[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
Страница 1 из 11
Форум » Оюн-Зоок » Эркин тема » Коркунучтуу окуялар
Коркунучтуу окуялар
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:12 » Билдирүү # 1
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Аңкир- мүңкүр менен кармашам деп...
.
Айылда бир киши каза болуп, төрт-беш жигит мүрзө казганы көрүстөнгө келишет. Казып бүтүп айыл четине келишет да аракка киришет. Улам-улам бирөөсү чуркап, аз болуп отуруп бир топ кызып калган соң, ар кимиси өз алдынча бакылдап, урунаарга тоо таппай, кыскасы ичкилик жаш жигиттерди" эрдикке" тартып туруп алат. Ошондо күрсүйгөн бирөөсү "эр болсоңор мелдешели, бүгүнкү казган көргө кимиңер кирип бир саат жата аласыңар?" деп калбайбы. Мындайды күтпөгөн беркилер эмне дээрин билбей туруп калышат. "Ии, эмне унчукпайсыңар ия, мөөрөйүңөрдү сайгыла, мына мен кирип жатып берем!" Бир экөө "койсоңчу" демиш этет. Күүлөнүп алган неме койебу, тура калып жөнөп берет. Ачык көргө кайра келишет. "Мен азыр кирип жатам, келчү аңкир-мүңкүрү менен бир кармашып көрөйүн. Силер таш менен корумдап койгула да алысыраак басып кеткиле. Бир саатта кайра келип тартып аласыңар мени".Айтат да кетменди алып көр ичине түшүп кетет. Достору оозун жаап нары басышат. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй көрдөн чыңырган үн чыгат. "Аңкир-мүңкүрлөр менен кармашып атат окшойт" дешет беркилер. Дагы бир аз отуруп "кой мунун дайнын билеличи" дешип көргө келишет кайра."Эй чыкпайсыңбы, утук сеники" дешет. Жооп жок. Экөө түшө калып караса тиги кыймылсыз сулк жатат. Бери тартышса эчак мүрт кеткен экен. Кетмендин сабы жанында жатат, темирин болсо кокосуна кийгизип кетиптир.
.

Атбашы району
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:13 » Билдирүү # 2
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен
.
Чоң атабыз Тагай мерген 70-жылдардын акырында, 85 жашында дүйнөдөн кайтты.Тагай атабыз Нарындын башы Жаңы-Жер-Улан деген адам барбаган калың карагай-чер токойлуу, коркунучтуу капчыгайга каттоочу экен...
Мергенчилер ал токойдун чеке-белинен эле аюу, жолборс атып алып, тереңдеп киргенден жүрөксүшчү тура. Даап барышпаптыр. Бир жайда өзүнө ишенген жаш мерген Тагай ошол капчыгайды өрдөп ууга чыгат. Уунун кызыгынан кеч калып, түнөөгө аргасыз болот. Атын таң ашыра байлап коюп, отту чоң жагып, кайберен этинен шишкебек бышырып жеп отурса, бир маалда аты тыбырчылап, тайганы кыңшылап бут алдына сойлоп кирет. Жүрөгү бир жамандыкты сезген мерген мылтыгын октоп даярдап, туш-тушун аярлап караса эч нерсе көрүнбөйт, дабыш деле угулбайт. Анын үстүнө оттун жанында олтурган адамга караңгыда эч нерсе көрүнбөйт эмеспи. Ошентип отту алоолонто жагат да, эттен кесип жеп олтура берет. Көп өтпөй оттун жарыгында энтеңдеген киши сыяктуу сөлөкөт пайда болот да, ал дабыш билгизбей басып келип оттон алысыраак жерге адамча чөк түшүп отура калат. Үн-сөзү жок. Бир колу менен мурдун калкалап алган. Кебетеси адамга окшош, бирок жүнү сапсайган неме экен. Мерген же үн чыгарарын, же атып жиберерин билбей бир топко карап отурат. Акыры эмнеси болсо да Кудайдан көрдүм же өлдүм деп отто чала бышкан эттен бирчоң кесимди бычактын учуна сайып тигинин алдына ыргытат. Ал бир колу менен шып ала коюп оозуна салгандай болду. Дагы бир кесим ыргытты эле, аны да лып илди. Ошентип тиктешип отура беришти. Кимибиз биринчи кол салаар экенбиз деп эки көзү тигинин кыймылында. Ал да көзүн албайт. Таң сүрө ал акырын артка кетенчиктеп жыла баштады да, шып туруп чуркап кетти."Таң атканын коркконумдан байкабапмын" - дейт мерген. Эртеси жарыкта бул желмогузбу, жин-шайтанбы деп тигинин түндө отурган жерин карасам, ыргыткан эки кесим эт жатат, жебептир. Атты отко коюп, уктап калып, кайра ууга чыктым. Мергенчиликтин кызуусу менен, күндүн батканын аңдабай калып, кечинде баягы үңкүргө келдим. Отунду тоодой үйүп, от жактым. Атты отко коюп, итти байлап, өзүм жатчу жерге чириген дүмүрдү киши сыяктуу узата жаткырып, тумагымды кийгизип, көрпөчөмдү үстүнө жаап койдум да, өзүм үстүңкү таштын жараңкасынан орун жасап, дөңгөчтү кароолго алып отурдум.Түн ортосунда атым кошкуруп, итим кыңшылай баштаганда даяр турдум. Оттун жарыгында баягы сөлөкөт аяр жылып келе жатат. Бир маалда катуу чыңырган бойдон келип дөңгөчтү басып жыгылды. Мылтыктын машасын кандай басканымды билбейм. Эсимди жыйсам таң атыптыр. Атым титиреп турат, итим жок. Ордуман калтырап түшүп келдим. Дөңгөчтүн үстүндө баягы жүндүү сөлөкөт кыймылсыз жатат. Союл менен оолактан туруп оодарсам жүндүү, эки көзү бар, тумшугу түлкүнүкүндөй уятуу, колу-буту кишиникине окшош, тырмактары жез экен. Тырмактарын, тумшугун кесип алып, өлүгүн ошол жерге таштап, айылга келип түлөө өткөрдүк. Эртеси ошол укмушту көргөнү бир топ адамдар менен барсак, үңкүрдүн жанында дөңгөчтөн башка эч нерсе жок. Бир топ издер калыптыр. Аксакалдар "жез тумшуктун" дагы тукумдары бар, өлүктү ошолор алып кетишкен тура, эми ал жакка барбагыла, өч алышат" - деп тыюу салышкан. Ошондон улам Тагай чоң атам алжакка ууга чыкканды токтотконун айтып калаар эле.
.
Ысыката району
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:13 » Билдирүү # 3
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Иттин да арбагы болот
.
Демейде биз көзү өткөн адамдардын арбагы болот деп коебуз. Ал эми жаныбарлардын да өлгөндөн кийин арбагы болобу. Башкасын билбейбиз, иттер өлгөн соң ошол өзү жашаган аймакта арбагы жашай тургандыгын кинологдор далилдешти. Алардын көпчүлүгү тирүү кезинде кожоюнунун колунан тамакка караганда таякты көбүрөөк жеген иттер болушат. Көрсө, денеси жерге көмүлгөн менен астральдык телосу каардуу кожоюндан өч ала берет экен. Ал эми АКШнын Оук-стрит аймагындагы окуя таң каларлык. Көп кабаттуу үйгө бир бойдок жигит квартирант болуп кирген болчу. Көп сүйлөбөгөн жоош бул жигит биоэнерготерапевт экен жана Джерри аттуу итке тажрыйба жүргүзүптүр. Кошуналарынын айтуусуна караганда алар дайыма бир иттин кыңшылаганын угушкан. Бир жолу эртең менен Джеррини подьезде мойнуна муунткандай байланган жип менен көрүшкөн. Сыягы, ээси аны ушинтип өлтүргүсү келген окшойт. Бирок, иттин каерге көмүлгөндүгүн эч ким көрбөйт. Ал эми тиги квартирант да башка жакка көчүп кеткен. Бир нече убакыттан кийин ошол каргашалуу биринчи кабаттагы үйдүн терезесинин астында башка кара ит пайда болот. Ал дайыма бирөөнү аңдыгансып отурчу. Бул кара иттин алгачкы курмандыгына ушул чөйрөдө жашаган жаш жигит айланды. Денесинин эч жерине залал келбеген менен анын өңү-түсүнөн катуу корккондугу белгилүү эле. Бирок ал жигит өлгөндөн эки күн өткөн соң көкүрөгүнөн иттин катуу тиштегени байкалып турду. Алэми Далаластан келген наркоман кызга каргашалуу бул бөлмө жөнүндө канчалык айтылгандыгына карабастан квартирант болуп кирип алып, ал да жарык дүйнө менен кош айтышты. Оболу Джерринин арбагы кыздын көзүнө кокусунан көрүнгөн. Ошондо ал жумуштан кеч кайтып, аялдамада өзү жалгыз турган эле. Иттин көзү аябай чоң көрүнүп, жашылданып жанып көрүнөт. Ушул караан жаш кызды көпкө артынан акмалап жүрөт. Бирок күндөрдүн биринде кокусунан кандай пайда болсо, ошондой эле байкалбастан жоголуп кетет. Ал эми бир нече күндөн кийин үйдүн сыртынан дабыш чыгып, корккон кыз сыртты эшиктин көзөнөгүнөн караса килейген бир ит туруптур. Арадан бир күн өтпөй эле байкуш кыз көз жумат. Ал өлөрдөн мурда кошуна аялга артынан бир кара ит акмалап калгандыгын, ошондон улам башы чыдатпай ооруп, депрессияга кабылгандыгын айткан экен. Бул иттин арбагы менен арбашкан көрүнүш эле. Ушул шумдуктуу окуяларга карабастан бул бөлмөгө дагы жаңы квартирант болуп жаш жубайлар киришет. Бир ирет уктаар алдында жаш жигиттин эсине бала кезинде кичинекей күчүктү кармап, өлөрчө сабаганы эске түшөт. Эмнегедир бул окуяны төкпөй-чачпай келинчегине айта баштайт. Түн ортосунда чочуп ойгонуп, сыртта чоң ит жүргөндүгүн айтат. Бирок келинчегинин көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Арадан үч күн өтпөй, бул жаш жигит автокырсыкка кабылат. Баса, жаны чыкканча өзүн машинанын астына кандайдыр бир чоң кара ит түртүп жибергендигин врачтарга айтып калууга үлгүрөт. Көрсө, жогорудагы үч бейкүнөө адамдын өлүмүнө баягы Джерри деген муунтулуп өлтүрүлгөн иттин арбагы себепкер экен. Демек, итти да кыйнабаш керек турбайбы.
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:13 » Билдирүү # 4
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Аял болуп көрүнгөн азгырык

.
Мен өзүм коммунистмин. Бир топ жылдар партиялык, советтик кызматтарда иштедим. Кудай бар деп айтайын деймин, бирок корком. Силерге калп, мага чын, эмесе өз башымдан өткөн окуяны айтып берейин. Анда Ата Мекендик согуш жылдары эле. Райондук аткаруу комитетинин төрагасы элем. Фронтко эт, май, жүн бериш керек. Бир күнү райком партиянын бюросунда ушул маселе талкууланып, мени Суусамырга чектеди. Ал кезде Суусамыр Жумгал районуна карачу. Кыштын күнү эле. Мен жакшы ат минип, жылуу кийинип, жолго камдандым. Суусамырга бара турганымды уккан бир тааныш карыя Суусамырдын бир жерин айтып, ошол жерде сак бол, коркунучтуу жер деди. Мен тапанчамды төш чөнтөккө салып, жөнөп кеттим. Ал кезде райондун жетекчилерине тапанча алып жүрүүгө уруксат берилген.Чаектен кечирээк чыгып калдым. Суусамырга жете электе түн кирип кетти, бирок ай жарык. Карагер атымды урдуруп келе жатам. Бир кезде атым тып токтоду. Көрсө, жолдун ортосунда 25-30 метрче алдыда жоолугун ылдый түшүргөн бир аял олтуруптур. Мага эскерткен коркунучтуу жер ушул эле. Тапанчамды колума алып "Эй катын, жолдон чык!" деп кыйкырдым. Ал аял шашпай ордунан туруп, акырын басып, жолдон бир аз четтеп барып кайра отурду. Мен жанынан өтүп баратып аялды үч жолу аттым. Артымды да караган жокмун. Айдын жарыгында чаап бара жатам. Бир маалда үйдүн жарыгы көрүндү. Үйгө жеткенде ат сийип жиберди. Мен эшикти койгулап, ачылганда кирсем абышка кемпири экөө эле экен. Ушул үйгө түнөп, эртеси атты токуюн десем, түндөгү ат сийген жер кан экен. Көрсө, ат түндө кан сийген турбайбы. Суусамырда бир ай жүрүп, эл аралап, эт, май, жүн чогултуу планын ашык аткардым. Ишимди бүтүрүп, Чаекке келгенден кийин ооруп калдым. Бир күнү түш ченде көзүм илинип кетиптир. Сестра келин ойготуп дары берди. Көзүмдү ачсам сестранын артында баягы түн ичинде жолдон көрүнгөн аялдын элеси көрүндү. Бети тырык. Мен атканда тийген көрүнөт. Сестра кетээр замат ал жоголду. Түштөн кийин ооруканага аялым келди. "Тапанчаны алып кел" дедим. Аялым жактырбай: "Ооруканада жаткан сага тапанчанын кереги эмне?" деди эле, ого бетер ачуум келип, тапанчаны сурап туруп алдым. Аялым тапанчаны тез эле алып келип берди. Жаздыгымдын алдына катып койдум. Дагы бир күнү көзүм илинип кетип, сестра дары бергени келгенде көзүмдү ачсам баягы бети тырык аял кайра турат. Сестраны мындай тур деп тапанчаны алып атсам "чык-чык" деп ок чыкпады. Көрсө, аялым тапанчаны октобой эле алып келиптир да. Ошондон кийин тигил бети тырык аял көрүнгөн жок. Мен да ооруман тез эле сакайып кеттим.

Нарын шаары
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:14 » Билдирүү # 5
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Асмандан түшкөн кара киши 
.
Бул окуя Тоо-Терек айылынын келини Алмаштын башынан өткөн. Күйөөсү аскерде болгондуктан, жаш келин ал тамда жалгыз жашачу. Бир күнү келин эшигин илип, айнектерин калап, уктап калат. Түн бир оокумда кайдан келгени белгисиз - бир Кара киши жанында жатат. Ойгонуп кеткен Алмаштын жүрөгү оозуна тыгылып, былк этпейт. Тиги аны атынан чакырат: "Алмаш, сен менден коркпо, экөөбүз мындан ары дайыма бирге болобуз, бирок эч кимге айтпа, мен дайыма түнкүсүн келем, сени кор кылбайм!" дейт дагы баягы Кара киши таңга маал чыгып кетет. Келин илбей калдымбы деп эшигин караса, илинүү. Алмаш колхоздун жумуштарына барып, тамеки парнигин даярдоодо иштеп жүрөт. Мурда шайыр, шайдоот, адамгерчиликтүү эле. Эми өз курдаштары менен сүйлөшпөй, өз алдынча башка бирөөлөр менен сүйлөшкөнсүп, күлүп жүрө берет. Аны көргөндөр жинди болуп калдыбы деп сөз кыла баштайт. Алмаш экинчи түнү Кара киши келип калбасын деп айнектерин, эшигин темир калкандап бекитип, уктай албай жатса, кайдан-жайдан алиги Кара киши келип, чечинип, келиндин койнуна кирет. Күндөр өтө берет, баягы Кара киши келе берет. Ага чейин Алмаштын көңүлүн тапкан колхоз жетекчиси бар эле. Ал Алмашка түн ичинде уурданып келчү. Бир түнү келсе, Алмаш ойношунун короосунун ичинен чоң кара дөбөт арылдап киргизбейт. Сан этин үзө тиштейт. Аңгыча Алмаш үйүнөн чыга калат. Башкарма таарынат: "Бул ит кайдан келген, мурда жок эле го. Мындай кабанаак итти байлап койбойсуңбу! " Алмаш короодо ит жогун айтат. Анан экөө таң калышып, тамды айланта карашып, итти чакырышса, жок, жымжырт. Ошондон кийин башкарма коркуп, Алмаштыкына барбай калат. Жай келип, тамеки үзүп-тизүү маалы болду. Алмаш бир күндө үч келиндин жумушун өзү жалгыз аткарып коет. Муну көргөн келиндер таң калышып, "колдоочусу бар" деп сөз кыла баштайт. Алмаш курбу- курдаштарына айтайын дейт, бирок Кара кишиден коркот. Бул окуяны Алмаш акыры апасына айтат. Апасы коркуп, кызын үйүнө көчүрүп келет. Баягы Кара киши дале келе берет. Бир түнү кызы коркуп, ата-энеси жаткан бөлмөгө жатат. Түн бир оокумда келин баягы Кара киши асмандан түшүп келе жатканын көрөт. Катуу чыңырып энесин ойготот. Алар карашса, Кара киши асманга жөргөмүштүн желесиндей тартынып өйдөгө чекит болуп кетип баратканын көрүшөт. Эртеси түлөө өткөрүшөт. Кызына дем салдырышат. Бирок, кызы молдодон жакшы болбой, акыл-эсин жоготуп көз жумат. Атасы кызымды көчүрбөй эле койсом болмок экен деп арманда жүрүп өтүптүр.

Кара Буура  району
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:15 » Билдирүү # 6
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Каражолтой үй
.
Карабуура районунун Аманбаев айылындагы Токтогул Бабанов көчөсүндө илгери орустун чиркөөсү жайгашкан экен. Коомчулукту атеизмге үндөп жүргөн убакта, 1937-жылдары ошол чиркөөнү буздурушуп, ордуна чоң универмаг салынган болчу. Кийинчерээк универмаг өзүнөн өзү урап түшкөндөн кийин, анын жанынан Койбагар аттуу киши келиштирип чоң үй салып жашай баштайт. Бирок ошол үйдө жашаган келинчеги Салкын эмнегедир көп ооруй берет. Күндөрдүн биринде анын көзүнө кадимки эле чиркөө кызматкери - поп көрүнөт. Жүрөгү түшкөн аялдын тынчы кетет. Коркконунан жана жакшы боло албаганынан улам алар үйүн сатып, Шекер айылына көчүп кетишет. Андан кийин тамды бардар чабандын баласы, Өскөн сатып алат. Жаңы үйдө жашагандан баштап эмнегедир анын да келинчеги Венера ооруй баштайт. Өзү мал кайтарып тоого кетип, үйдө көбүнчө келинчеги балдары менен калат. Үйүндө жалгыз отурса, башка бөлмөдөн кимдир-бирөөлөр жүргөнсүп, кандайдыр бир үндөр угулат. Шифоньердин ичи ачылып - жабылгандай дабыштар чыгат. Үйгө ууру кирген окшойт деп, келин коркконунан ордунан жылбай отура берет. Бир убакта баягы үндөр басылат. Ал үн басылгандан кийин дабыш чыккан бөлмөгө кирсе, буюмдардын бардыгы чачылбай өз ордунда турат. Эмне болгонун түшүнбөй да калат. Бул үйбүлөнү барган сайын кырсык баса берет. Венера катуу ооруп, операция болот. Ал күндөрдүн биринде уйду бададан тоскону барып, үйүнө кеч кайтат. Үйүнө келсе, үйдө калган беш баласы короодогу диванга тизилип жатып уктап калыптыр. Чарчап келгенге ал да балдарынын жанына жатып, уктап кетет. Уйку-соонун ортосунда мындай түш көрөт: Короо толгон ат дарбазадан бери карай секирип кире баштайт. Биринин артынан бири токтобойт. Маңдайында сакалы узун поп турган болот. Коркуп кетип эле ага тизелеп чокунуп кирет. Ошондо баягы жылкылар дарбазадан секирип, кете башташат. Чоңоюп калган кызына мени үйгө киргиз, ооруп жатам дейт. Кызы жетелеп үйгө киргизгенде эле босогодон эс-учун билбей жыгылып жатып калат. Кайната, кайненеси келип, ага дем салдырткандан кийин келин араң эсине келет. Ошол окуядан кийин ал келин күйөөсү менен ажырашып кетет да, беш баласын алып шаарга кетип калат. Ал эми күйөөсү да үйдү ээн таштап өзүнчө кетет. Ээн калган үйдү түрмөдөн жаңы чыккан, жашы элүүгө чамалап калган киши батирге алып жашап калат. Үйлөнүп, эркек балалуу болуп, сүйүнүчү көккө жетип турган күндөрдүн биринде эшиктен үйгө кирсе, поп сыяктуу бирөө баласын карап турганын көрөт да, эси чыгып кетет. Карып калганда ушул баламды көрдүм эле, баламды жөн коюп, андан көрө мени ал деп жиберет. Ошондон кийин көп өтпөй тиги киши каза болуп калат. Маркумдун келинчеги баласы менен башка жакка көчүп кетишет. Кара жолтой үй экенине карабай бул үйдү бир фотограф фотосалон кылам деп, сатып алат. Бир бөлмөсүн оңдоп - түзөп фотосалон кылат. Бир күнү бирөөнү сүрөткө тартып жатса, поп маңдайында турганын көрүп, жүрөгү түшкөнүнөн эс-учун билбей кулап түшөт. Эмне болсо ошол болсун деп, үйдү таштап көчүп кетишет. Ээн калган үйдү эл бузуп, курулуш материалдарынын баарын ташып кетишет. Ошондон кийин ал жерге эч ким үй салбай калат. Ушул убакка чейин ал жер дагы эле ээн турат. Көрсө, илгери бул жерге чиркөө кызматкери - поптун сөөгү коюлгон деген кептер айтылып жүрөт.
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:15 » Билдирүү # 7
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Көзүмө Көлдүн пири көрүнгөн
.
Бул окуя мындан он сегиз жыл мурда, союз убагында болгон эле. Көлгө эс алганы барып калдым. Кыргызчылыкка моюн сунуп жүргөн жаным, денемди көрсөтүп түшүүдөн айбыгып, далдоо жерге жашынып алып сууга түшөм. Ошол жакта эс алып жүргөн бир кыз денесине жара чыкканынан мага көрүнүп жүрдү. Жылдыз толгон убакта Көлдүн касиети өзгөчө болот. Мага көрүнүп жүргөн кызды асманда жылдыздар жымыңдап турган убакта, жара чыккан жерине көлдүн суусун тийгизип дарылайын дедим. Таңга маал жылдыз тарай электе кызды ээрчитип алып, көлдүн жээгине бармай болдук. Мен эс алып жүргөн пансионатта иштеген баланы бизди кайык менен суунун орто ченине алпар деп, алдын ала сүйлөшүп алып, көлдүн жээгине бардык. Айлана караңгы эле. Сууда жоондугу кант салган мүшөктөй болгон, узундугу 5-6 метрдей, тумшугу балыкка, башы адамга окшогон жандык турат. Жүрөгүбүз оозубузга тыгылып, эмне кылаар айлабызды таппай калдык. Бөтөнчө кайык айдаган баланын эси чыгып, кыйкырып жиберди. Кыйкырганда пайда жок, андан көрө Кудайга тобо кылалы деп, аны жооткоттум. Апапак болгон неме бир чакырымдай сүзүп барып, нары- бери бурулуп туруп, сууга эки-үч чумкуп алып, кайра сууга кирип, ошол бойдон көздөн кайым болду. Биз көргөн жандык суунун пири болот окшойт, эч кимге оозуңардан чыгарбай эле койгула дедим. Бул жандык жөн адамга көрүнө бербесин билдим. Ошол жактан атайы мал сойдуруп, куран окутуп койдум. Ушул окуядан кийин ишим оңоло баштады. Кандай гана оорулууларды көрбөйүн, алардын эмнеден жапа чегип жүргөнүн, канткенде ага шыпаа табылаарын билип турчу болдум. Мага ошондогу суунун пири өзүнүн ак батасын берип кеткен экен деп ойлоп калдым.
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:18 » Билдирүү # 8
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Өлүп тирилген келин
.

Талас жергесинин тургуну, жетимиш жашка таяп калган Жыпар эже өзүнүн башынан өткөн мындай окуяны айтып берген эле. Жыпар эже кичинесинде агасы экөө ата-энесинен жетим калып, балдар үйүнө жиберилген. Кичинесинен Жыпарды балдар үйүнөн балага зар болгон бирөөлөр багып алган экен. Бөтөн үйбүлөдө чоңойгону менен эч нерседен кем-карч болбоптур. Багып алган ата-энеси аны кирпигине чаң жугузбай өз кызындай кылып чоңойткон. Өзү асыранды кыз экенин билген эмес. Он сегизге чыкканда турмушка чыгат. Бир кыздуу болуп, кызы кичине чоңойгондо колхозго кирип иштеп калат. Иштеп жүргөн күндөрдүн биринде ойго келбеген окуяга кабылат. Күндөгүдөй эле иштеп жүргөндө түшкү тамакка үйүнө келип, чай кайнаганча жата турайын деп, ошол бойдон көзү илинип кетет. Уйку-соонун ортосунда жатканда кара кийиимчен бир киши аны жетелеп белгисиз жакка ээрчитип кетет. Аны ээрчип тепкич менен ылдый түшүп отуруп, тоннелге киришет, тоннель менен кетип баратып бир чоң бөлмөгө туш болушат. Биринин артынан бири тизилген көп эл кезекте турушуптур. Ак кийинген кишилер кезекке турган адамдарды бирден өткөрүп, сурак жүргүзүп жатыптыр. Ал да кезекке туруп, өзүнүн кезеги жеткенде кимдин кызысың, аты-жөнүң ким деп сурашат. Баланчанын кызымын дегенде, сен анын кызы эмессиң, эмне калп айтып жатасың дешет. Сенин атың баланча, атаңдын аты баланча деп айтышат. Ошондо өзүнүн чыныгы атын, баккан атасы эмес, тапкан атасынын атын ошол жерден билет. Сурак жүргүзүп жатканда мында күнөө жок, бул сетер күнөөлүү эмес экен дешет. Сетер деген сөздү ошол жактан биринчи жолу угат. "Муну эмне эрте алып келдиңер. Мунун жашай турган күнү бүтө элек. Жаңылып алып келген турбайсыңбы. Каяктан алып келсең, ошол жакка кайра жеткирип кой" деп кара кийинген кишиге кайрылат. Кетип баратып бейиштин төрүндөй бир жерди көрөт. Топтошуп алып ойноп жаткан наристелерди кезиктирет. Көрсө, булар бул дүйнөдөн эрте кеткен күнөөсүз наристелер экен. Бейиштин кооздугуна суктанып кетип бара жатып, шагы ийилген алма бактан үч алма уурдап алат. Бул жактагы мөмөнү жегенге укугуң жок деп, колундагы бир алманы тартып алышат. Койнунда калган эки алманы катып алып жөнөп кете берет. Кетип баратып тозокту да көрөт. Кыл көпүрөдөн өтүп баратып, откко жыгылып жаткан адамдарды көрүп, таң калат. Отко күйүп жаткан адамдарды иттер куйругун сууга малып кайра чыгарып айрымдарына чачып жатканын көрөт. Итти канчалык жакшы бакса, ал кийин тиги дүйнөдө тозок отунда күйүп жаткан суу чачып жардам берет экен дегенди Жыпар мурда уккан экен. Өзүн жетелеп кеткен кара кийимчен неме караңгы жерден чыгып, ачык жерге жетелеп келгенде эми өзүң кетип кал деп тааныш бир адамга кошуп жиберген экен.
Катуу уктап кеткен турбаймынбы, бир укмуш түш көрдүм деп ал эсине келет. Ошондо баягы Жыпардын "өлгөнүнө" эки күн болуп калыптыр. Жыйылган эл аны көмгөнү көрүстөнгө алып келип, коердо жакын кишиси акыркы жолу көрүп калайын деп бетин ачканда нары-бери кыймылдап "суу" деп жибериптир. Баягы киши "суу" деп жатат деп көрдүн ичинен бакырып чыгат. Чочулаган элдин баары кыйкырган бойдон качып кетишет. Мүрзөдө болгону молдо менен агасы калат. Молдо ошол жерден агасын жооткотуп, мындай нерселер боло берет, табыты менен алпарсак болбойт, андан көрө үйүңө барып кийиз алып кел дейт. Уйку-соонун ортосунда жаткан келинди кийизге ороп үйүнө алпарышат. Кандай кийинип жатса, ошондой кылып кайра кийинтип, ордуна жаткырып койгула деп молдо айтат. Ордуна жаткырып койгондон кийин молдо өзүнө келе албай жаткан келинден эмне сыр көрдүң, ошонун баарын айтып берчи дейт. Узак түш көрдүм деп көргөнүнүн бардыгын молдого айтып берет. Келиндин аман калганына сүйүнүшүп, мындан ары жакшылык болсун деп мал союп, азан чакырып, келинге кайра ат коет. Эл чакырып, эт тартылып, эттен калган сөөктөрдү чогултуп, бош калган көргө көмүп салышат.
Жыпар эже тиги дүйнөнү көргөндө үзүп алган үч алмасынын бирөөнү алып алышканы минтип эркек бала төрөп, аным чарчап калаарын билгизген турбайбы, бир арманым эркек балага жетпей калганым деп айтып калаар эле...
.
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:18 » Билдирүү # 9
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
ЭЭСИ - ЖАЛГЫЗ БУТ АЯЛ
.

Бишкек гуманитардык университетинин жатаканасында түн бир оокумда дайыма ары-бери басып жүргөн добуш чыгып турчу. Ээси - аял киши экен. Андай сөздөргө мурда көп деле маани берчү эмес элем. Бирок чоң энем: "Адам көп жердин ээси болот, бирок ал кишиге зыян кылбайт" деп калчу. Ошентип, 2-курстан 7-кичи райондогу жатаканада жашап калдым. Түн ортосунда ойгонсом бирөө суу алып бараткансып раковина шарылдап жатат. Бир түнү тынбай шарылдаганда туруп барсам эч ким жок. Крандан суу шарылдап агып жатат. Сууну токтотуп, кайра бөлмөгө келдим. Кирээрим менен суу кайра шарылдап ага баштады. Маңдайдагы туалетте бирөө бар го, колу-башын чайканып атабы деп тыңшап калдым. Суу токтобойт. Бөлмө эшигинен башымды чыгарсам эч ким жок. Жанымдагы Айгүлдү ойготуп "Жүрү, экөөбүз чыгалычы" десем, бырышып-тырышып, нааразыланып тургуча, залда бирөөнүн басып жүргөн добуш угулуп, дал биздин бөлмөнүн тушуна келип угулбай калды. Айгүл эшик тушка барып "Бул ким?" деп үнүн катуу чыгарып сурады. Жооп болгон жок. Ойгонгон кыздарда жан жок, бүрүшүп чогулуп калышты. Дабыш сырдуу угулду. Эшик тымтырс. Экинчи ирет "Бул ким, ия?" деп кыйкырганда тыкылдаган үн раковина жакка узагандай болду. Суу андан бетер күчөп ага баштады. Кыязы, дагы бир-эки раковинанын суусун агызды окшойт. Корккон кыздар таң атканча көз ирмеген жок. Эртеси бөлмөгө түнөгөндөн коркуп, кыздар ар кай туугандарынын үйүнө кетип калышты.
Бир ай өтпөй "жатакананын комендантынын көзүнө залда басып жүргөн жалгыз буттуу аял көрүнүптүр" деп чурулдап калышты. Ага чейин биздин айтканыбызды көбү этибарга алган эмес эле. Көрсө, комендант түнү кабаттарды кыдырып жүрсө, алдынан жалгыз буттуу аял чыгып, кайра тез бурулуп, жуунчу бөлмөгө кирип жок болуп кетиптир. Комендантыбыз жакасын карманып зирилдеп, студенттерден акча чогултуп, базардан кой алдырып союп, кан чыгарып, бата тиледик. Ошондон кийин ал аял түнүчүндө сууну агызбай калды. Азыр комендант да башка, студенттер да башка. Жатакананын "ээси" чочулаткан жокпу?..
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:18 » Билдирүү # 10
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ээсин издеген кол
.

Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу-кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча-мынча кишини басынтып да койчу.
Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак-шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш экен, бат эле узайт да, Мадали кайра ишине киришет. Бирок, алагүү кылган "ак молдо" аздык кылып, дасторкондо калган бир шише аракты жанына коюп алып, улам жүздөн ичип коюп иштеп жатып, кызып калат.
Электр тогу менен иштеген араа станогуна жыгач араалап жатып мас неме колун араага оңбогондой эле алдырып, кансырап кулайт. Аялы Гүлжамал колунун жарааты жедеп ырбап кеткенде гана күйөөсүн догдурга алып барат.
Врачтар консилиум жасап, устанын колун чыканагынан кесип салбаса аз өтпөй гангренага айланып кетерин белгилешип, аргасыз кол кесилип ыргытылат. Ооруканада жатканына бир ай чамалаганда Мадалинин түшүнө өзүнүн кесилген колу кирип, улам зекий берет: "Мадали, мен сени канча бактым, а сен болсо менин кадырыма жетпей, мас болуп кестирдиң! ". Эки-үч түн өтпөй ал кол түшүндө ээсин бетке чабат. Жарым ай өткөн тушта экөө түн ичинде кадимкидей салгылашып чыгышчу болду.
Ал үйүнө бир колу чыканагынан жок мунжу болуп чыгып барганда да кол анын артынан калбады. Дале түшүндө кыйнаганын койбой, атүгүл күчөттү. Мадали көп таяк жечү болду. Эртең менен чын эле бети-башы көгала болуп калмайы адатка айланып, ал жинди болуп кетпесем экен деп далбас уруп невропатологго көрүнсө, ал "түшүң - түлкүнүн куйругу, бар, бара бер, сопсоо элесиң" деп айдап чыгат.
Бир күнү баягы кесилген колу тикесинен муштум түйүп: "Мени догдурлар ыплас жерге ыргытып, көөмп коюшту. Тап. Таппасаң эми ийниме чейинкисин да алам. Чирийсиң! " дейт. Мадали: "Жок дегенде болжолдуу дайынын айт" десе, кол айтып берет.
Эртеси мунжу уста айыл молдосун, эки жигитти алып, түшүндө көргөн жол менен барып, таап, ырым-жырымын жасап көмүшөт. Ошондон кийин Мадалини кесилген колу кыйноого салбай, тынчып калат.
Аксаткын ДҮЙШӨМБҮ кызы, Базаркоргон району
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:18 » Билдирүү # 11
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Жайлоодогу сырдуу окуя
.

Бул окуя Аксы районуна караштуу "Баялы-Ата" айылынын "Сарыташ" жайлоосунда болуп өткөн. Жайлоо ыраак болгондуктан, жеңил автомобиль менен үйбүлөгө кошо, жаш Элвира аттуу 12 жаштагы кыз да жайлоону самап, эс алганы кошо барат.
Жайлоодогу ошол жай мезгилиндеги түнкү сырдуу окуяны алгач Элвира баамдап калат. Бул жөнүндө ал болгонун-болгондой мындайча айтып берди:
-Бул кечте жайлоого барган жеңил автомобилдин магнитофонун айдоочу машинаны токтоткондо кошо токтоткон. Күндөгүдөй каалгасын бекемдеп коет. Ошентип кечки тамакты ичип бир аз аркы-беркини жобурашкандан кийин, жай салынып, баарысы уйкуга көздөрүн ирмешет.
Элвира уйку-соонун ортосунда жатып, күндүзгү жагымдуу музыка кайрадан сыртта токтоп турган жеңил автомобилден чыга баштаганда, эки жагын караса айдоочу да баарысы уктап жатышканын көрүп таң калат да, айдоочуну ойготуп, "сиз магнитофонду өчүрдүңүз беле?" дегенде айдоочу чатырдан сыртты көздөй чыгып, ширеңкесин тамыза, машинанын кабинасын сырткы айнектен карап, таң кала эч ким жок, эшиги жабык, ичиндеги магнитофону ырдап жатканын өз көзү менен көргөндө эси ооп кала жаздайт. Мына ушундай сырдуу табышмактардын болуп келгенин "Сарыташ" жайлоосунда болгондор көп эле айтып жүрүшөт.
Элвира бул окуяны айтып берип бүткөндө, сен калп сүйлөп атсаң керек деп айтсам, ал мага таарынгансып, сизге кантип калп айтам, ишенбесеңиз бул окуя тууралуу айдоочудан да сураңыз деди.
Эркин БИЖАНОВ,
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:18 » Билдирүү # 12
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Ээси бар тоо
.

Мындан он жыл мурда 10-классты бүтүрүп жатканда беш бала тамак-аш, палатка алып тоого чыкканбыз. Жөө-жалаңдап араң тоого чыккан соң бир аз эс алып, тамакка тоюнуп алып, палатканы бир чоң арчанын жанына тигип койдук. Бизден бир кыр ары дагы бир чатыр тигилүү экен. Кызыгып барып, ал үйдөн кымыз ичип, ширеңке сурадык. Үйдүн ээси: "Чатырды кайда тиктиңер?" - дегенде бир кыр ылдый тиккенибизди айттык. Ал башын чайкап: - "Ал жерге бекер тиктиңер, биз жакка тиккиле" десе, биз кенебей койгонбуз. Анда карыя: "кечинде ал жерге от жакпагыла" деди.
Ошентип кеч кирди. Курсак ачты. Тамак бышырабыз деп от жактык. От бир аз жылгансыды эле "сүйрөбө! " деп бири-бирибиз менен урушуп жаттык. Эмне болуп жатасың, сүйрөгөн жокмун, өзүң түртпө! - деп кыжылдашып, жакалаша кеттик эле, тиги чын эле өзү тоону көздөй от кетип баратты. "Жардамга! " - деп Таланттын үнү угулду. Көрсө, Талантты кошо сүйрөп алган экен. Анын артынан жетип, эптеп күч менен тартып алдык, палаткага кийирсек ал кара терге түшүп, кыйналып, онтоп, башын көтөрө коюп, кайра бакырып жыгылат. Карай койсок киши көтөрүп бараткандай жаккан от ордунан кургак арчаны көздөй жылып баратыптыр. Ага чуркап барып эптеп өчүрдүк. Түнү менен таң аткыча тиги жыгылган балабыз менен алыштык. Эртең менен баягы кымыз ичип, ширеңке сурап кеткен абышкага барып сырын сурасак, ал бул жердин ээси бар экенин айтты.
Зарипа ТУРАТОТОВА
 
VIP » Offline » 14.03.2014 » 14:18 » Билдирүү # 13
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Күйөөмдү азыткы азгырып
.

Былтыр жайында, түн жарым ченде чогуу уйкуда элек. Эшик шарт ачылып, кайра жабылганынан чочуп ойгонуп кеттим. Жанымда жаткан күйөөм жок. Ошол замат жаман ой кетти: "Жеңелеринин бирине ниети бузулдубу?" деп кызганыч менен ыргып туруп, терезеден аны карадым. Күйөөм көйнөк-дамбалчан кетменин көтөрүп алып огороддун башына чуркап баратат. "Буга жин тийдиби?" деп ичимден сызып отурдум. Бир маалда үйгө келди да, кетменин ары ыргытып: "Ой жүзүкара, бетбак, амалданып азгырганын карачы!" - деп сүйлөнүп, мени бир тиктеп алып, төшөккө жыгылды.
- Не болуп кетти сага?
- Азыткы азгырды. Кудум сен болуп алып, үнүнүн окшошучу, сырттан кыйкырды: "Оо Алым, тез чык, огородду суу каптап баратат!" Анан сен экен деп чуркап чыкпадымбы, кетменимди сүйрөп. Бир карасам огороддун тиги башында турупсуң алдагы ак көйнөгүңдү желпилдетип, чуркап баратсам: "Каякка барат, бул жакка кел!" - дедиң. Чала көргөн экенмин деп ошол жакка чуркабадымбы. Энтеңдеп жетип барсам эч ким жок. Ошондо гана албарстыга азгырылып баратканымды сезип, өзүмө келип, үйгө келбедимби деп уктап кетти. Мен коркуп, араң таң атырдым. Эртең менен айтсам эч нерсе билбейм десе, андан бетер коркуп жүрдүм. Кийин аны бакшыга алып барып эмдетип оорусунан арылдык.
 
Admin_Site » Offline » 29.03.2014 » 14:17 » Билдирүү # 14
Супер_Админ
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 8
Репутация: 0
 
Форум » Оюн-Зоок » Эркин тема » Коркунучтуу окуялар
Страница 1 из 11
Поиск: