[ Новые сообщения · Участники · Правила форума · Поиск · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
Форум » Оюн-Зоок » Эркин тема » Суицид туура жолбу?
Суицид туура жолбу?
VIP » Offline » 18.04.2015 » 17:14 » Билдирүү # 1
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Дүйнө жүзүндө расмий статистика боюнча өзүнө өзү кол салып көз жумгандардын саны жылына 1 млн.100 миңди түзөт экен. Ал эми статистикага катталбаган маалыматка таянсак, өз жанын кыйган адамдардын саны жылына 4 млн. Алардын көбү дары-дармекти ашыкча ичкен, жолдогу кырсык, бийиктиктен жыгылуу ж.б.у.с. кокустуктан өлдү деп эсептелинет. Ал эми бир жылда 19 млн. адам өз жанын кыюуга аракет кылат, бирок анысы ишке ашпайт экен. 

Дүйнө жүзүндө өз жанын кыйган беш жаштан он тогуз жашка чейинки жаштардын саны 65%ды түзөт. Алардын 30%ы 14-24 жаштагылар, 6%ы эркек бала болсо, 10%ы кыздар. Адистердин айтымында, 90% өз жанын кыйган өспүрүмдөр өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн гана ушул аракетке барышат экен. 
Акыркы мезгилде Кыргызстанда да өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салуу фактылары көп кездешүүдө. Мисалы, 2008-жылы республика боюнча 72 өспүрүм өз жанын кыйса, 2009-жылы анын саны 76га жеткен, 2010-жылы 96, ал эми 2011-жылы 106, ал эми 2014- жылга келип олко боюнча 93 оспурум оз жанын кыйган. Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда эле 248 адам өз өмүрүн кыйганын, алардын 39у өспүрүмдөр экенин айтууда
 
VIP » Offline » 18.04.2015 » 17:16 » Билдирүү # 2
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000
Эмне учун оспурумдор арасында суицидке кабылгандар кобойуудо?
 
 
Психолог. Кенешпек Усупов «Агым» гезитине берген маегинде суисидке оспурумдорду туртуп жаткан маселерди айтып отту.
- Өз жанын кыйган өспүрүмдөр артында жеке трагедиясы, жашоосундагы катастрофа, эч жерден моралдык колдоо алалбаганда алардын аң-сезими акыры өлүм деген коркунучту жеңип чыгышат. Алардын 62%ы үй-бүлөлүк чыр-чатактан, чоңдордун ур-соккусунан, мугалимдердин урушунан, классташтарынын, досторунун кемсинтүүсүнөн тажап, айлана-чөйрөсүндөгү кайдыгерликтен чыгат.
Көпчүлүк өспүрүмдөр өзүнө көңүл бурдуруп, көйгөйүн ушундай жол менен чечип алууга аракеттенишет. Алардын көпчүлүгү өлүп калам же ден соолугума зыян келет деп ойлошпойт, болгону жанымдагыларды ушундай жол менен коркутам дешет. Мындай учурда алар кан тамырын кесишет, дары ичишет, муунгандай түр көрсөтүшөт.
Кээ бир өспүрүмдүн жандүйнөсү кыйналып суицидге барарда эмоциясын сыртка чыгарып, өлүп калам дегени менен кантип өлө турган так планы да жок болот. Алар асылып калат же уулуу нерселерди ичишет.
Ал эми чындап өлгүсү келген өспүрүмдөрдүн кулк мүнөзү башкача болот. Алар акырындап бардыгын пландашат. Туугандарына, жакындарына, досторуна кат жазып, өлүмүнүн себебин айтып, коштошушат. Булардын көпчүлүгү асылып же бийиктиктен секиришет. Негизи суицидге барган балдар бир эле күндө чечимге келбейт, алар жылдап, айлап, жумалап чогулган депрессиядан чыгат.
Суициддин биринчи баскычында өспүрүмдө өлүм жөнүндө ой боло баштайт. Аларда жетишкендик азайып, бир нерсеге болгон кызыгуу жоголуп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт, кыжыры бат келип, мүнөзү туруксуз болот. Көпчүлүк учурда алар ушундай жашоодон тажадым, уктаган боюнча турбай калсам деп жашоодогу көйгөйдү өлүмгө алмаштыргысы келет. Ар бир өзүнө кол салган адам өзү өлгөндөн кийин айланасындагылардын ага карата абалын көргүсү келет. Мындай кадамга барган өспүрүм айланасындагыларга көйгөйүн кыйытып айтат. Бирок аны түшүнүп, уга турган адамдар тилекке каршы боло бербейт. Экинчи баскычында өспүрүм өлө турган убакытты, орунду, ыкманы пландап коет. Ал эми үчүнчү баскычында ал адам буга сөзсүз аракет жасайт, аны ишке ашырууга чечим чыгарат.
Суицид кээ бир адамдарда өнөкөт оору сыяктуу аң-сезиминде өмүр бою калыптанып калат.
Негизи өмүрүнө кол салып өлбөй калган өспүрүмдү жакшы колдоого алып дарылатпаса арадан үч-төрт ай өткөндө ал экинчи жолу аракет кылышы ыктымал. Ошондуктан мындай балдарга өзгөчө аяр мамиле жасоо шарт.
Өспүрүмдөр өз жанын аргасыздан кыят, ошол учурда өлүмдөн аман калууга үмүттөнүшөт. Көпчүлүгү өздөрүнө кол салганда аны тезирээк таап ала тургандай көрүнүктүү жерде, же үйүндө чак түштө жасашат. Алар өлүп баратканда кимдир бирөө жардамга келет деп үмүттөнүшөт. Бирок, тилекке каршы чечиле турган көйгөйдү биротоло өлүм менен чечип, ага эч ким жардамга келбей калганын өздөрү да аңдабай калат. Суицидге каршы факторлордун бири анын жакындарына, туугандарына болгон сүйүүсү, бирөөгө милдеткерлиги, өзүнүн ден соолугунан чочулоо, айланасындагы адамдардын ал өлгөндөн кийинки ушак сөздөрү, жашоодогу жетпей калган нерселери, үй-бүлөсүндөгү чечилелек пландары жана жашоого болгон кызыгуусу жогоруласа өмүрүн кыюудан баш тартат. Суицидди болтурбай алдын алууга болот. Эң негизгиси, ага кам көргөн, аны сүйгөн, уга билген, түшүнгөн адамдар айланасында болуусу шарт.

Оз өмүрүн кыйган балдардын 70-78 пайызы жакшы жашаган, жакшы окуган, толук кандуу үй-бүлөнүн балдары
 
-Өз жанын кыйган балдар көчөдө калган кароосуз балдар эмес. Демек, балдар өлүмүнүн көбөйүп жатышынын себебин - социалдык, экономикалык абал менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Мисалы, өз өмүрүн кыйган балдардын 70-78 пайызы жакшы жашаган, жакшы окуган, толук кандуу үй-бүлөнүн балдары. Балдардын өлүмүнө социалдык абал же рэкетчилик гана себеп болбостон, коомчулукта болуп жаткан өзгөрүүлөр да себеп болуп жатат. Алсак, өз жанын кыйган балдардын саны революция учурунда көбөйүп кетет. Бир-эки жыл өткөн соң кайра азайып калганы байкалат. Мындай иштерди такыр болтурбоо үчүн социалдык жактан окутуучу педагогдор талап кылынат.
 
VIP » Offline » 18.04.2015 » 17:17 » Билдирүү # 3
ELARI
Тайпасы: Администраторы
Билдирүүлөрү: 88
Репутация: 1000


Жашообуз кандай гана шан- шоокотторго бай, ошол эле учурда кырсык да алыс эмес. Оз чегинде ойноп кулуу жакшы, бирок ал чегинен ашкан учурда ойго келбеген иштер болуп кетиши мумкун. Атракциондук парктарда жашоого коопту болгон оюндарды ойноо, унааны ылдам айдоо менен шалакы мамиле жасоо, жырткыч жаныбарлар менен ойношу жана бийиктиктен секируу сыяктуу оюн курман болууда озу озун олтуруу болуп эсептелинет.
Жшаоо адамга бир келет, кантип жашоо, кандай кадамга баруу баары озубуздун колубузда..
 
 
Суицидке баруу туура жолбу?
Озунузго кол салууга аракетендиниз беле же ошол боюнча ойлодунуз беле?
 Суициддин озгочо оспурумдор арасында озуп жаткандыгын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
Озу озуно колсалууну коом ичинде кантип алыдн алууга болот?

Маалымат булагы.
 
Форум » Оюн-Зоок » Эркин тема » Суицид туура жолбу?
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск: