8
Главная » Элдик ырлар

Асман, Ай, жылдыз бүткөндө,
Улангансың, дүнүйө.
Жер титиреп бүткөндө,
Куралгансың, дүнүйө.
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараттың, дүнүйө.

Кемтиги жок эч жерде,
Куп жараттың, дүнүйө.
Аял менен эркекти,
Жуп жараттың, дүнүйө.
Адамзаттын ичинде,
Кут жараттың, дүнүйө!

Жан-жаныбар, бүлөнү,
Бүт жараттың, дүнүйө.
Көбөйттүрүп ар жакка,
Шүк тараттың дүнүйө.

Булбул менен чымчыкты,
Бакта кылдың, дүнүйө.
Баардагы пашааны,
Такта кылдың, дүнүйө.

Аркар менен кийикти,
Ташта кылдың, дүнүйө.
Жетип алар ажалды,
Башта кылдың, дүнүйө.
Бир-бирине окшотпой,
Башка кылдың, дүнүйө.
Эки беттин албырган,
Нурун алдың, дүнүйө,
Атасынан баласын,
Мурун алдың, дүнүй ... Читать дальше »

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 902 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Күн жайылып келгенде:
Күңгүрөнүп күч алып,
Күмүш комуз күү чалып.
Аркыраган күч алып,
Алтын комуз күү чалып.
Күн келбетин бетине,
Жаркыратып түшүрүп.
Чаңкап келген мал, жанга,
Тартынбастан ичирип.

Күмүштөй болуп жалтылдап,
Берекесин арттырып,
Ийип берген балкылдап!..
Бири консо, бири учуп,
Бири кетсе, бири келип.
Эки жагын карашып,
Канаттарын тарашып.
Мукам-мукам сайрашып,
Бутагында жарашып.
Уядагы күтүшкөн,
Балапанга суу берип.
Кужурашып отуруп,
Коркунуч болсо дуу кетип,
Куштар келген аккан суу!..

Куйрук жалы бир карыш,
Кулан келген аккан суу.
Аягы жок, колу жок,
Жылан келген аккан суу!
Чымын менен чиркейи,
Буда келген аккан суу.
Бөгөнөгү, бүргөсү,
Жуда келген аккан суу.
Ийнелиги, көгөөнү,
... Читать дальше »

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 1225 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)


Жер титиреп бүткөндө,
Көктөн иман толкуп түшкөндө.
Жылдыз көккө толгондо,
Дүнүйө пинаа болгондо.
Ай асмандан букканда,
Күн кызарьш чыкканда,
Адам-Ата, Обо-эне,
Оозунан чыккан лапеси,
Кудайга дайын болгондо,
Суу атасы Сулайман,
Жардам сурап кудайдан
Суу бергин деп муңайган.
Кудурети кудайдын,
Кубат берип түбөлүк,
Орун берди бу жайдан.
Ошондо он сегиз Ааламдан,
Коркуп чыккан аккан суу.
Жер жүзүнө чайпалып,
Толкуп чыккан аккан суу!..
Жети кабат Жер астын,
Жарып чыккан аккан суу.
Жер, Ааламдын баарысын,
Багып чыккан аккан суу.
Алты кабат Жер астын,
Атып чыккан аккан суу.
Адам-Ата, Обону,
Багып чыккан аккан суу.
Ала-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Алтын канат жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.

Кара-Тоонун боорунан,
... Читать дальше »

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 1308 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)