[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 2 из 3
  • «
  • 1
  • 2
  • 3
  • »
Модератор форума: Асман  
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Атасынан тууган кыз (Айгул Шаршен кызынын чыгармасы)
Атасынан тууган кыз
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:32 » Билдирүү # 16
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Ах, садагам ай, өзүңдү жаман сагындым, - деп дароо эле ишке өттү. Кызы селдейип үнсүз-сөзсүз анын аракетине каршылык кылбай туруп берди, - Садагам менин, аселим, сенсиз мен кантип күн көрөм?! Кеттик, жүрү үйгө, өзүбүзчө жашай беребиз, эч ким билбейт, ташта күйөөңдү! - деп жалынып жалбарып жатканда кызы: 
- Анда сага тийип алайын, - деди ызалуу көз караш менен атып. 
- Айла канча, мен аял албайм, сен күйөөгө тийбейсиң! - деп шыбырай ордунан туруп эшикти ачып коюп жанына отура кетти. Эстелик мостоюп отура берди: "Эми мага баары бир, тирүүнүн өлүгү болуп жүрүп жашоодон өтөөрмүн, өз жанымды кыйбай пешенеге жазганын көрдүм" деген ойдо чечкиндүү ордунан турду да: 
- Надира үйдөбү? - деди. 
- Ал кеткен, аны менен жашоо мага көңүлсүз, кызым… 
- Кызым… кызым дечи?! - деп кекээр менен айтты, бирок Эстелик өзү да бала кезинен эле өзүн кармалап, бүт денесин өөп, эркелетип, кытыгылап анан кошулганга көнүп алып Бакыт менен жатканда алымсынбай атасын эңсеп жүргөнүн эстеди. Бул учурда анын эки үч айлык боюнда бар эле. Бакыт үйрүлүп түшүп ага жан алы калбай жүргөндө Эстелик атасы менен ээрчип кетип калды… 
Кечинде жумуштан келген Бакыт үйүнүн ачык турганын көрүп кубанычтуу кирип келсе аялы жок, кайда кетти экен деп эки жакты карады, эч жерде көрүнбөдү. Ошондо бир наристе кыз гана ага көргөнүн айтты: 
- Жана бир киши келип ээрчитип кетти. 
- Кандай киши экен? 
- Иши кылса чоң киши . - Мм, - деп улутунуп ийди Бакыт: "демек атасы келип алып кеткен экен, эми анын батирин кайдан табам?" деп ойлонуп жатып калды. Шаар чоң, аны кайдан табам, эгер мени сүйсө, боюнда да бар - келээр, атасы болбой алып кетсе керек" деп ойлонуп жумушуна барып келип жүрө берди. 
Кубат Эстеликти үйүнө алып келген. Кубат ээн-эркин чечиндирип алып тээ жаш кезиндегидей өөп, кытыгылап ойноп атып анан дагы кошулду, чап жармашкан Эстелик өзү да сагынганын сезди, мына… шумдугуң кургур, махабат жыргалын таткан, ата-бала… Энеден туума жылаңач экөө тең. Булардын лаззатка батып атканын батирдеги бир аял капысынан келип, "кайда кетти экен" деп терезесинен шыкаалай койсо көзүң жамандыкты көрбөсүн экөө тең жыпжылаңач, ойноп атышканда көрүп тиги аял үндөбөй бетин чымчып басып кетип сыр кылып бир аялга айтат. Экөө сандарын чымчып, беттерин чымчып ушак шамал айдагандай тарады. Кубат муну сезбеген менен көз караштарынан эле байкап эки-үч күндөн кийин башка жакка батир которуп кетти. 
Бир карасаң ата-бала, тааныгандар аларды башкача кабыл алат, буга Эстелик көнүп калгандай болду. Өзү нурдуу келин, кыздар менен мамиле кылгандан корунуп качып турат. Айы-күнү жетип уул төрөдү. Кубат сүйүнүп жүрөт "кызым төрөдү!" деп. Бирок Эстелик сүйүнбөдү, ал үчүн бул дүйнө өлүк жашоого айланган. Өзү тирүү, бирок жүрөгү муз болуп тоңгон… Ооба таш болуп катып калган. Кыбырап басып, тирүүлүктүн жышанасы болуп, тамак ичип, ажатканага барганы болбосо өзүн өлүктөй сезет. Жашап келет. Ал баласы экиге чыккыча сыртка чыкпады. Кубат кечке базардан тапкан-ташыганын көтөрүп келип дасторконго отурушат, ата-баладай, жата келгенде эрди катын… 
Урмат үчкө чыкканда Эстелик базарга чыкты. Эки жакты сонуркай карайт, аттиң тирүүлүктүн өзгөчө шаңы кандай сонун. Кере-кере дем алып алды. Жадырап жайнап соода кылып аткандарды көрүп көздөрү муңга толуп телмире тиктейт: "Неге, неге алардай боло албайм, неге мени атам күйөөм менен жашатпай койду, кантип кутулам, канткенде адамча жашайм?!" деп буулугуп алды. Көөдөнүнө ыза толуп батпай ашып
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:33 » Билдирүү # 17
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
ташып барат: "Мен кимге керекмин?" суроосуна жооп таба албай кыйналат, ыйлайт. Кайра өзүн өзү сооротот: "Пешенем ушул тура, аргам канча, Бакыт менден түңүлүп эмдигиче үйлөнгөн болуш керек" деп ойго чөмүлөт. Аңгыча товарын жайган Кубат. 
- Сен биерде эмне кылат элең, баланы ал да кете бер! - деди эле телмирген бойдон жөнөдү баласын жетелей. Баарына кайыл, жерди карап кадамын санап кетип атты, кетип атты, бир кезде бирөөнү сүзүп алды. 
- Ой кечиресиз! - деген тааныш үн, селт эте башын көтөрүп жалдырай туруп калды, - Эстелик, сенсиңби? - Бакыт Эстеликти бир карап, анын колун кармап алган баланы бир карап делдээ туруп калды. 
- Эстелик, бул менин баламбы? - Эстелик эми гана эсине келгендей баланы көтөрө калып жүгүрүп жөнөдү, жүгүрмөк кайда, кыжы-кыйма элдин ичинде эптеп жол таап кетип атты. Үн катпай туруп калган Бакыт эсине келе анын артынан жөнөдү, бирок унчукпады. Анын артынан баратып маршруткага түшкөнүн көрүп ал да түштү. Бир жерге келгенде Эстелик баланы көтөрүп түшүп калды. Бакыт андан өйдөрөөк барып түштү да аны акмалай басып баратып анын жашаган жерин көрдү: "кызык, эмнеге качат менден, атасы өтө начар адам болсо керек", деп көпкө көчө бойлоп басып жүрдү, бир кезде жанагы үч жашар бала эшикке чыгып ойной баштады. Аны көргөн Бакыт басып келип ага: 
- Атың ким? - деди. 
- Уйма-ат. 
- Кимдин баласысың? 
- Атамдын. 
- Атаңдын аты ким? 
- Кубат, - Бала чоочун кишини таң калгандай карап туруп сурады: 
- А сиз ким болосуз? 
- Менби, мен Бакыт акең болом. 
- Аа-аа, - деп коюп торсоңдой жүгүрүп балдарга кошулуп кетти. Эмнени түшүнгөнүн ким билет, анын бирдемени түшүнгөндөй "аа-аа" деп койгону Бакыттын күлкүсүн келтирди. Анан акырын басып барып эшикти такылдатты эле Эстелик ача коюп кайра шарт жаап алды. 
- Эстелик, аччы, ачып койсоң, сага эмне болду, сүйлөшөлү да, - Бакыттын үнүн укпагандай эшик ачылбады. Бир топтон кийин эшикти ачып өзү чыкты да баласын издеп ары-бери жүгүрүп таап көтөрүп келатып: 
- Азыр атам келет, кетип кал! - деди да эшигин жаап шылдыратып илгичин илгени угулуп жатты. Бакыт ага сүйлөйүн деп оозун таптап кала берди: "Атасы ошончо жаман кишиби, эмне кызын күйөөгө бербей эмне кылат, коркот го атасынан, балким мени көрүп калса аны урат чыгаар" деп ойлонуп келген жолуна түштү. Кечке маал келген Кубат Эстеликке алып келген этин берди. 
- Муну оокат жасачы, - Унчукпай ордунан турган Эстелик тамак кылууга киришти. Кубат Урмат менен ойноп атты: 
- Кана, кана уулум, оюнчук жактыбы? 
- Ооба жакты. 
- Ата, - деди Урмат баё атасын карап, - бир байке келди. 
- Ал ким экен? 
- Билбейм… 
- Каякка, үйгө кирдиби? 
- Жо-ок, мен ойноп жүргөндө да, анан атың ким деди. 
- Эмне дедиң? 
- Урмат деп айтым. 
- Азамат, сен атыңды айтканга жарап калгансың го ээ? 
- Ооба да… - бала мулуңдап кубанып калды. Кайра оюнчук менен ойноп алаксып кетти. 
- Ал ким экенин көрдүңбү? - Кубат Эстеликти карай суроо узатты. 
- Жок, көргөнүм жок. 
- Ики, кетип кал, деди апам, - Урмат укканын айтканда Кубаттын кабагы карыша түштү. 
- Ким экен, жөн эле айтпайсыңбы? 
- Ким болмок эле, Бакыт… 
- Эмне дейт? 
- Сүйлөшкөн жокмун. 
- Ийи, келип калган экен да, кантип тапты экен, эми биерден да кетебизби? - Ойлуу тунжурай түштү. Анын "биерден да кетебизби" дегени Эстеликтин жинин келтирди: "Эмне деген адам, бөлөк эмес өз атам, балким өгөйдүр, аны айтпай апам өлгөндөн кийин калп эле мени алдап жүргөн го?" деп ойлоп: "ким болсо ошол болсун, мен муну өлтүрөм, болбосо мен муну менен жүрө бербей өзүм өлүшүм керек" деген чечимге келип тамак жасап жатып ою алда неге бөлүнө берди: "Балам үчүн мен жашашым керек, балам жетим болбосун" өзүнчө кыжаалат болуп тамак жасаган плитанын жанында ойго чөмүлүп отура берди. Кубат буга көнүп калган, ал үчүн баары бир болчу, болгону Эстеликти жанынан чыгаргысы келбей башкалардан кызгана берчү. Ойлонуп отуруп алда качанкы өткөн окуяны көз алдына келтире ойноп жаткан баланы карап отура берди.
 

 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:34 » Билдирүү # 18
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
Анда Кубат жыйырма төрттөгү жалындаган жаш курагы болчу. Бир аял алып кетирген. Совхоздо тракторист болуп иштеп жүрүп Сырганы жактырып калган. Сырга ошол кезде жаңы эле күйөөдөн чыгып келген эле. Күндөп-түндөп анын жанын койбой жеңесинен чакыртып жолугуп, жактырып калганын билдирип канчалык аракет кылса да болбой жүрдү. Бир күнү аларды жеңеси жолуктуруп: 
- Ай Кубат, Сырганы биз болбой берип койгонбуз, аябай тынчы жок, кызыл камчы неме экен, акыры өзүбүз ажыраштырып алганбыз, сен деле бир аял алдың, экөөң жакшы турмуш куруп кетсеңер болду, - деди сайрап. 
- Ой жеңе, мен Сырганы жер каратпайм, өмүр бою сыйлайм, суранаарым макул десин, апам менен ынтымак болсо эле болду, мен аны жүрөгүм менен сүйүп калдым. 
- Болуптур, кызыкемдин көз жашын агызбасаң эле болду, - деп экөөнү таштап басып кетти. 
- Сырга, мен деле аял алып ажырашкам, кысынбай эле кой, мен сени өзүм сүйдүм кааладым, жапжалгыз эрке келин болосуң, бактылуу ынтымактуу жашайбыз, - Кубат ушинткенде Сырга аны ойлуу көздөрү менен тике карап: 
- Макул сага ишенейин, бирок менин боюмда бар да, ага сен өз атасындай боло аласыңбы? - дегенде Кубат бир демге үндөбөй туруп анан: 
- Болом, өзүмдүн балам деп жаздырам, а сенин күйөөң билбейби боюңда бар экенин? 
- Жок айткан эмесмин, билсе кайын журтум биерге коймок эмес, барганыма алты ай болгондо эле төрөбөйсүң деп чыгышкан, ошого өчөшүп мен да айтпай койдум, эки ай дегенде баса бердим, азыр үч айлык боюмда бар, - деди Сырга. 
- Эң жакшы, мен өзүм жалгыз баламын, сен төрөп берсең апам сүйүнөт, - Кубат ага чын дили менен айтып турганын Сырганын жүрөгү сезбеди, көп өтпөй эле үйлөнүп алышты. Төрөөр төрөгүчө Кубат сүйгөн адамы кучагында жатканына сүйүнүп, курсагын кармалап кубанычы койнуна батпай жүрбөдүбү, анан… анан төрөтү катуу болуп ушу кызын төрөгөн күнү Сырга келбес сапарга кетип Кубаттын башына кайгы түштү. Кичинекей кызды апасы бакты, кандай гана мээнет менен бакпады. Ошентип апасы да бул кызды өзүнүн кызы деп чын-бышыгын билбей Эстелик он экиге чыкканда көз жумуп кете берди. 
Ооба, Кубат азыр ушуларды ойлонуп туруп: "ачыгын айтышым керек, демек корунбай жашасак болот, мен муну башкага бербейм, Сыргага окшош, мен анын элеси менен жашашым керек" деген чечимге келди. Ошол күнү тамак ичип отуруп Кубат тамагын кыра: 
- Эстелик, сен таптакыр эле түнт болуп баратасың, мен сага бүгүн болгон чындыкты айтышым керек, бул сыр Сырга экөөбүздүн гана ортобузда калган эле… - бир азга Эстеликти телмире тиктеп отуруп анан: Сен апаңдын боюнда үч айлык кезиңде келгенсиң, мен эч кимге айтпашым керек эле… бирок сен мени менен кысынбай, эркин жашашың үчүн айтып коюшум керек болду… 
- Мен… мен кимдин кызымын анан? - Эстелик көздөрүнө каканактай түшкөн жашы төгүлө жаздап Кубатты суроолуу карады. - Аны чынында билбейм, Сырга ажырашып келгенде ага мен үйлөнүп алгам, боюнда бар экенин жашырбай айткандан кийин мен өз балам катары сени кабыл алгам. Бирок Сырганын өмүрү кыска экен, сени төрөп эле көз жумду… 
- Демек… 
Эстелик эмне деп айтаарын билбеди ошол учурда, болгону Кубаттын өз атасы эмес өгөй экенин гана туюп ичинен кекене баштады: "көрсө-өө, бул ошон үчүн мени аялындай алып жүргөн тура, өз атам болсо ушуну кылмак эмес, мен эми мындан чындап өч алам, бул менин тагдырымды талкалап, жаштыгымды соолуган гүлдөй кууратты, бул жашоого тийиш эмес!" деген чечимге келди. Үнсүз отуруп тамактанды да, төшөк салды. Баягы көрүнүш. Төшөктө эрди-катын, ар кимисинде сызылган ой-толгоо: "Баарын түшүндү, кайда бармак эле, эми анча корунбай калаар" деген ойдо Кубат дале бушайман. "Акмак, жок дегенде апама берген убадасына турган эмес тура, шашпа" деп койнунда кучактап жаткан "атасын" көргүсү келбей алгач ирээт өзүнө "оюн" көрсөткөнү көз алдына тартылат. Ушул жолу ирээнжип: "Акмак, сен адам эмессиң, берген убадаңды унутуп бала ордуна эмес, аял ордуна кармаганың үчүн жек көрөм сени" деп түртө салып туруп кеткиси келет. Бирок өзүн токтотуп үнсүз гана эркине көнүп жата берди… 
Бакыт эртеси дагы келди. Эстелик баласы менен газета окуп отурган. Эшик ачылганда эле жалт этип ордунан тура калып: 
- Эмнеге келдиң, атам көрсө өлтүрөт! - деди аны сыртка чыгармак болуп. 
- Эстелик, мен баламды көрөйүн, сен макул болуп турсаң атаң эмне дейт эле? 
- Жок, жок бар кет, мен сени менен сүйлөшө албайм! - Эстелик буулугуп ыйлап ийчүдөй болуп үнү дирилдеп атты, - Бакыт, бизди унутуп эле койчу? 
- Эмне үчүн унутам, мен силерди ойлоп жинди болуп кете жаздадым, атаңды күтүп ачык эле сүйлөшөйүн… 
- Болбойт, Бакыт, болбойт! 
Бакыт Эстеликтин жүзү ылдый куюлуп кеткен жашын көрүп кетенчиктей кетти: 
- Болуптур, уулумду жок дегенде бир өөп алайын!
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:35 » Билдирүү # 19
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Кийин, - Эстелик Бакытты төшүнөн сүйөй босогодон чыгарып анан өзү кошо чыкты да, - үйлөндүң беле? - деди.

- Жок Эстелик, үйлөнгүм келген жок, баягы эле батирде жалгыз жашап жүрөм. 

Ошондо Эстелик көздөрүн жумуп ийди: "аттиң, мен деле сени кандай сүйүп, эстеп жүргөнүмдү сезсең гана, биздин тагдырыбыз ушундай тура" деп босогодо үнсүз туруп ойлоп жиберди, - Бир айдан кийин ушул жерге кел, анан сүйлөшөбүз! - деди анан, - Мен сени күтөм, - кайра үйгө кирип эшикти илип алды. Бакыт эч нерсе сезбей да, түшүнбөй да келген жолуна түшүп илкип баратты.

Арадан он күндөй өткөндө Эстелик базардан сурамжылап жүрүп уу коргошундун түбүн алып келди. Эч нерсе болбогондой кечинде тамагын ичип күндөгүдөй эле баласын ортого алып жатып алышты.

- Эстелик, мага нааразысың ээ? - деди Кубат ошол кечте Урмат уктагандан кийин ары жылдырып эркелете маңдайынан жыттай, - мен сенин апаңды аябай катуу сүйгөн элем… сен эркек болгонуңда эмне? - Кубат шуу этип үшкүрүп алды, - Кыз болуп калбадыңбы… - түнкү тынчтыкта экөөнүн дем алган дабышы, шыбыры гана угулуп турду, - Кыз болгондо дагы Сырганын эле өзү болдуң, мен сенден жакшы эле качтым, апаң өлбөгөндө дагы сени ал чоңойтсо башкача болот беле? Алган аялдарым Сыргадай болбоду, ан сайын сени көргөндө аны эстей берип… угуп атасыңбы?

- Мм…

- Анан сени башкага ыраа көрбөй…

- Анан? - Эстелик кайдыгер сурап койду.

- Анан сени койнума алып жатып жүрүп… биринчи түндү билесиңби?

- Эсимде!

- Ошо, анан сенден башканы такыр көргүм келбей…

- Надиранычы? 

- Аны сенден алысташ үчүн, эптеп өзүмдү алаксытыш сени жолуңду тоспоюн деп аракеттенген элем, бирок жакшы эле чыдайын деп чыдай албадым…

- Өмүр бою ушинтип жашай беребизби анан?

- Анан эмне кылмак элең, ачыгын билдиң, менден жыйрылба, тартынба, кадимкидей болуп кетебиз, бизди тааныгандар эскирет, баары унутулат, убакыт баарын унуттурат.

- Мм да?

- Ошол садагам, менин Сыргам берип кеткен белегимсиң, мен сенсиз жарым мүнөт да тура албайм, жашай да албайм!

- Апама да ушинтип айтчу белеңиз?

- …?

- Ал жок жашап жүрөсүз го?

- Сени мага кудай өзү тартуулаган экен да, көрсө Сырга аркылуу мага сүйүүнүн данегин берген тура, "ушу данектин өндүр, көктөт" деп.

- Кантип көктөтөсүз? 

- Сен мага төрөп бересиң, балдарыбыз чоңоёт, алар үйлөнөт, анан ошентип көктөйт.

- Мм…
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:47 » Билдирүү # 20
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
Ошону менен сөз бүткөндөй экөө тең унчукпай калышты. Эстелик көзүн жумуп былк этпей жата берди: "Көктөтөт имиш, мен буга дөдөй көрүнсөм керек, унчукпай жүрсөм баш ийди, жашай берет деп ойлойт го?" деп түндү кирпик ирмебей өткөрдү. Эртең менен адаттагысынан эрте турду. Жуунуп таранып кечки тамактын калганын жылытып анан күндө Кубат ичип алып жумушка кетчү жарманы ачты, ачты да түндө эзип койгон уу коргошунду жармага кошуп тамактын артынан берди. Ал жарманы ичип алып чыгып кетти. Эстелик анын артынан чыгып карап турду. Ал маршруткага түшүп кеткенден кийин: "көктөп жата бер" деп улутунуп алып үйүнө кирип уктап жаткан уулун кымтылап коюп ою бир жерге токтобой алагды болуп атты. Анан уулунун жанына кыңкайып уктап кетти. Урматтын ыйлаганынан ойгонуп кетти, чак түш болуп калыптыр, арыдан бери төшөгүн жыйып үйүн шыпырды, уулун кардын тойгузуп отуруп: "эмне болду экен?" деп санаага батып атты: "кокус өлбөй калса мени соо койбойт, биротоло тынчыса экен" деди бир ою: "Бекер кылдың, адамдын убалы оңойбу, жөн эле кетип калсаң болмок" деди дагы бир ою. Ошентип сарсанаага батып отурганда сырттан Кубаттын жанында соода кылчу бир киши келип:

- Ой кызым атаңды ооруканага алып кетти, эмне тамак ичти эле, отравление болгондой кусуп кыйналып кетип баратып мага сени айтып кой деди эле, ошон үчүн келдим, - деди шашкалактай. 

- Канча убакыт болду?

- Бир сааттай болду го, эмгиче доктурлар уколдон аткандыр, коркпой эле кой, жакшы болуп кетет, - деди да кайра эле келген жолуна түштү.

- Эмне кылсам, барсамбы же барбай эле койсомбу? - деп өзүнчө сүйлөнүп калды. Кыжалат боло берди, эшикке чыгып, үйгө кирип тынчы кетип: "сооп болот, менин балалыгымды баладай өткөрбөй өгөйлүгүңдү кылдың, эч кимим жок болсо да ата болуп сыйымды көрбөй, ата болуунун ордуна "эр" болуп эл алдында жүзүмдү ачып жүрө албай турган кылдың, менин да көрө турган күнүм алдыда" деп ойлоно берди. Улам уулу ар кайсыны сурап же божурап бирдемени сүйлөп алагды кылат, ага алаксый түшкөн менен кайра эле будуң-чаң ойлор аны эзип атып кеч киргенин байкабай же кардынын ачканын сезбептир. Качан гана Урмат:
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:48 » Билдирүү # 21
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Апа курсагым ачты, - дегенде чай коюп, тамак жасаганга аракет кылып жатып деле ойлордон арыла албай:

- Азыр уулум, тамак берем, - деди кыбырап жүрүп: "бир барып билип койсом болмок экен, мени эмне ал үчүн күнөөлөмөк беле, мен эчтеке билбейм, үйдөн тамак ичкен деп айтам" деп ара чолодо идиште турган жарманы төгүп жууп койду: "Ушудан деле кутулсам экен" деп атып тамагы бышып жанында чырылдап ыйлай баштаган уулу экөө дасторкон жайып тамактанууга киришти. "Товарлар эмне болду экен, эртең анын өлүү-тирүүсүн билейин" деп ойлоп койду. Эми тамактанып бүтүп төшөк салып курсагы тойгондон кийин уйкуга кирген баласын жаткырып өзү жанына кыңкая бергенде эшик такылдады:

- Бул ким?

- Мен, мен элемин, аччы?! - Сырттан аялдын үнү аны селт эттирди. Дароо эшикти ачып жиберди, - Ой сен деги атаңдан кабар алып койбойсуңбу ыя, ал өлүм алдында жатыптыр, доктур үмүт жок дейт, ууланыптыр. 

- Эмнеге ууланыптыр? - Эстелик үрпөйө калды: "менин уу коргошун билинип калбас бекен" деген ой башына келип өңү өзгөрүлө түштү.

- Кайдан билем, иши кылып бир суткага жетсе жакшы болуп кетет, ден-соолугу абдан күчтүү экен, болбосо качан эле өлмөк дейт, - деди ичке кирип көчүк баскан аял. Бул Кубаттын мындайраак туугандарынын аялы болчу. Анда-мында эле базардан жолугуп калганда көрчү.

- Эми эмне кылыш керек, мен жөн эле суук тийген же ашказаны ооруп калган экен деп эртең барайын дегем, - Эстелик эч нерсе билбегендей момурап жооп берген менен: "эми ал тирүү калса өлдүм" деп ичинен ит өлүк болуп коркуп атты.

- Анча-мынча каткан акчаңар болсо берип күчтүү укол бердириш керек, болбосо соо калбайт, айылдан Ысагаалыны да чакыртып ийдим, кокус бирдеме болуп калса айылга алып кетебиз да?

- Коюңузчу, ошончо эле оор бекен?

- Омээй ой кыз, мен сага баятан бери эмнени айтып жатам ыя? - Аял Эстеликти таңгала да аяй да карап: "атаны байкуш ай, башынан жамандык өтпөсө, Кубат байкуш муну эч нерседен кем кылбай багып жүрсө, өзү болсо аялы жок өтө турган болду" деп ойлоп, - Жаман айтпай жакшы жок деген, сен да камына бер, кокус болуп кетсе ушерге таштамак белек сөөгүн, алпарып апаңдын жанына коёбуз да?

- Жакшы болуп кетээр, анчалык жаман ойлобоңузчу? - Эстелик көзүнө жаш кылгыра жалооруй айткан менен: "эми кантем, билинип калбагай эле, кокус билинсе мени соттоп жиберет, балам эмне болот" деп ошого кыйналып ыйлагысы келип кеткен эле. Ал аял ал күнү кетпей жатып алды. Эртеси эрте туруп Урматты кийинтип алып аны менен кошо Эстелик да ооруканага жөнөдү. Баратып жүрөгү билинээр билинбес солкулдап: "оо кудай кечире көр, билинбесе экен" деп өзүнчө эле кыжаалаттана кыйпычыктай берди. Жетип эле аны сурашканда аны түндө эле моргго чыгарып коюшканын айтканда Эстелик үнсүз гана көзүнүн жашын төгө: "кечир мени, ата" деп алды. Шашып калган тиги аял Эстеликти соорото
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:49 » Билдирүү # 22
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Кой балам, ыйлагандан эч нерсе таппайсың, андан көрө тууган-туушкандарды чакырып алып кетиш керек, андан көрөкчө буга бир топ акча керек, өзүнүн бир тууганы жок, эми… - деп кайра - сен үйүңө барып камынып кайра ушул жерде бол, мен тигил бул биердегилерди чогултайын, - деди да ары басты.

Бирок ошол кеч да, кийинки күнү да Кубаттын туугандары келбей жатты. Эстелик күндө оорукана менен моргдун ортосунда жүрүп баласы менен кыйналып кетти. Баягы кыйратам деген аялдын дайыны жок. Бир жума дегенде беш алты киши келип эптеп ошондон ары эле шаардын четиндеги топ мүрзөлөрдүн бирине коюп кайра кете беришти. Эстелик өзүнчө "өх" деп жеңилдей үшкүрүп алды: " Эми өз каалаганымдай жашайм".

Кубаттын бир аз товары менен Эстелик ошол орунда соода кылат, кечке жанында жүргөн баласы кыйнап жиберди.

- Апа дейм, мага конфет аперчи? - Эстелик а деген күндөрү ага алып берип коюп жүрдү. Биртике топтоп жүргөн акчасын Кубат Эстеликке каттырчу. Анысы батирге төлөп анан баласына, өзүнө кийим-кече алып түгөндү. Соодасы күнүмдүк оокатынан чыкпай ал кыйнала баштады. Бир ай өткөндө Бакыт Эстеликтин айтканы боюнча келип жашаган жеринен таппай калды. Ары бери басып көпкө туруп коңшусунун сыртка чыкканын көрө жетип саламдашты да:
- Эже, бу жердеги Эстелик деген келин кайда кеткен, биле албайсызбы? - деди.

- Аа-аа, ал атасы өлгөндөн кийин базарга чыгып жатат, анын ордун билчү белең? - ал аял кайра өзүнө суроо узатты.

- Билбейт экенмин… Аа-атасы качан өлдү эле?

- Анда Ош базарын билесиң да, ошол базардын тең ортосун жарып өткөн жолундагы орунда, этке кире бериш жерде.

- Ырахмат, анда мен барайын.

- Бара гой, анын атасынын өлгөнүнө аз эле болду, азыр атасы өлсө да үйдө отурбаган заман болбодубу, антпесе ачка, жылаңач калат, батирин төлөй албаса көчөдө калат, бечарага кыйын эле болду, - Жобураган аял аны узата карап көпкө турду. Бакыт көзүнө жаш алып, маршруткага түшүп туура Ош базарына жетип тигил аял айткан болжолдуу жерди кыдырып келатты: "уулум, уулум чоңоюп калыптыр, Эстелик эми мени менен кетет, сөзсүз алып кетем, эми эч ким тоскоолдук кыла албайт" деп кудуңдап баратып: "Эй, сен менин атамды көрдүң беле, ал үйгө келбей атат, аны көрсөң айтып койчу, мен издеп таап алайын" деп бир аялды этектеп сүйлөп жаткан Урматты көрүп токтой калды: "Атаң келет уулум, а сен күтө бер бир күнү келет", деген тигил аял аны мурдунан чымчый өөп койду. Урмат: "ооба күтөм, апам экөөбүз ыйлап атпайлыбы?" деп жүгүрүп ары кетти. Бакыт анын артынан баратып: "муну коё бергени эмнеси, жоголуп кетсе эмне болот?" деп ойлогуча ал Эстеликтин жанына жетип калыптыр. Ал аны көрөөрү менен жер карап туруп калды:

- Эстелик, мен келдим, уулум экөөңдү алып кетейин, кандай дейсиң? - деди катарлаша калып аста гана.

- Бакыт, ойлонуп иш кылыш керек, менден башка менен эле үйлөнүп алчы, экөөбүз жашай албай калсак…

- Эмнеге Эстелик, төрт жылдан бери мен сени гана издеп, сени гана күтүп жүрбөйүнбү, жүрү үйгө барып жай сүйлөшөлү, көңүлүңдү чөгөрбөчү, каалагандай жашайбыз, жумуш бар, сен үйдө бала менен эле отура бер, ансыз да балам менден жат болуп бөлөк өсүп калабы деп чочулап жүрдүм эле, кудай жалгап өзүңөрдү тапкандан бери кубанып жүрөм
.
- Билбейм, негедир жүрөгүм кыжаалат, сага жакшы аял деле болуп бере албайм го?

- Андай дебе Эстелик, сен жакшы аял, менин сүйгөн жарым болосуң, канча жылдан бери артыңдан жүргөнүмдү ойлосоң боло?!

- Ойлодум, баарын ойлоп бүттүм, бала эптеп чоңоё берет, сен өз тагдырыңды башкадан изде, эл карап турат, ушак кылып ийбесин, сен бара бер
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:50 » Билдирүү # 23
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Эстелик, мен сенсиз эч жакка кетпейм, анда уулумду алып кетем! - деген Бакыт ага карап анан Урматты жерден алып көтөрүп алганда Эстелик аргасыз товарын жыйнап акырын анын артынан илкий жөнөдү. Аны алдыда кандай тоскоолдук, кырсык күтүп турганын алар сезбеди, тек ушу бүгүн аларды тагдыр кайрадан кошобу же экөө эки жакка бет алабы - ушул суроо экөөнү тең ойлонтуп аялдамага келгенде Бакыт: <b> 

- Бүгүн үйгө эле баралы, баягыдай батир эмес, өз үй, өлөң төшөгүбүз болот, - деп Бакыт Урматты өөп койду эле ал аны ормоё карап:

- Сиз ким болосуз, мен атамды күтүп, аны сагынып атам, мага дайыма оюнчук, конфет, марожний алып берчү да атам, - деп бала да болсо убайым тарткан өңдүү кабагын бүркөдү. 

- Урмат, мен сенин атаң болом да?!

- Жо-ок, сен калп айтып жатасың, менин атам келет, ошондо көрөсүң.

- Биз үйүбүзгө барышыбыз керек, ошол жактан эле ачык сүйлөшүп чечип алабыз, - Эстелик баласынын айткандарын уккусу келбей, маршрутканы тоскондо Бакыт бир колун Эстеликтин колтугуна сала ары жетеледи. Жол боюндагы таксисттин бирине барып сүйлөштү да уулун алып асты жагына отурду. Аргасы кеткен Эстелик элдин көзүнчө талашып-тартышып отургандан тартынып так#### отурду. Тез эле Кара-Жыгач айлына келип калышты. Жаңыдан отурукташкан айылдын өңгүл-дөңгүл жолу менен келип жаңы бүткөн, айланасы тосула элек үйдүн жанына токтоду. Таксини кетиргенден кийин Урматты бетинен өөп:

- Кана уулум, үйүңө өзүң биринчи аттап кирчи, ушул үйдү силерге жолуккандан кийин эле алдым, - деп Эстеликти колтуктап алып үйдү көздөй басты.

- Бүткөн бекен? - Эстелик башка сөз сүйлөмөк болуп анан оозуна ушул келди.

- Жаңы эле бүтүптүр, кирип жашабаптыр, салып коюп Россияда жүргөндө бул үйдү караган киши жогунан кайра сатып ийишти, дагы көпкө ошол жакта болобуз дейт, биякта же жакшы жумуш болбосо, иштин көзүн билип алса Россия деле оң экен, - Бакыт бабырап атты. Аңгыча Урмат үйдүн ичине кирип ойноп:

- Апа, бул үйдө эч ким жок экен го? - деп чыгып келе жатканда экөө тең күлүп калышты.

- Жүрбөйсүңбү Эстелик, үйүңдү көр! - Бакыт жылмая караганда Эстелик аргасыз кадам таштай үйгө баш бакты.

Жаңы үйдүн ичи таза, эч нерсе жок болгон менен жакшынакай эле, Бакыт Эстеликти кучактай, бетинен өөп алып көпкө турду:

- Жаным, эми эч качан мени таштабачы ээ, уулубузду жакшы адам кылып тарбиялайбыз, сен дагы төрөп бересиң, - деп ууртунан өөп, чачтарынан сылай жыттап туруп анан, - Эртең үйгө төшөнчү-орун алып келели, сен өзүң танда, акча бар, эми көп болбосо да жашоого керектүүлөрдү алып алалы.

- Бакыт, сени менен сүйлөшө турган сөз бар. Мен сага мурун да, азыр да сырымды айтпаганыма өкүнөм, мени ук, андан кийин мени менен жашайсыңбы же жашабайсыңбы ойлонуп чеч! - деди ойлуу.

- Эмне болгон сыр, айт айта бер? - Бакыт Эстеликке көзүн кадай маанилүү сөз укчудай туруп калды.

- Бакыт, мен киши өлтүрдүм…

- Койчу? Кимди?
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:50 » Билдирүү # 24
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Койбой эле, атамды өлтүрдүм… - Эстелик терезеге барып андан ары жактагы коңшулаш үйдүн эшигинде жүргөн Кубат курдуу адамды телмире көпкө карап туруп көзүнөн жашы мөлтүлдөп жүзү ылдый куюлуп атканына көңүл бурбай болгонду болгондой айтып берди. Бакыт турган жеринде селейе тура берген экен, Урмат апасына келип:

- Апа минеге ыйлап атасың, курсагым ачты, жүрү үйгө кетели, - деп тарткылаганда эсине түштү:

- Урмат, курсагың ачтыбы уулум, жүрү мен сага бирдеке алып берейин, - деп колунан алып сырттагы жол боюндагы дүкөнчөгө барып, печенье, сэндвич, колбаса менен нан, кола көтөрүп келип калды. Эстелик турган ордунан козголбой мисирейген бойдон тургандыктан, газета төшөп анан:

- Эстелик, кел бирдеме шам-шум этели, - деди эч нерсе болбогондой Бакыт.

- Урматка бер, менин кардым ток, - Ары карап турган бойдон үн катты.

- Жей гой Урматым, менин уулум, садагам, ырысым, - деп өнтөлөп коладан куюп берип жанында көпкө отуруп анан ордунан туруп барып Эстеликти артынан кучактап үн-сөзсүз көпкө турду. Эстеликтин ийиндери солкулдап ыйлап жатканы билинип жатты: "Ачыгын айтканым туура болду, эми өзү чечсин, өмүр бою ичимден ирибей бугум чыгып эс алып калайын, ушунча жыл ичтен сызып азап чеккеним жетишет" деп ойлонуп турган эле. Үнсүз көпкө кучактап турган Бакыт аны өзүнө каратып, көзүнүн жашын аарчыды:

- Болду, ушунча жыл эзилгениң жетишет, андан көрө анын уу ичкенин, ким бергенин изилдеген жокпу?

- Жок, жакын тууган жок болчу, эптеп коюлду…

- Эми эч камтама болбо, мен сендикмин, уулумду ошончо жылдан бери минтип чоңойтуп көзүмө көрсөткөнүңө ыраазымын, эми бизге тоскоол болчу эч ким жок, жашоону кайрадан баштайбыз, - деп көздөрүнөн өпкөндө гана Эстелик буркурап Бакыттын төшүнө жыгылды. Анын азыркы ыйы кубанычтын ыйы болчу, баары артта калып, өткүн сымал көз жашы көлдөп барып, көздөрү күлүңдөп Бакытты карай жаап ачылган күндөй жарк этип алды.

- Кечирдиңби Бакыт, ушунча нерсени кечирет деп ойлогон эмесмин, сени өзүм да сүйчүмүн, бирок ушул арманым ичимди өрттөп, жүрөгүмдү оорутуп, сага ошол ак сүйүүмдү да билдире алган эмесмин. Көрсө менин кабагым ачылып, күлөөр күнүм бар тура! - Эстелик чечилип көзүндө жаш, жүзүндө жылмаюу, ошонусу менен ажайып ажарына чыгып бактылуу Бакытты бекем кучактап алып сүйлөй берди.

- Эстелик, мен сенин атыңды башка коюп алайынбы? - деди бир кезде Бакыт анан көзүнө тике карап.

- Эмне үчүн? - Эстелик аны таңдана суроолуу карады.

- Анткени сен менин махабатымсың, ушунча көп кыздардан сени сүйдүм, жактырдым, сен кетип калганда өзүмдү жаман сезип, же дайыныңды билбей үч ай ичип коюп жүрө бердим, бүт базарлардан, баягы жашаган жериңден издедим. Бирок сен иги-жиги жок дайынсыз кеттиң.

- Анан?...

- Анан мени улуу агам өзү менен Россияга алып кетти, ал жакта үч жыл иштеп келдим. Жазында келип алып дагы максатсыз эле сени көрүнүп калабы деп базарларды карап жүргөм. Анан сени таптым, уулум экөөңөрдү…

- Артыбыздан бардың беле ошондо?

- Ооба, сага көрүнбөй кошо бардым, сен болсо бир адамга да көңүл салбай же өйдө карабай чүнчүп кетипсиң, менин киргенимди деле байкабай жанымдан өтүп шашыла түшүп калдың, мен сенден кийин түшүп жашаган жериңди көрдүм ...
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:52 » Билдирүү # 25
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Бакыт, - деди Эстелик ойлуу анын көздөрүнө тике карап, - Сен чын эле мени сүйөсүңбү? 

- Жаным менин, ошон үчүн, менин тун сүйүүм, махабатым деп атыңды Махабат койгум келип турат! - Бакыт аны бооруна кысып турганда Урмат баятан бери бирдемени жалмалап каалаганча суусундук ичип карды тойгондон кийин ботала болуп экөөнүн жанына келди:

- Апа кетеличи, атам келип калган чыгаар, бас үйгө? - деп дагы Эстеликти жулкулдатып кирди.

- Азыр, азыр кетебиз, - Эстелик эңкейип уулунун көкүрөгүн, йогурт болуп калган бетин аарчып, - Урмат экинчи атам келет дебегин ээ, ал жок, ал өлүп калбадыбы, мына сенин атаң! - деп Бакытты сөөмөйү менен көрсөттү:

- Ыкы-ы, ал бөлөк, менин атам базарга кеткен.

- Эми мен сенин атаңмын, чоң жигит сен кетем дебей жүр, мына бул сенин үйүң! - Бакыт аны көтөрө калып эки бетинен өөп койду, - Көрдүңбү бул сенин үйүң.

- Калп, биз апам экөөбүз үйүбүзгө кетебиз! - Бала өз билгенин коё бербей атты. Ал күнү үчөө, адашып табышкан үчөө Эстелик жашаган батирге келишти. Эстелик келгенден кийин тамак жасамак болгондо Бакыт:

- Жүрү дүкөндөн бирдеме алып келели, - деди да жооп күтпөй эле уулун көтөрө сыртка жөнөдү, Эстелик анын артынан чыкты, - Мындан ары сен Махабатсың, менин койгон атым сага жактыбы? - Бакыт Эстеликти карады.

- Жакты.

Дүкөндөн оголе көп тамак алып кайра келишти. Урмат ар кайсы шоколадды алып жеп, улам бирин ачып жеп кайра башкасын алып атып өзүнчө эле майрам болуп атты ага. Эстелик ушул күнү жатууну ойлободу, оюнда Кубат, негедир бул үйгө келээри менен эле ал оюна кылт этип келип атты: "Кой, чын эле бул жерден кетпесем болбойт, бул жерде анын баскан турганы бар да" деп ойлогон Эстелик түнү менен алып кетчү буюмдарын ирээттеп, Кубат экөө жамынчу төшөктү өрттөдү эрте туруп. Бакыт барып такси алып келмек болгондо ал:
- Бакыт, мен бул үйдөн өзүмдүн киймим менен Урматтын эле кийимдерин алам, калганынын баары тигинин колу тийген буюмдар, бүт таштайм! - деди эле Бакыт ага макул болду.

- Өзүң бил Махабатым, иши кылса уулум экөөң эле мендик болсоңор эле болду, - деди ал. Үйдү кулпулап ачкычын кожоюнуна берди да жөнөп кетишти. Базарга келишип үйгө керектүү буюмдарды бүт алышты да такси жалдамак болгондо Бакыт:

- Махабат, телевизор алалыбы? - деди Эстеликти атайын ушинтип атап көндүрмөккө, ал жылмая башын ийкеп койду. Бир күнү кечке үй ичин шыпырып сыйрып, ысырыктап, анан жасалгалап койду эле үй көркүнө чыга түштү.

- Бакыт, телевизорду кайда коёбуз?
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:53 » Билдирүү # 26
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Азыр, мен терезе парданы тартып бүтөйүн, анан аны жайгаштырабыз. Экөө кеңешип талашып бөлмөлөрдү жасап атып аябай чарчады. Урмат болсо эч нерседен капарсыз өзү менен өзү ойноп жүрөт. Ар жак бери жагына чыгып көрүп, үйдүн тегерегин тосууну сүйлөшүштү. Мамыры-жумуру болгон үйбүлөдө жаңыдан гана жашоо ыргагы сезилип, экөө тең кечээ, тээ мурунтан жашап келе жаткандай сезип кетишти бир заматта: "Аттиң ай, көпчүлүк кыздардай эле кыз доорум ойдогудай өтсө эмне, Бакыт өмүр бою эле ушинтип турса го түзүк, бул да бир күнү өзгөрүп өткөнүмдү эсиме салып жүрөгүмдү оорутса кантемин?! " деп ойлонуп атты Эстелик. Эми чындап эле баш каарманыбыз Махабат деген ат менен баянды улантмакчы. 

Бакыт менен Махабат биргелешип жашагандан бери турмуш жолу түз сызыктай эле бир калыпта өтүп жаткансыды. Урмат бала эмеспи, Бакытты аталап жанынан чыкпайт. Махабат ата-баланы карап отуруп жүзүндө жылмаюу, жүрөгүндө кубаныч бийлейт: "Оо кудай, ушу бактымды кут кыл, адам өлтүргөнүмдү кечир!" деп нечен ирээт жакасын кармана кудайдан кечирим сурап каймана суроону өзүнө бере берет: "Туура кылдымбы, же туура эмес кылдымбы?" деп Бакыт жокто ойго чөмүлөт. Бирге жашап, ортодо эч нерсе болуп өтпөгөндөй күн кечирип жатышканына жыл айланып калган. Ошол күнү Махабат күйөөсүн карап кубанычтуу, боюнда бар экенин айтты эле анын кубанганын айтпа. Тим эле жерге-сууга батпай дардаңдап сүйүнүп отурганда айылдан апасы келип калды. Махабат аны тосуп алып өз энесин көргөндөй кубанып, чайын куюп, астына бар болгонун жайып жарпы жазылып отурду. Эне келинин ажарлуу да, акылдуу да чыкканына ыраазы болуп алкап атты:

- Айланайындар, эми очогуңарды өчүрбөй жакшы жашагыла, биз болсо анда-мында келип кетчү конокпуз, силердин минтип үй-жай күтүп, очор-бачар ордолуу шаар болуп калганыңар мен үчүн канчалык дем, кубат дейсиң, бири-бириңди сыйлай жүргүлө, балдарым.
- Апа, Махабат силерди өз энесиндей көрөт, кудай буйруса Урматты жакында отургузалы деп атабыз, жеңемдерди, баарын чакырам, бул үйдү да кошо ошондо той өткөрүп коёлу, өзүңүз башында болосуз.

- Апей ботом, анан эмне, ошентип душман көзүнө тирилигиңерди тың өткөргүлө айланайын.

- Там той, бала той деп чоң той кылсак, чоң бодо союш керек да, ээ апа?

- Ооба, бир жылкыны атаң экөөбүз алып келебиз, а дегенде жаманыңды отургуз, чочогу айыксын, анан тойду чоң кылып беребиз буйруса.
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:53 » Билдирүү # 27
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Апам алтын да! - Бакыт апасына ыраазы боло, чечекейи чеч болуп отурду ушу кечте. Келди-кетти сөздөр айтылып эне уул-келининин тирилиги ойдогудай экенине ыраазы болуп үч-төрт күн жүрүп анан кайтты. Махабат кайненесине кант, набат кылып белек-бечкекти арбын алып берип так#### салып узатты. Бакыт жумушуна кеткен эртең менен эле, коштошуп алып. Кайненесин узатып келип телевизор карап отуруп негедир уйкусу келип үргүлөп кеткенинен: "уктап алайынчы" , деп жамбаштай жатып уктап кетти. Көзү илингенин байкабады, сезбеди, кадимкидей ойгоосундагыдай… Сырттан Кубат кирип келди, көздөрү муңайым, босогодо бир азга туруп калды, Махабатты тиктеп туруп: "Сен менден качтың кызым, сенден ажырагым келген эмес эле, мени түшүнгөн жоксуңбу, мен эми эч жакка кетпейм, - деп Махабатка жылмая карап, - Мына көрдүңбү, бул сенин апаң, ал экөөбүз сен үчүн уруштук, сага мени жолотпой жатпайбы?" - деп артына бурулду эле анын артынан аппак көйнөкчөн узун аял суурулуп бери чыкты да: "Кызым, сен муну өлтүрүп бекер кылыпсың, ал ансыз да күнөөлү болчу, эми сен ал үчүн мойнуңа күнөө илип албадыңбы, бул дүйнөдө орто заар болуп, күнөөлүүлөрдүн катарында жүрмөк, сен анын күнөөсүн жууп бейишке келип калды, бейиштин каалгасы күнөөлүүлөр үчүн ачылбайт, бул азыр шейит болуп учуп жүрөт, экөөбүз сен үчүн салгылашып атпайбызбы, ал сенин жашооңо тоскоолдук кылганы жатат, сак бол кызым", - дегенде Махабат тура калып: "Апа!" дегенде үнүн катуу чыгарып ийсе керек, Урмат бакырып чочуп кетти, өзү көзүн ачса эч ким жок жанында, баласы ойноп отурган экен, ал өзүн кучактап көздөрүн бакырайта:

- Апа, сенин апаң кана, апаңы чакырдыңбы? - деди алаңдай.

- Сага эмне болду балам, менин апамдын өлгөнү качан, ал бул дүйнөдө жок, - деди ойлуу Урматтын башынан сылай.

- Анан эмне апа деп бакырдың?

- Мен ошончо бакырдымбы? 

- Ооба да, мен коркуп кеттим.

- Коркпо балам, түш көрсөм керек.. - Махабат андан кийин өзүнчө ойго батып турду: "Кызык, ал жакта деле табышат тура ээ? Мен үчүн экөө салгылашканы кандай, а учуп жүргөнү эмнеси, каякта учуп жүрөт болду экен?" деп телмирип отура берип күн кечтей баштаганынан Бакыттын келээринде тамак жасап коюуга ордунан турду. Ал ошондон баштап жанына жай бербеген балээге кабылганын сезбеди, болгону "түш да" деп этибарга албай өз тирчилигине киришти. Аңгыча Бакыт да келди, келип эле уулун эркелетип, Махабаттын бетинен өөп коюп төшөккө отуруп атып:

- Апам кеттиби? - деди.

- Ооба, узатып келдик, - Ал Урмат экөөнүн узатып келгенин айтып алдыга дасторконун жайып булоолонгон кесмени койду.

- Кайненең кандай гана асыл адам, - Бакыт ушинтип койду, - Келиндерине кызындай мамиле кылат.

- Ооба, абдан жакшы киши, мага дагы мүнөзү жагат, мен аны өз энемдей эле көрөм, - Махабат ойлуу жанараак эле көргөн түшүндөгү ак кийимчен аялды эстей койду, - Эне дегенди билбей чоңойдум, чоң энем жакшы киши эле, мен эс тарта электе эле өлүп калбадыбы! - улутунуп ийди, - Ал тирүү болгондо… - Махабаттын ичинде өзөк өрттөгөн өкүнүчү алиге өчө элегин туйган Бакыт сөздү башкага бурду.
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:54 » Билдирүү # 28
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Пешене да-аа, байбиче, тагдыр буйругу, сен эми өткөндү унутуп уулум экөөбүзгө мээримиңди чачып, бактылуу жубай, ырыстуу эне бол, минтип ойлоно берсең оорулуу болуп каласың. <b> 

Үчөө тамактанып, уулунун уйкусу келип калганынан аны төшөк салып жаткырышты. Андан кийин көпкө чейин кобурашып отурушту. 
Бакыт Махабаттын өткөн оор тагдырын угуп-билип туруп жашап жатканына нааразы эмес, көңүлүнүн төрүндөгү, жүрөгү каалаган адамды, келсе ысык чайыбы, тамагыбы ортого коюп күтүп алган өмүрлүк жары, кийимин таза жууп, жакасын кирдетпей камкор. 

Жоро-жолдошу келсе жадырап жайнап тосуп алат. Алар да Бакытка суктанганын ачык эле айтып калат:

- Бакыт, сен аялдан жолду экенсиң, Махабат абдан жакшы, сени чарылдап, биздин аялдарыбыздай болуп урушпайт, көл чайпалса да ал кенеп койбойт, - дешип.

- Издеп жүрүп тапканмын да? - Бакыт бул мактоого маңдайы жарыла кубанып делдээ түшөт.

Түн. Бакыт бышылдап, эч нерседен капары жок уктап жаткан уулун ары жылдырып Махабаттын жанына өттү. Эркелешүү, өбүшүү, аял назы, кыңкыстоо. Экөө бир топто барып жатып калышты. Бири-бирин кучактаган бойдон көздөрү илинип кетти. Махабат Бакыттын мойнуна колун артып: "Жаштыгым кайрылып келгендей, кээде эч нерсе башыман өтпөгөндөй болом, чиркин адам баласы ушундай болот тура, кечээги оор турмушуң заматта эле көргөн жаман түшүңдөй унутула түшсө… - түйшөлүп алды, - Болбосо ошол кезде өзүмдү адамдардан качырып балам үчүн гана тирүүнүн өлүгү сезип жүрбөдүм беле?" деп оор улутунуп алды да көшүп уйкуга кирди. Ошол учурда Кубат эшиктен кирип Махабаттын сол жагына жата кетти, кадимкидей аны эркелете сыйпалап кирди, колдору негедир мурункудай куудурабай жупжумшак, келип анын колдору тийгенде чочуп жүзүнө карады, көздөрү жумулуу, эч нерсени карабай же этегин шыпырганы билинбей эле магдырап: "бул ушундай жаш көрүнөт турбайбы, мен жөн эле жаман көрүп жүрсөм керек" деген ой анын мээсин көзөп өткүчө баягы магдыратып, бүткөн боюн эриткен сезим заматта жоголуп, жанында жаткан Кубат кебездей аппак кийимчен экенин көрүп: "бул мындай кийимди качан кийинип алган?" деп ойлогуча ал койнунан суурулуп чыгып баратканда баягы ак кийимчен аял пайда болуп экөө салгылаша баштады: Кудай бетин салбасын, экөө абада калкып жүргөндөй буттары жерге тийбейт. Алар көпкө чейин бири-бирин жеңе албай жатып акыры Кубат жеңди окшойт ак кийимчен аял Махабатты айлана качып барып анан кайра качырып кирип тигини желкеден алды да жерге басып алып жүрөгүн сууруп алгандай болду. Ошол кезде Кубаттын жанагы аппак буладай болгон кийими кызыл жаян кан болуп араң зорго турду да эшиктен чыгып кетти: "Кызым, бул жексурду сага келтирбейин деп жолун торогонума болбой келип атат, сак бол, мен эми аралжы боло албайм, мен тиги жактан араң эле суранып чыккам, эми келе албайм, ал жакта да менин үйбүлөм бар" деди да, дубалдын кай жагынан чыкканы белгисиз заматта көздөн кайым болду. Аны карап жаткан Махабат: "Апа-аа! " деп үнүнүн барынча бакырып жиберди. Жанында жаткан Бакыт чоочуп ойгонуп отуруп алып демигип аткан аялын карай:

- Махабат, сага эмне болду, чоочуп кеттиңби? - деп карбаластай түштү.

- Билбейм, чоочуп кеттим окшойт, - деп ордунан турду.

- Алтыным десе, эчтеке болбойт, кел апаптап койойун, - деп Махабаттын оозун ачтыра сөөмөйүн салып таңдайына тийгизди да, - ап, ап, ап - деп үч жолу өйдө көтөрүп койду. - Ар нерсени ойлой берет окшойсуң?

- Эч нерсени деле ойлогон жокмун… - Махабат ордуна жатты, Бакыт аны кучактап жатып: "балким атасы түшүнө киргендир, кантсе да багып чоңойткон эмеспи, анан да кичинесинен…" ушуну ойлогондо Бакыт аны кимдендир кызганып алды да кайра: "Кой, атасына куран окутуп коёлу, кандай жамандык кылса деле атасы эмеспи" деп ойлоп уктап кетти.
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:56 » Билдирүү # 29
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
Эртең менен Бакыт Махабатка оюндагысын айтты эле ал:

- Койчу Бакыт, куран окутпай эле койдум, аны эмне кыласың? - деп жуутпай койду.

- Махабат, сенин чоочуганыңдан ойлоп атам, анан дагы сен анын өлүмүнө түздөн-түз күнөөлүүсүң, ошон үчүн арбагынан кечирим сурап куран окутуп койсок тынч уктайсың.

- Андан деле эмес, куран окутуп эскерээр жакшы ата болуп берсе аны өмүрүм өткөнчө унутпайт элем го?! - көзүнөн жашы кылгыра түштү, - Бакыт, сен мени табалагандай болуп атасың?

- Койчу эми жаным, куран окутуп коюунун зыяны жок, мейли өзүң билчи, - деди да кийинип алып жумушуна кетти. Ал кеткенден кийин өзүнчө ойлонуп: "чын эле куран окутуп койсом окшойт, тынчып калаар, түшүмө кирбей калаар" деген уйгу-туйгу ойго жетеленип түндөгү ага кошулгандагы башкача сезим пайда болгонун ойлоп бүткөн бою "дүр" дей түшүп мууну калтырай: "кудай ай, ал эмнеси, өлгөн адам менен кошулганым, балким мени акыры алып тынат окшойт. Кой, Бакытка айтып куран окутуп коёлу" деп ойлонуп кечке чейин көңүлү кирдеп жүрдү. Анан кечинде келген күйөөсүнө:

- Бакыт, сенин айтканың туура окшойт, бирди союп куран окутуп коёлу, кантсе да үмүт этип атат го, жакын туугандары деле жок аны эскере турган, мал союлуп, каада менен деле коюлган жок, болбосо күйөөрү болсо ким өлтүргөнүн изилдесе таап мени айыбым ачылмак, ким менин ички сырымды билип коюптур, сенден башка? - деп айтканда Бакыт макул болду. Эртеси эле бир кой союп молдо чакырып куран окутушту, айыл кошунаны чакырышты.

- Атаңдын арбагы ыраазы болсун айланайындар, тилегиңер кабыл болсун! - деп кайтышты келген эл.

- Айтканыңар келсин! - дешип эл узатып бүткөндөн кийин: "Ылайым жаткан жери жайлуу болсун, арбагы ыраазы болсун, оомийин!" - деген Бакыт өзү да куран окуп бата кылды. Сойгон койдун эч нерсесин калтырышпады. Ошентип көңүлдөрү жайланып жатып калышты. Ошондон кийин көпкө чейин Кубат түшүнө кирбей калды. Ичи билинип жети ай болуп калган. Негедир оорлошуп калган Махабат күйөөсүнө айтты эле:

- Сен врачка көрүнчү, жат десе жатып, төрөгөнчө дарылан, мен апамды алдырайын, Урматты караганча, - деди эле Махабат болбой койду.

- Ичим чоңойгонго эле кыйналып жатсам керек, дагы көрөйүн, балким төрөгөнчө ушинте берээр… - деп болбоду. Айы-күнүнө жетип калды аңгыча. "Бүгүн-эртең төрөйм" деп турган. Кыйнала бергенинен эрте эле жатып алган. Уйкусу келбегендиктен Бакыт телевизор көрүп отуруп жаңы жаткан болчу. Махабат кыңкыстап, улам ыргып атканынан чекесин басып көрсө ысыгы деле жок, тердеп чыгыптыр: "Кош бойлуу неме кыйналып атса керек" деп аны чачынан сылап төшөгүн кымтылай, анын жанында капарсыз төшөгүн тээп салып бышылдап уктап жаткан уулун да өөп, үстүн жапты да Махабатты карап колун ага артып алып жатып калды. Көзү илинип илине электе эле: "Аа-ай, тийбе, тийбе дейм!" - деп Махабат ордунан тура калды. Анын үнү ушунчалык ачуу чыкканынан Бакыт да Урмат да чоочуп ойгонду. Урмат бала эмеспи, көзүн ачып кайра оодарылды ары көздөй, анан уктап кетти. Махабаттын жүрөгү дикилдеп демигип көкүрөгү өйдө-ылдый боло титиреп атты. Бакыт аны кучактай калып:
 
Асман » Offline » 27.12.2014 » 16:57 » Билдирүү # 30
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 46
Репутация: 9
- Макы, сага эмне болду, жаман түш көрдүңбү? - деп чебелектеди. Ал болсо Бакытты караган бойдон нез болгон эмедей, алыстан жүгүрүп келип чарчагандай дале демигип атты. Эч нерсе дебеди, жөн гана күйөөсүн жалдырай карап отура берди, эмесе көргөнү түшү же өңү экенин билбей күйөөсүн жалдырай карап тилден калгандай "өх" деп алып ордуна кыңкайды. Бакыт да ошол күнү тынч уктай албай чыкты. Махабат көзүн ирмегенден коркуп жатты. Анын түшүндө Бакытты Кубат баш жагына отуруп алып эңкейип карап жаткан экен, Махабат андан коргомок болуп аны колу менен түртөйүн деди эле эмеле Кубатка окшошуп турган неме көзү күйгөн өңү суук немеге айланып аны тоотпой эле Бакыттын үстүнө чыгып алып тебелеп атты. Аны түртүп ары түшүрмөк болуп жанталаша аракет кылса да болбой эле жапжалпак кылып тебелеп колунан чууртуп топурак таптап, заматта ал көрүнбөй калды. Махабат Бакыттын үстүнө үйүлгөн топуракты шилеп жатса тигил кайра үйүп арсалаңдап күлүп, көздөрүнүн күйгөнү менен өзүн караганда ал заматта аппак чач аялга айланып калды. Ошондо чачтарын кармалай тиги азезилге жини келип кыйкырып атканда ойгонуп кетти: "Кудай ай, дегеле шорум көп окшойт, эмне болот эми, топурак басса жаман болот дечү эле, Бакыт менин, балдарымдын бактысына аман болсо экен" деп түпөйүлдөнүп уктай албай жатып таңга маал ичи бурап ооруп кирди: "Таң аткыча чыдайын, Бакыт катуу уктап жатат, ойготпой эле коё турайынчы" деп ордунан туруп сыртка чыкты. Жерге жарык кире баштаптыр, өзү эти ооруп эч нерсени сүйбөй атса да түшүн ойлоп кийимин алмаштырып эми Бакытты ойготкону баратканда шар этип суу келип отура калды. Чымырканып босогону кармай ичинин бураганы басыла түшкөндө:

- Бакыт, Бакы-ыт! - деди араң зорго үн чыгарып.

- Махабат, сага эмне болду, толгооң башталдыбы? - Бакыт ордунан ыргып туруп кийинди да аны сүйөй төшөккө алып келип, - азыр мен тиги коңшуну чакырып машинасын айдатып келейин, - деп сыртка карай жүгүрдү. Жаны кейип, улам ичи бурап кыйналып кара терге түшүп атканда Бакыт шаша үйгө кирди, - Жүрү төрөт үйгө жеткирейин. 

- Азыр… эс алып алайын, - деген Махабат ичинин бураганы басыла түшкөндө Бакыттын жардамы менен өйдө болуп машинага жеткенде, - Урмат үйдө жалгыз калабы? - деди.

- Жо-ок, аны коңшуга дайындап койдум, сени жеткирип кайра келип аны жаныма алып сага барып калам, кам санаба, өзүң аман-эсен көз жарып алсаң болду, - Машина дароо ордунан жылып зуулдап чоң жолго жетип үчүнчү төрөткананы көздөй жөнөдү. Айткандай эле Бакыт Махабатты жеткирип коюп эле үйүнө келди да Урматты тургузуп чай берип кийинтип алып төрөтканага жөнөдү. Ал келгенде Махабат төрөй элек экен. "Дагы жарым саат, бир саатта төрөйт", деди акушерка. Бакыт сыртта күтүп жатты. Анан ойлонуп: "Аман-эсен көз жарып алса экен, уулбу, кыз төрөйбү, аман болсо болду" деп оюн жыйгыча:

- Ай жигит, уулдуу болдуң, аялың татынакай өзүңө окшош уул төрөдү! - деди акушерка терезеден баш багып.
 
Форум » Кыргыстан! » Мен Кыргызмын! » Адабият жана поэзия » Атасынан тууган кыз (Айгул Шаршен кызынын чыгармасы)
  • Страница 2 из 3
  • «
  • 1
  • 2
  • 3
  • »
Поиск: