде:
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 17:06 » Билдирүү # 40
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Мен сени жумушка барбачы деп канча айтам, түшүңдөн да чоочуп жүрөсүң, барбай эле койчу алтыным, же түшүңдөн чоочуп жүргөнүңдү атамдарга айтпайсың.

- Бир күн да кала албайм, - деген менен Камыт ордунан туруп эшикке чыгып: "эмне деди, көрсө Бакыт акем түшүнөн чоочуп жүргөн тура, анан эмне айткан жок" деп ойлуу ажатканадан келатып столдо отурган апасын көрдү да:

- Апа, Бакыт акем түшүнөн чоочуган экен, силер деле билген жоксуңарбы? - деди.

- Аны кайдан билдиң?

- Жеңем азыр мага айтты, ал мени Бакыт деп эсептеп жумушка барба, түшүңдөн чоочуп жүрөсүң дейт.

- Ошондой экенин сезгем, балаң кургур такыр айтпай койбодубу?! - деп эмшиңдей кетти. Махабат ошол учурда чыгып:
- Бакыт, жумушка кетсең тамагыңды ичип албайсыңбы? - деди да өзү жуунганы ары жактагы чөөгүндү көздөй басты. Эне-бала экөө бири-бирин карап калышты. Эне башын чайкады: "унчукпа, эрки менен бол" дегенди билдирди анын көз карашы. Ошентип табышмактуу жашоо улана берди, Махабат кадимкисиндей боло баштады. Врач чакыртып бир уколдорду берип таблетка бергенде Махабат:

- Эмнеге, мен ооруган деле жокмун, - деп аларды таңдана караганда Камыт:

- Сен ооруган жоксуң, айыл кыдырып жугуштуу ооруларга каршы дарылап жүрүшүптүр, анын эмнеси бар, дарысын ичип укол алып коё бер да, - деди тынчтандыра. Ал нервди тынчтандыра турган уколдор эле. Үч күн удаа укол алгандан кийин кадимкидей боло түштү. Бирок ал өзүнө келе баштагандан кийин анын көз алдына биринчи жолу аялдардын колтуктап алып: "Бакыттан айрылып калдык" деген үндөрү угулуп, карегине тартылып: "эмнеге антишти, Бакыт аман-эсен эле тура" деп Камытты теше тиктеп андан өзүнө тааныш жүздүү көз карашты издей берип аз гана окшоштукту тапты. Анткени Бакыт менен Махабат жашаган кезде ал Россияда иштеп жүргөн эле. Биринчи ала качып барганда көргөн, бирок анча тааныбай калган. Бир күнү ал баарын эстеди, акыл токтотту. Бакыттын кийимдерин карап отуруп боздоп атты… Анткени жыгылганда кийимдерин босогодогу бөлмөгө коюп койгон боюнча эч ким көрбөптүр. Аны Махабат таап алып даана түшүндү, кайнисин карап да койбой ыйлап эки уулун колуна алып, алмак-салмак өпкүлөп боздой берди. Салкын сыртта жүргөн: "кудайга шүгүр, өзүнө келип калды, эки баласы менен өз оокаттын кылганга жарайт" деп ойлонуп үйгө кирип келсе эки баласын эки жагына кучактап алып, Бакыттын кан болгон кийимдерин колуна бекем мыкчып алып ыйлап отурганын көрүп мууну бошоп кетти, үндөбөй отуруп калды.
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Атасынан тууган кыз (Айгул Шаршен кызынын чыгармасы)
  • Страница 3 из 3
  • «
  • 1
  • 2
  • 3
Поиск: