8
Главная » Кыргыздын улуу инсандары

Саякбай Каралаев улуу манасчы,жомокчу болгон. (1894-1971-жж.)

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7- сентябрында туулган. 1917-жылы Кыз ... Читать дальше »
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 7775 | Добавил: VIP | Дата: 21.02.2014 | Комментарии (0)

Салиева Уркуя 1910-жылы азыркы Ноокат районунун Мүркүт кыштагында туулган. Совет бийлигин чындоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү.Тап душмандарынын колунан курман болгон. Бишкек жана ... Читать дальше »

Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 6709 | Добавил: VIP | Дата: 21.02.2014 | Комментарии (0)

Курманжан Датка - Маматбай кызы 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулуп,1907–жылы каза болгон. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу катары «Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү. 1932-жылы Курманжан 21 жашында Баргы уруусунун бийи Алымбек Датка менен кокусунан жолугуп,көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап,5 балалуу болгон. Курманжан Датка Алымбек Датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлеке ... Читать дальше »

Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 4635 | Добавил: VIP | Дата: 21.02.2014 | Комментарии (0)

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 3184 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Зуура Сооронбаева 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Ак-суу районундагы Жолколот айылында жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык ишти "Ысык-Көл правдасы" гезитинде журналист болуп баштаган. Жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, КРнын Эл жазуучусу.  1943-1979-жылдары "Ысык-Көл правдасы" гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Чыгармачылык жолун 1947-жылы "Корей кызына" деген ырын облустук гезитке жарыялоо менен баштаган. "Чоочун киши", "Астра гүлү" аттуу чыгармалары эл арасына кеңири жайылган. Каракол шаарынын ардактуу тургуну. Республикасынын м ... Читать дальше »
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 2517 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Исхак Раззакович Раззаков (25 октябрь 1910, Хоросан Бокса айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педагогикалык техникумун (1931 ж.), Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.). 1945-1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.
1945 – 61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды ... Читать дальше »
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 2922 | Добавил: VIP | Дата: 02.02.2014 | Комментарии (0)

Алыкул Осмонов - Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы т ... Читать дальше »
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 4103 | Добавил: VIP | Дата: 31.01.2014 | Комментарии (0)