![]() |
|
ӨКМ 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болоорун эскертет. Мезгил-мезгили менен нөшөрлөп жаан жаап, аба-ырайы өзгөрүп турат. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда кар түшүүсү ыктымал. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18°, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы —2 градустан +3 градуска чейин жылуу болот. |
Жекшемби күнү эртең менен ири жол кырсыгынан кыргызстандык 14 адам курман болуп, бир тобу күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт. Кырсык Жамбыл облусуна караштуу Моюнкум аймагында Алматы — Екатеринбург унаа жолунун 487-чакырымында болгон. «Газель-2705» жүк машинасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кичиавтобус кагышып кеткен.
|
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүндүгүн экономист Кубанычбек Идинов Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Өткөн жумадан баштап доллардын курсу төмөндөп баштаган. Анын курсу 3-4 сомго чейин түшүп кетти. Учурда коммерциялык банктар бир АКШ долларын 59 сомдон сатып алып, 61 сомдон сатууда. Акча алмаштыруу жайлары долларды 59 сомдон алып, 59,6 сомдон сатып жатышат. Идиновдун айтымында, акыркы убакта орус рублинин күчтөнүшү АКШ долларынын арзандашын шарттап жатат. "Кыргызстан бул статистикадан түздөн-т ... Толугу менен окуу » |
Жогорку Кеңештин депутаттары Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына кайрылганын парламенттин маалымат кызматы билдирди. КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев жетектеген делегация Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жазгы сессиясына катышууда. Жыйында депутат Каныбек Иманалиев сүйлөп, апрель окуяларына туура беш жыл толгонун эске салды. ... Толугу менен окуу » |